Кочкор районунда жаштар борбору ачылды

2021-ж., 17-March

Теңдик айылындагы жаштар борборун ачуу салтанатындагы кызыл тасма кесүү учуру

Бишкек / 2021-жылдын 17-марты – Кечээ, Нарын облусундагы Кочкор районунун Теңдик айылында Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлигинин жана БУУнун өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) өкүлдөрүнүн катышуусунда жаштар борборунун салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү.

Бул борбор – коомдун социалдык-экономикалык жана коомдук турмушуна жаштарды кеңири тартуу максатында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлигинин жана тиешелүү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен тыгыз кызматташуу аркылуу Япония өкмөтүнүн каржылоосунда БУУӨПтүн колдоосу астында ачылган 10 борбордун бири.

Жаштар борборлорунда жергиликтүү жаштардын демилгелүү топтору иштеп, алар жаштарды өнүктүрүү боюнча жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен жергиликтүү жаштардын биргеликте иштеп чыккан пландарын иш жүзүнө ашырууга колдоо көрсөтүшмөкчү. Демилгелүү жаштардын топтору облустагы приоритеттүү жаштар саясатынын максаттарын ишке ашырууда жергиликтүү өзүн башкаруу органдары менен жаштардын алакасын камсыздайт деп күтүлүүдө.

«Жаштар борборлорун түзүү Кыргыз Республикасынын жаштар саясатынын артыкчылыктарына туура келет. Ачылган жаштар борборлору жаштар менен дагы да тыгыз иштешүүгө, алардын жергиликтүү деңгээлде туруктуу жана бейпил өнүгүшүнө жөлөк деп үмүт кылабыз», - деп билдирди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрдин орун басары Токтоналиев Самат.

Япониянын КРдагы элчилигинин өкүлү Минори Шимидзу айым жана Кыргыз Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ашимбаев Сабыркул

«Япония өкмөтү Борбор Азиядык төрт өлкөгө жергиликтүү жамааттардын туруктуулугу жана зомбулуктуу идеологиялар менен тажрыйбалардын таркашына каршы чараларга 6,4 млн АКШ долларын, анын ичинде  БУУӨП аркылуу  Кыргыз Республикасында 1,3 млн АКШ долларын жумшады. Бул борбордун ачылышы жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга, коомдун жашоосуна жигердүү катышуусуна тирек болоруна үмүт артам», - деп Япониянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси МАЭДА Сигеки жиберген куттук сөзүндө билдирди.

“Япония өкмөтү тарабынан каржыланган долбоор мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана жаштар борборлорун ачуу, жумуш орундарын түзүү, өнүгүү боюнча биргелешкен пландарын ишке ашыруу сыяктуу социалдык жана экономикалык жагымдуу мүмүнчүлүктөрдүү түзүү аркылуу жаштардын жергиликтүү коомдун өнүгүүсүнө каттышуусуна багытталган. Бул жаштарга өзүн өзү көрсөтүүсүнө жана өз айылынын туруктуу өнүгүшүнө катышуусуна мүмкүнчүлүк берет”, - деп БУУӨПтүн туруктуу өкүлүнүн орун басары Томица Паович түшүндүрүп өттү.

Кыргыз Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ашимбаев Сабыркул облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын ичинде, жаштарга  өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга шарт түзгөгнү үчүн, орчундуу салымын кошуп жаткан эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын билдирди.

Жаштар борборлорун түзүү Япония өкмөтү тарабынан каржыланган «Борбор Азиядагы зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу боюнча жергиликтүү жамааттардын туруктуулугун жана аймактык кызматташтыгын бекемдетүү» аймактык долбоорунун алкагында демилгеленген.

Фото шилтеме боюнча: https://flic.kr/s/aHsmUS2AQe

Медиа үчүн байланыш:

Нуржан Алымканова

Коммуникациялар боюнча адис

nurzhan.alymkanova@undp.org

0555068833

Жаштар борборлорунда жергиликтүү жаштардын демилгелүү топтору иштеп, алар жаштарды өнүктүрүү боюнча жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен жергиликтүү жаштардын биргеликте иштеп чыккан пландарын иш жүзүнө ашырууга колдоо көрсөтүшмөкчү.