ДАТА-ЛАБ «Климаттын өзгөрүүсү: цифралар жана мааниси»

2021-ж., 16-April

ДАТА-ЛАБ «Климаттын өзгөрүүсү: цифралар жана мааниси»/Photo: UNDP Kyrgyzstan

Бишкек, Кыргызстан – 2021 жылдын 12-14 апрель күндөрү жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү “Климаттын өзгөрүүсү: цифралар жана мааниси” аттуу ДАТА-ЛАБга катышат.

Лабораториянын максаты - климаттын өзгөрүшү боюнча көйгөйлөр, климаттын коопсуздугун камсыздоо маселелери, ошондой эле климаттын өзгөрүүсү боюнча БУУнун СОР26 конференциясына карата журналисттердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу. Катышуучулар   климаттын өзгөрүшү боюнча маалыматтык массивди практикалык колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө түшүнүккө ээ болуп, окурмандын кабыл алуусу үчүн  маалыматты жеткирүү форма, форматтардын түшүнүктүү жана кызыктуу натыйжалуу жолдору менен таанышат.

Температуранын жогорулашы, ысык мезгилдин узарышы, кургакчылык жана жаан-чачындын көбөйүшү - мунун бардыгы климаттын өзгөрүүсүнүн кесепети, бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкы бул  процесстер жана анын кесепеттери жөнүндө билиши керек. Жалпыга маалымдоо каражаттары менен жарандык коом климаттын өзгөрүүсүн цифра жана фактылар түрүндө, айрыкча мындай мазмундагы маалымат жетишпеген жергиликтүү деңгээлде, билдирип туруучу роль ойнойт. Ушуга байланыштуу, бул тренинг аймактык маалымдоо каражаттарына жана өкмөттүк эмес уюмдарга да багытталган.

Дата-лабдын алкагында 26 ЖМКнын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү «Климаттын өзгөрүүсү эмне себептен болуп жатат жана мындан ары эмне болот?», «Маалыматтар эмнеден кабар берет жана аларды кантип жеткирүү керек?», «Маалыматтын  негизинде жаңылыкты кандайча түзүү зарыл?» деген суроолорго жооп алышат, ошондой эле практикалык сессияда климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу контент түзүп, мерчемдей алышат жана машыктыруучулар катышуучулардын болочок басылмаларына климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу багыттоочу көрсөтмөлөрдү беришет.

“Климаттын өзгөрүүсү: цифралар жана мааниси” аттуу ДАТА-ЛАБ Улуу Британия тарабынан каржыланган ПРООНдун Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда ишке ашырылып жаткан “Борбордук Азиядагы климаттык коопсуздукту сактоо боюнча саясий иш-аракеттер" долбоорунун алкагында өтүп жатат.

Бул долбоор климаттык саясат жана климаттын эффективдүү  дипломатиясы боюнча аймактык кызматташууга, ар бир өлкөнүн парник газдарынын чыгындыларын кыскартууда илимий негизделген милдеттемелерине жараша өз климатынын абалын позициялоого, ошондой эле БУУнун Алкактык Конвенциясынын тараптарынын  26- Конференциясына катышуучу улуттук делегациялардын сүйлөшүү көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатууга салымын кошот.

Климаттын өзгөрүүсү боюнча БУУнун Конференциясынын 26-сессиясы ушул жылдын 1-12 ноябрында Улуу Британиянын Глазго шаарында өтөт. Бул конференция бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүүсү боюнча БУУнун Алкактын конвенциясынын (БУУ КӨАК) жана Киото протоколунун (КП), Париж келишиминин (ПК) жоболорун ишке ашыруучу сүйлөшүүлөр процессинин жогорку органы болуп эсептелет.  

Онлайн тренингге байланыштуу бардык суроолор жана башка маалыматтар боюнча Пакиза Шириновага pakiza.shirinova@undp.org электрондук дареги аркылуу байланышыңыз.