Борбор калаанын тургундары үчүн Акысыз юридикалык жардам борбору ачылды

2021-ж., 22-April

Бишкек, 22-апрель – Бүгүн Кыргызстандын борбор калаасында БУУнун Өнүктүрүү Программасынын техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Акысыз юридикалык жардам борбору (АЮЖБ) ачылды. АЮЖБ дареги: Жибек-Жолу проспекти 381 – Ибраимов көч 152, 1-кабат (КТБ). 

Акысыз юридикалык жардам борборлордун негизги максаттары – бул калктын аярлуу катмарынын укуктук жактан корголушунун деңгээлин жогорулатуу, укуктук агартуу, укуктук жактан маалымдоо, калктын аярлуу катмарынын сот адилеттигине жеткиликтүлүгүн камсыздоо, жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга кол кабыш кылуу, айрым категориядагы жарандардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдарды алуу укугун камсыз кылуу үчүн акысыз юридикалык жардам берүү. Акысыз юридикалык жардам укуктук кеңеш берүү жана юридикалык маселелер боюнча оозеки кеңеш берүү жолу менен маалымдоо, ошондой эле, документтер долбоорун түзүү боюнча жардам берүү формасында көрсөтүлөт.

2016-2021-жылдар аралыгында БУУӨПтүн колдоосу менен өлкө боюнча 16 АЮЖБ ачылды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жарандарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттары түзүлүп, жабдылган ушундай 31 АЮЖБ бар. Консультациялар түзүлгөн графикке ылайык, МКЮЖ тутумуна кирген квалификациялуу юристтер жана адвокаттар тарабынан жүргүзүлөт.

Борборлордун ачылышы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын «Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун алкагындагы кызматташтыктын натыйжасында мүмкүн болду. Долбоор Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланууда.

Долбоор тууралуу:

  • “Тилектештик автобусу” демилгесинин жардамы менен миңдеген адамдар өз укуктары жөнүндө биле алышты жана негизинен укуктук маалымат айыл жергесинде жашагандар үчүн жеткиликтүү болуп калды. Бул демилге акыйкаттык темасында орун алган эл аралык форумдарда да тартууланып, новатордук жана майнаптуу саамалык катары белгиленди;
  • Жүздөгөн мамлекеттик кызматкерлер жана юристтер укук үстөмдүгү жана акыйкаттык системасын тийиштүү түрдө ишке ашыруунун негизинде калкка кызмат көрсөтүүнүн муктаждыктарга жооп бере ала турган деңгээлге чыгаруу тууралуу маалымат алышты.

Фотолорду алуу үчүн шилтеме: https://flic.kr/s/aHsmVnbzTx

***
Медиа үчүн байланыш:
Нуржан Алымканова
коммуникациялар боюнча адис

0555068833

nurzhan.alymkanova@undp.org