БУУӨП, COVID-19 пандемиясына карабастан, кургак учукту жок кылуу боюнча аракеттерин эки эсе күчөтөт

2021-ж., 24-March

Пандемиянын бардык мезгилинде, кургак учукка каршы ооруканалар жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери БУУнун Өнүктүрүү программасынын жардамы менен COVID-19 ыкчам механизми аркылуу СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык Фонддун каржылык колдоосу менен COVID-19ка каршы күрөшүүгө мобилизацияланган. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / ПРООН Кыргызстан

24-мартта Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү белгиленип, бул бизге дүйнө жүзү боюнча кургак учукка каршы күрөшүү зарылчылыгы жөнүндө эскертет. «Убакыт өтүп жатат» деп аталган бул жылдын урааны бизге эпидемиянын масштабдарын көрсөтөт: бүгүнкү күндө кургак учук дүйнө жүзү боюнча өлүмгө алып келген эң коркунучтуу жугуштуу оору болуп саналып, андан жыл сайын 1,4 миллион адам каза болуп (2019-жылдагы маалымат), ар бир 2 мүнөт сайын бир наристе каза табат. Бул сандар COVID-19 пандемиясынын айынан уламдан-улам начарлап бара жаткандыктан, кургак учукка каршы күрөшүүнү жаңылоо абдан маанилүү.

COVID-19 дарыга туруктуу кургак учуктун (ДТ-КУ) саны жогору болгон 30 өлкөнүн арасына кирген Кыргызстанда кургак учукка каршы күрөшүү программаларын абдан оорлоштурду. 2020-жылы кургак учуктун катталган учурларынын саны 30%га азайган (2020-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин 3814 учур, 2019-жылдын ошол эле мезгилиндеги 5361 учурга салыштырмалуу), жана илимий божомолдорго ылайык, бул кошумча өлүм учурларына алып келет.

БУУӨП өзүнүн СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасында АИЖВди жана кургак учукту натыйжалуу көзөмөлдөө» долбоорунун алкагында, COVID-19дун кургак учукка каршы күрөшүү боюнча программаларына жана алардын бенефициарларына тийгизген таасирин минимумга түшүрүү боюнча аракеттерин эки эсе күчөттү.

БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата өз билдирүүсүндө мындай дейт:

«СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд ийкемдүү колдоону жана чоң кошумча каржылоону сунуштап, БУУӨПкө Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тутумун жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча кызматын колдоого көмөк көрсөттү. Биздин АИЖВ жана кургак учук боюнча БУУӨП командабыз глобалдык тартыштыкка, камылгалардын жетишсиздигине, чек аралардын жабылышына жана көптөгөн башка оор логистикалык көйгөйлөргө карабастан, кызматтык милдеттеринин чегинен чыгып, кургак учук жана АИЖВ боюнча программаларды колдоо үчүн, маанилүү дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды өз убагында жеткирип жатат.»

Бишкек шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборуна рентген аппаратын даярдоо. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / ПРООН Кыргызстан

Пандемия учурунда кургак учукка каршы ооруканалар жана медицина кызматкерлери COVID-19га каршы күрөшүүгө мобилизацияланган. БУУӨП, СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун каржылык колдоосу менен, өзүнүн ыкчам реакция кылуу механизминин алкагында, улуттук өнөктөштөрү менен бирдикте кургак учук менен ооруган бейтаптарды тынымсыз тейлөөнү камсыздоо үчүн альтернативдүү ресурстарга кайрылган. Буга КУ менен ооруган бейтаптар үчүн кошумча кейс-менеджерлерди тартуу, видео көзөмөл алдында дарылануу, мобилдүү бригадалар жана бейтаптарга да, медицина кызматкерлерине да психологиялык колдоо көрсөтүү кирген. Мындан тышкары, COVID-19дун алдын алуу, аны диагноздоо жана дарылоо үчүн медициналык жабдулар жана тесттер менен камсыздоо, кургак учук жана COVID-19 менен ооругандар үчүн Ош жана Нарын шаарларынын ооруканаларында 17 изолятор куруу, муктаж бейтаптарга азык-түлүк топтомдорун таратуу, жана COVID-19 кызыл зоналарында иштеп жаткан КУ кызматтарынын медицина кызматкерлерине 14 күндүк обсервацияларды уюштуруу камтылган.

Бул жылы жакшы жетишкендиктер да болду. Улуттук фтизиатрия программасы бул кризистүү жылы чоң ийгиликтерге жетишти. БУУӨПтүн Улуттук фтизиатрия борборун координация, дараметти өнүктүрүү, мониторинг жана адвокация жаатында үзгүлтүксүз колдоосунун аркасы менен экинчи катардагы препараттарга сезгичтик тестирлөөсүнөн өткөн дарыга туруктуу кургак учук менен ооруган бейтаптардын үлүшү 2020-жылы 77%га чейин өстү (2019-ж. 66%га жана 2018-ж. 52%га караганда), бул дарыгерлерге бейтаптарга эң натыйжалуу дарылоону белгилеп, аларга айыгууга болушунча мүмкүнчүлүк берет. БУУӨП / ГФнын долбоору тарабынан каржыланган какырык ташуу боюнча кызматтар өзгөчө абал учурунда, зарыл болгон уруксаттарды алуу үчүн, бир аптага гана токтотулган. Долбоордун командасынын үзгүлтүксүз аракеттери, глобалдык жетишсиздикке, сатып алуулар үчүн жолтоолорго жана жабык чек араларга карабастан, кургак учукка каршы препараттарды өз убагында жеткирүүгө кепилдик берүүгө жарам берди.

Дарыгер бейтапты медициналык кароодон өткөрүп жатат. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / ПРООН Кыргызстан

2020-жылы дарыга туруктуу кургак учук менен ооруган 1000ден ашык бейтап БУУӨП / Глобалдык фонддун долбоорунан ай сайын төлөнүүчү мотивациялык төлөмдөрдү алышкан, жана алардын ичинен 890 адам жеке жардам алып, 84 бейтап дарыланууну токтотпоого ынанып, 14 адам дарыланууга же медициналык көзөмөл алдында болууга кайтып келишкен. Учурларды активдүү аныктоону каржылык колдоону көбөйтүү дагы 108 кургак учук менен ооруу учурун аныктоого мүмкүнчүлүк берди. Долбоор тарабынан каржыланган компьютердик томография 51 жаш балада кургак учкту диагноздоого жардам берди.

Бул жылы да кайрадан кургак учукка каршы күрөшүү менен «убакыт өтүп жатат». COVID-19 пандемиясына карабастан, кургак учук артыкчылыкта болушу керек; анан да, кургак учук мурдагыдан  көбүрөөк көңүл бурууну жана каржылоону талап кылат. 2021-жылдын Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата БУУӨП / Глобалдык фонддун долбоору брошюраларды таратуу, транспаранттарды илүү жана кургак учукка арналган телевизиондук берүүлөрдү уюштуруу менен кабардар болууну жогорулатуу боюнча улуттук кампанияга өз салымын кошуп жатат.

Акыркы жылдары Кыргызстан чоң ийгиликтерге жетишти, анын ичинде дарыга туруктуу кургак учукту дарылоо үчүн жаңы, натыйжалуураак дарыларды киргизүү, лабораторияларды жана дарылоо протоколдорун дүйнөлүк стандарттарга ылайык келтирүү, ошондой эле кеңири ДТ-КУ менен ооруган бейтаптарды ийгиликтүү дарылоонун өсүшү (2016-ж. дарыланып баштаган бейтаптар арасында 15,2%дан, 2018-жылы дарыланууга келген бейтаптардын арасында 52%га чейин). Азыркы учурда бул ийгиликтерди мындан кийинки натыйжасыздыктардан сактап, 2030-жылга чейин кургак учукту жок кылуу боюнча аракеттерди көбөйтүү абдан маанилүү.

ЖМК үчүн байланыш:

Айнагуль Абрахманова

ainagul.abdrakhmanova@undp.org

+996 770 183 493