Уран калдыктарынын жанында жашаган кыргызстандыктар жашоо сапатын жогорулатуу максатында чакан гранттарга арыз бере алышат

2021-ж., 12-March

Фото: БУУӨП Кыргызстан.

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы «Борбор Азиядагы Уран калдыктары жайына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө кызыккан тараптарды тартуу долбоору, II Фаза», Европа Бирлиги тарабынан каржыланып, уран калдыктары сакталган жайларга байланыштуу жергиликтүү жааматтардагы уюмдар үчүн чакан гранттык сынактын экинчи туру башталды.

Ушуга байланыштуу БУУӨПтүн кызматкерлери 2021-жылдын 24-февралдан тартып 5-мартка чейин тандалган жааматтарда тренингдерди өткөрүштү, анда 62 бейөкмөт уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери чакан гранттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн идеяларды иштеп чыгуу жана арыздарды даярдоо боюнча маалыматты өздөштүрүштү.

Тренингде катышуучулар фокус-группаларда иштешти, көйгөйдү туура түзүүнү үйрөнүштү, көйгөйлөрдүн ортосунда себептик байланыштарды орнотуп, көйгөй дарагын курушту, аларды максат дарагына айландырды жана  логикалык диаграмма матрицассын иштеп чыгышты.

Майлуу-Суу шаарынын катышуучусу Адина Сагындыкова: «көйгөйлөрдү көрүп, аларды чечүү жолдорун туураа белгилөөгө жардам бере турган өтө пайдалуу тренинг. Мага фокус-топтордогу практикалык тапшырмалар абдан жакты, бул көйгөйдү талдоону тез түшүнүүгө жардам берди. Чакан грант алууга арыз даярдоо үчүн зарыл болгон негизги билимди алдым», деп белгилеп өттү.

Тренингдин катышуучулары жаңы алган билимдерди чакан гранттык долбоорду ишке ашыруу боюнча сынактын экиничи туруна катышуу үчүн арыз даярдоодо колдоно алышат.

Ушул долбоордун алкагында чакан гранттык долбоорлорду ишке ашыруу максаты пилоттук жааматтардын Майлуу-Суу, Мин-Куш, Каджи-Сай, Орловка, Ак-Тюз, Сумсар жана Шекафтар турмушунун социалдык-экономикалык жана экологиялык аспектилерине уран калдыктарынын терс таасирин азайтуу, өтө жакырчылык табигый кырсыктардын, уран чыккан жерлердин таасири жана чакан гранттар программасынын иш-чараларын жүзөгө ашырууга коомчулуктун биргелешип кызыгуусу боюнча Стратегиялык башкы планда камтылган.

Чакан гранттардын сынагы март айынын аягына чейин уланууда. Арыз тууралуу кененирээк маалыматты бул шилтеме аркылуу тапса болот.