Хакатондун жеӊүүчүлөрү аныкталды: жамааттык өнүгүү үчүн үч санарип чечим

2021-ж., 17-March

Хакатондун жеңүүчүлөрү болуп Semantir, Ilgeri жана Ashar App командалары аныкталды.

13-14-мартта, Бишкек шаарында БУУӨПтүн Акселератор лабораториясынын #ӨзЖамаатыңдыӨнүктүр онлайн хакатону болуп өтүп, анын алкагында жамаатты өнүктүрүүгө багытталган үч санарип чечим колдоого алынды. Бул демилге БУУӨПтүн Акселератор лабораториясы жана БУУӨПтүн “Кыргыз Республикасында санарип экономиканын шартында жаштарды жумуш менен камсыз кылуу үчүн санариптик жөндөмдөр жана мүмкүнчүлүктөр” долбоору Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.

Эки күндүк хакатондун жыйынтыгында 36 команданын ичинен 16сы питчингге - инновациялык идеялардын презентациясына тандалды. Питчингдин жыйынтыгы боюнча, калыстар тобу 5 мүнөттүк презентация учурунда өзгөчөлөнгөн мыкты 3 команданы тандап алышты.

SEMANTIR - тексттерди, билдирүүлөрдү жана каттарды жазууга жардам бере турган ишкерлер жана чыгармачыл экономиканын өкүлдөрү үчүн маркетингдик жардамчы.

1-орун - SEMANTIR – ишкерлер үчүн маркетинг боюнча жардамчысы

Биринчи орун SEMANTIR долбооруна берилди – бул ишкерлер жана чыгармачыл экономиканын өкүлдөрү үчүн маркетинг жардамчысы болуп эсептелип, англис жана орус тилдеринде тексттерди, билдирүүлөрдү жана каттарды жазууга жардам берет. SEMANTIR жасалма интеллекттин негизинде жасалган, ал жарандарга жана ишкерлердин жамааттарына өз өнүмдөрүн онлайн сатуу аркылуу жайылтууга даяр.

Маркетинг жардамчысы идеясынын авторлору 125,000 сом сыйлык алышты.

Келечекте ILGERI шаар менен байланышкан демилгелерди биргелешип пландаштыруу, түзүү жана ишке ашыруу аянтчасы болуп калышы мүмкүн

2-орун - ILGERI мультимедиа платформасы

 

Заманбап технологиялардын, чыгармачыл чечимдердин жана көркөм өнөрдүн жардамы менен Кыргызстандын улуттук маданиятын, мурасын, тарыхын, материалдык жана материалдык эмес мурастарын жайылтуучу үч тилдүү платформа. Иштеп чыгуучулар QR-коддорун, AR, аудиогиддерди, видеолорду жана геймификацияны колдонуу менен адамдарды ар кандай тармактардагы окуялар жана фактылар менен тааныштырууну пландаштырууда.

ILGERI долбоорун ишке ашыруу үчүн жеңүүчүлөргө 75,000 сом өлчөмүндөгү сыйлык тапшырылды.

Ashar App командасынын эң башкы максаты - кыргыз тилин колдонуп, IT адистерин бириктирүү жана аларга краудсорсинг механизми аркылуу IT коомчулугун курууга жардам берүү.

3-орун - Ashar App платформасы

Ashar App -  бул технологиялык терминдердин кыргыз тилине котормосун жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан платформа. Авторлор белгилегендей, колдонмонун колдонуучулары башкалардан котормо сурап, бир колдонмонун мыкты варианттары боюнча добуш бере алышат. Иштеп чыгуучулар коммерциялык котормолорду алууну пландаштырып, ал аркылуу долбоордун туруктуулугун камсыз кылышат.

Бул идеяны ишке ашыруу үчүн Ashar App командасы 50,000 сомдук сертификатка ээ болду.

Баалоо тобу IT эксперттеринен жана БУУӨПтүн өкүлүнөн турду. Сүрөт: Асем Мукеева / БУУӨП Кыргызстан

Идеялар 4 критерий боюнча бааланды:

1. Оригиналдуулук - Идея канчалык деӊгээлде чыгармачыл жана уникалдуу?

2. Социалдык актуалдуулук - Идея жамааттардын кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына канчалык деӊгээлде жооп берет?

3. Максатка ылайыктуулук - идеяны ишке ашыруу канчалык деӊгээлде реалдуу?

4. Технология - Сунуш кылынган чечим канчалык деңгээлде жаңы технологияларды колдонот (тиркемелер, оюндар, краудсорсинг, краудфандинг жана башкалар).

Команданын презентациялары бул жерде.

БУУӨПтүн Акселератор Лабораториялары жөнүндө

Акселератор лабораториялары Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын демилгеси менен Катар Өнүктүрүү Фонду жана Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлиги менен биргеликте ишке киргизилген. Акселератор лабораториялары 21-кылымда туруктуу өнүгүүнү элестетип, иш жүзүндө түшүнүк түзүү үчүн жергиликтүү инновацияларды колдонууга багытталган. Акселератор лабораториясынын Тармагы бул 116 өлкөдөгү 92 Акселератор Лабораториялар, анын ичинде Кыргыз Республикасында жаңы ачылган лабораторияны камтыган эң ири жана тез өнүгүп келе жаткан билим жана өнүгүү тармагы.

Дүйнөлүк билим тармагынын мүчөсү катары, 2020-жылдын аягында БУУӨПтүн ички каржылоосу менен ачылган Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Акселераторлор лабораториясы, өлкөбүздүн өнүгүү көйгөйлөрүн талдоодон келип чыккан ачылыштары жана идеялары менен үзгүлтүксүз бөлүшүп турат.

 

Медиа байланыштар:

Чынтемир Калбаев,

Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Байланыш боюнча жардамчысы

+996775767605

chyntemir.kalbaev@undp.org

Иш-чарадан көз ирмемдер

Some snapshots from the event

Сүрөттөр: Асем Мукеева жана Асипа Алтымышева / БУУӨП Кыргызстан