Кыргызстандагы БУУӨП санарип туруктуулукту колдойт

2021-ж., 28-April

Тегерек стол Кыргызстандагы санариптик туруктуулукка жетүү жолдору, мамлекеттик сектордун санариптик платформалары үчүн туруктуулук, ишкердүүлүктүн үзгүлтүксүздүгү, маалыматты коргоонун эл аралык тажрыйбалары жана кибер коопсуздук сыяктуу темаларда эркин пикир алмашуу жана коомдук талкуу аянтчасы болду.

Бишкек / 28-апрель – Бүгүн, «Интернет саясаты боюнча жарандык демилге» коомдук фонду БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен уюштурган «Санариптик туруктуулук: Кыргыз Республикасынын санариптик трансформация контекстинде коопсуз санариптик экосистеманы сактоо стратегиясы» деген темада тегерек стол форматындагы коомдук талкуу болуп өттү.

Санариптик трансформацияны мамлекеттик башкаруу жана экономикага деңгээлинде жүргүзүү контекстинде, санариптик туруктуулук санариптик күн тартибинде борбордук ролду ойнойт. Эске алуучу үч негизги компонент бар: киберкоопсуздук, бизнестин үзгүлтүксүздүгү жана маалыматтарды башкаруу, жана жеке жашоонун купуялуулугу. Ушуну эске алуу менен, тегерек столдо коомдук фонддор, мамлекеттик ишканалар, санариптик тобокелдиктер жана туруктуулук боюнча консультация берүүчү фирмалар жана бизнес-консультация жаатындагы өкүлдөр сыяктуу профессионалдык чөйрөнүн спикерлери чогулду.

Тегерек стол Кыргызстандагы санариптик туруктуулукка жетүү жолдору, мамлекеттик сектордун санариптик платформалары үчүн туруктуулук, ишкердүүлүктүн үзгүлтүксүздүгү, маалыматты коргоонун эл аралык тажрыйбалары жана кибер коопсуздук сыяктуу темаларда эркин пикир алмашуу жана коомдук талкуу аянтчасы болду.

Эркин Касыбеков, Старший советник Постоянного представителя ПРООН в Кыргызской Республике сообщил

БУУӨПтүн КРдагы туруктуу өкүлүнүн ага кеңешчиси Эркин Касыбеков: «Акыркы 2 жылда БУУнун Өнүктүрүү программасы БУУнун Тынчтык Фонду тарабынан каржыланган тынчтыкты орнотуу программасынын алкагында Кыргыз Өкмөтүнө, анын ичинде кибер туруктуулукту чыңдоого көмөктөшүп келе жатат. Бул багыт алгач интернет мейкиндигинде зомбулуктуу идеологиялардын жайылышын алдын алууга жана жарандардын санарип укуктары менн эркиндиктерин коргоого багытталган Интернет-саясат боюнча жарандык демилге менен биргеликте ишке ашырылууда. Бирок, иштин жүрүшүндө, санариптик мейкиндиктин ар тараптуу корголушун камсыздоо максатында, зомбулуктуу идеологиялардын алдын алуу жана жарандардын санариптик укуктарын коргоо маселелери санариптик туруктуулукту камсыздоо менен чогу мамлекеттеги санарип укуктарды, жеке маалыматтар жана маалыматтык инфраструктураны коргоо, анын ичинде жеке жана өкмөттүк эмес мекемелерди киберчабуулдардан, киберкылмыштардан, кибер коркутуулардан жана башка мыйзамсыз аракеттерден  сактоо чогу, комплекстүү каралышы керек экендиги белгилүү болду. Ошентип, бүгүнкү күндө талкууланып жаткан жетишилген натыйжалар зомбулуктуу идеологиялардын алдын алуу менен гана чектелбестен, кеңири маанидеги санариптик туруктуулукту камсыз кылууга да арналат» - деп билдирди.

«Интернет саясаты боюнча жарандык демилге» коомдук фондунун директору Татту Мамбеталиева

Жыйынтыгында, «Интернет саясаты боюнча жарандык демилге» коомдук фондунун директору Татту Мамбеталиева Кыргызстанда санариптик туруктуулукка жетишүү үчүн төмөнкү кадамдар жасалышы керектигин белгиледи: мыйзамдардагы боштуктарды жоюу, маалыматтарды коргоо боюнча көз карандысыз агенттик түзүү, санариптик туруктуулук боюнча Улуттук оперативдик борборду түзүү, Интернетке жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу.

Иш-чара БУУнун Тынчтык Куруу Фондуну каржылоосундагы «Зобмулуктуу экстремизмди болтурбоо үчүн инклюзивдүү башкаруу жана сот адилеттигинин тутуму» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

***

Медиага байланыш:

Нуржан Алымканова

Коммуникациялар боюнча адис

nurzhan.alymkanova@undp.org

0555068833