26 ЖОЖдун студенттери ТӨМдөрдүн эң маанилүүсү катары сапаттуу билимди тандап алышты

2021-ж., 31-March

Жалпысынан, моделдештирилиген шайлоого колледж жана университеттерден 2684 студент катышты. Сүрөт: Рустем Илиасов / БУУӨП Кыргызстан

Борбордук шайлоо комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги биргелешип студенттер үчүн кызыгууну арттыруу жана шайлоо процессин түшүндүрүү үчүн шайлоону моделдешитрүүнү уюштурушту.

Кечээ, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жана Швейцария менен Япониянын каржылоосу алдында, БУУӨП жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен өлкөнүн 26 колледжиндеги 2684 студентке жаштардын шайлоо процесстерине катышууга кызыгуусун жогорулатуу жана шайлоочу катары практикалык билимин өркүндөтүү, ошондой эле БУУ тарабынан кабыл алынган Туруктуу Өнүгүү Максаттары менен тааныштыруу үчүн шайлоого машыктыруу өткөрдү.  

Шайлоо бир эле мезгилде Кыргызстандын 26 колледжинде, анын ичинде Ош шаарында өттү. Сүрөт: Үмөтбай уулу Дастан / БУУӨП Кыргызстан

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын дээрлик 33% 18ден 30 жашка чейинки жаштар, ошол эле жаштардын 40% га жакыны шайлоого катышпайт. Жаштардын шайлоого болгон кызыгуусун арттыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы БУУӨП жана ЮНИСЕФтин, ошондой эле Швейцария менен Япониянын өкмөттөрүнүн биргелешкен колдоосу менен шайлоону моделдеширүүнү уюштурду.

Моделдештирүү учурунда студенттер туруктуу өнүгүүнүн 17 максатынын ичинен бирин тандашат. 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган жергиликтүү шайлоолордун алдында мектептерде шайлоого машыктырууну уюштуруу - бул жаштарга добуш берүү кандайча болоорун көрсөтүү жана бардык шаймандарды сынап көрүп, өздөрүн биринчи жолу шайлоочу катары туюшуна мүмкүнчүлүк берет. ЮНИСЕФтин 70тен ашык ыктыярчылары шайлоону моделдештирүүнү уюштуруучулук жагынан жардам көрсөтүштү.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова студенттер менен. Сүрөт: Рустем Илиасов / БУУӨП Кыргызстан

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында: «Жаштардын шайлоого активдүү катышуусу өтө маанилүү, анткени жаштар өлкөнүн өнүгүшүндө чоң ролду ойношот, дал ушул жаштар Кыргызстандын келечеги. Ошондуктан, жаштардын добуш берүүгө активдүү катышуусу, добуш берүү процедуралары, шайлоо процесси жөнүндө өздөрүнүн билимдерин тереңдетүүсү, алардын кийин акылы менен эркин жана жоопкерчиликтүү тандоо жасашын шарттайт”.

Жаштардын добуш берүүсү үчүн теманы тандоосу жөн жерден болгон жок. Дүйнө лидерлери тарабынан 2015-жылдын сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун тарыхый саммитинде кабыл алынган 2030-жылга чейинки аралыктагы Туруктуу Өнүгүүнүн тармактарынын күн тартибинде баяндалган боюнча, 2016-жылдын 1-январынан баштап, Туруктуу Өнүгүүнүн тармактарынын (ТӨР) 17 максаты күчүнө кирген.

Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин миссиясынын башчысынын орун басары Анн Мулен айым өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгилеп өттү:

«Жарандык билим берүү демократиянын өнүгүшүндө абдан маанилүү ролду ойнойт, анткени ал билим берүү менен чектелбестен, мамлекеттин демократиялык өнүгүүсү үчүн баалуулуктарды калыптандырууга шарт түзөт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эрте добуш берүү мамлекеттин саясий жашоосуна активдүү катышууга шарт түзөт».

Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин миссия башчысынын орун басары Энн Мулен. Сүрөт: Рустем Илиасов / БУУӨП Кыргызстан

«Демократия жана ошондой эле демократия менен кепилденген эркиндик жана укуктар өз алдынча берилбейт жана туруктуу болот. Алар элдин тынымсыз аракети менен негизделип, таза шайлоо өткөрүү элдин талабынын негизгилеринин бири. Ошондуктан, сиздерден сураныч, демократия камсыз кылган эркиндиктер жана укуктар коомду өркүндөтүү үчүн колдонулушу керек. Демократиялык коомдун мүчөсү катары, сиздерди дебютуңуз болуп жаткан бүгүнкү шайлоону моделдештирүү күнүңүздөр менен куттуктайм жана Кыргызстанда демократиялык туруктуу өнүгүүдө ийгиктерди каалайм», - деди Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Атташеси, Япониянын элчиси Сигэки Маэданын атынан катышуучуларга кайрылып жатып Минори Симидзу айым.

Минори Шимизу, Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин атташеси. Сүрөт: Рустем Илиасов / БУУӨП Кыргызстан

«Жаштардын туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө катышуусу абдан маанилүү жана биз үчүн БУУда жаштардын бул максаттарды билиши, алардын баалуулугун кабыл алышы жана аларга жетүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашырууда активдүү катышуусу өзгөчө маанилүү. Бүгүнкү моделдөө бир жагынан, жаштарды туруктуу өнүгүүнүн максаттары менен тааныштырууга, экинчи жагынан, шайлоо участкасында чыныгы шайлоо кандай өтүп жаткандыгын көрсөтүп, жаштарды жигердүү жаш шайлоочу болууга үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк берет», - деди БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен айым. 

Луиз Чемберлен, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү. Сүрөт: Рустем Илиасов / БУУӨП Кыргызстан

Өз кезегинде ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Башчысы Кристин Жольм: «Бул машыгуу ЮНИСЕФтин ыктыярчылары болгон жаштарга өздөрүн шайлоонун уюштуруучулары катары сынап көрүүгө, лидерлик сапаттарын даңазалоого жана теңтуштарына өздөрүн шайлоочу катары көрсөтүүгө жардам берди. Бул иш-чараны социалдык медиа аркылуу чагылдырууда ыктыярчылар чечүүчү ролду ойногондугу өзгөчө кубандырат, анын негизинде республиканын бардык аймактарындагы балдарга башка колледждерде добуш берүүгө байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү жана ошондой эле туруктуу өнүгүү максаттары боюнча теңме-тең принциптер аркылуу агартуучу иштерди жүргүзүүгө негиз болду”, - деп айтты.

Кристин Жольм, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү. Сүрөт: Рустем Илиасов / БУУӨП Кыргызстан

Моделдештирилген шайлоодон алынган сүрөттөр

Сүрөт: Рустем Илиасов, Үмөтбай уулу Дастан / БУУӨП Кыргызстан