Эксперттик жолугушуу Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактарына болгон даярдыгын баалайт

2021-ж., 15-April

Бишкек ­– 15-апрель, 2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен, эксперттердин катышуусунда Кыргызстандагы энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүүнүн негизги көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн, жана жаңылануучу энергия жаатында долбоорлорду ишке ашыруу келечегин талкуулоо максаты менен биринчи консультативдик жолугушуу болуп өттү.

Учурда Кыргызстан парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана 2050-жылга чейин глобалдык жылуулукту 1,5 ℃ төмөн кармоого кошкон салымынын бир бөлүгү катары Улуттук деңгээлде аныкталган салымдарын (УДАС) жаңыртууда. УДАСты жаңыртуу кийинки айда жыйынтыкталат жана ушул жылдын аягында Глазго шаарында Тараптардын Конференциясынын 26-сессиясында талкуулоо үчүн колдонула турган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын (UNFCCC) Париж макулдашуусунун алкагында өлкөнүн сүйлөшүүлөрү үчүн негиз болуп берет.

Кыргызстандын ЭКБге даярдыгын баалоо, ресурстук потенциалын баалоону (күн фотоэлектрдик энергиясы жана шамал энергиясы), ошондой эле инвестицияларды көбөйтүү үчүн негиз катары ЭКБны максаттуу потенциалды түзүүнү аныктайт жана изилдейт. Бул иш-чаралар ЭКБны киргизүүгө Кыргызстандагы шарттардын ылайыктуулугу жөнүндө маанилүү маалыматтарды берет жана ошондой эле УДАСты жаңыртуу процессине маанилүү салым кошот.

Expert Consultation Workshop on Renewables Readiness Assessment Kyrgyzstan was held online. Photo: UNDP Kyrgyzstan

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Нурдин Кожогулов мырза өзүнүн саламдашуу сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү - бул улуттук экономиканын энергетикалык кубаттуулуктарга болгон ички муктаждыктарын жабуунун келечектүү булагы катары Кыргыз Республикасынын электроэнергетика тармагын өнүктүрүүнүн стратегиялык маанилүү багыттарынын бири. Учурдагы энергетикалык саясат кийинки бир нече он жылдыкта атмосферага парник газдарынын чыгуусу жок, энергиянын кайра жаралуучу булактарына негизделген энергетикалык тутумга багытталууга тийиш. Ушул максаттарды жана милдеттенмелерди эске алуу менен 2030-жылга чейин энергетика тармагын өнүгүшү Туруктуу Өнүгүү Максаттары менен УДАСтын ортосундагы байланышты эске алуу менен туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылышы керек».

Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтууда ЭКБнин ролу – четке кагылгыс чындык. Казылып алынган отунга болгон көз карандылык, натыйжасыз жана эскирген көмүр менен иштөөчү электр станциялары – бул энергетика тармагынын парник газдарынын глобалдык эмиссиясындагы чоң үлүшүнүн негизги себептеринин бири. Бул глобалдык температуранын жогорулашына гана алып келбестен, абанын сапатына жана адамдардын ден-соолугуна олуттуу таасир этет. Ошентип, ЭКБге өтүү климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимин ишке ашырууда, ошондой эле Туруктуу Өнүгүү Максаттарына жетишүүдө олуттуу жылыштарга өбөлгө түзөт.

БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Луиза Чэмберлейн айым Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча милдеттенмелеринин контекстинде ЭКБнин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Эң негизгиси, кайра жаралуучу энергияны пайдаланууну тездете турган саясатты жана стимулдарды колдонуу, энергияны үнөмдөө жана Кыргызстанды Борбор Азияда “жашыл лидерге” айланта турган башка иш-чаралар аркылуу Кыргызстандын эмиссиясыз өлкө болуу мүмкүнчүлүгү чоң. Биз өкмөт жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен биргеликте экономиканы экологиялык жактан таза, аз көмүртектүү жана климатка туруктуу өнүгүүгө айлантуу боюнча чечимдерди издөөнү улантабыз».

Photos of speakers during the online consultation session. Photo: UNDP Kyrgyzstan

IRENAнын өлкөлөр менен өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча директору Гурбуз Гөнүл мырза белгилегендей: «Кыргызстандын ЭКБны өнүктүрүүгө даярдыгын баалоо – бул көптөгөн кызыкдар тараптардын катышуусу менен, өлкөнүн мүмкүнчүлүктү бекемдөө аракеттерин колдоо максатында иштелип чыккан инклюзивдүү консультациялык процесс. Бүгүнкү жолугушуу ЭКБге байланыштуу бир катар консультативдик семинарлардын биринчиси болуп, жаңылануучу энергия тармагына байланыштуу орчундуу жана актуалдуу маселелердин деталдуу тизмесин түзүп, ошону менен энергиянын кайра жаралуучу булактарына инвестиция тартууга көмөктөшүүчү институционалдык, саясаттык жана ченемдик укуктук базаны түзүү боюнча негизги чараларды аныктоо максаты менен болуп өттү. Ошондой эле, бул жолугушуу улуттук кызыкдар тараптар үчүн климатка жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн аракеттерин тездетүү үчүн бекем негиз болуп берет».

Талкуу жүрүшүндө жолугушуунун катышуучулары ЭКБ инфраструктурасын өнүктүрүү, ЭКБ жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү жана ЭКБни өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуунун финансылык механизмдери боюнча сунуштарын беришти.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө ЭКБни өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар, ашыкча энергия тутумунун чектелген кубаттуулугу, энергияны үнөмдөөчү технологиялардын жетишсиздиги, Кыргызстандын ЭКБ рыногунун бир катар сегменттеринде улуттук компаниялардын компетенттүүлүгүнүн жетишсиздиги айтылып кетти.

***

Париж келишими (https://unfccc.int/process-and-meetings/the-paris-agreement/the-paris-agreement) климаттын өзгөрүшү боюнча юридикалык жактан милдеттүү эл аралык келишим болуп саналат. Ал 196 Тараптар тарабынан 2015-жылдын 12-декабрында Париждеги COP 21де кабыл алынып, 2016-жылдын 4-ноябрында күчүнө кирген. Анын максаты – глобалдык жылуулукту индустрияга чейинки деңгээлге салыштырмалуу 2 °С төмөн, болжол менен 1,5 °С чейин чектөө.

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттык өзгөрүүлөр боюнча алкактык конвенциясынын (UNFCCC) Париж макулдашуусунун алкагында өлкөлөр тарабынан сунушталган Улуттук деңгээлде аныкталган салымдар (УДАС) климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча милдеттенмелер болуп саналат, Алар глобалдык жылуулукту 2 °С төмөндөп, 1,5 °С чейин төмөндөтүүгө багытталган. УДАСтар ар бир өлкөнүн абага зыяндуу заттардын бөлүнүшүн азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирине адаптация боюнча аракеттерин камтыйт.

UNDP Climate Promise: https://unfccc.int/process-and-meetings/the-paris-agreement/the-paris-agreement