БУУӨП #ӨзЖамаатыңдыӨнүктүр Хакатонунун алкагында инновациялык идеяларды колдойт

2021-ж., 3-March

Иллюстрация: БУУӨП Кыргызстан

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Акселераторлор Лабораториясы онлайн режиминде #ӨзЖамаатыңдыӨнүктүр хакатонун уюштуруп, IT жаатындагы адистерди, өнүгүү боюнча эксперттерди, жарандык коомду жана новаторлорду өз коомчулугунун өнүгүүсү үчүн идеяларын ишке ашырууга колдоо көрсөтөт. Иш-чара 2021-жылдын 10-марттан 14-мартына чейин болот.

Бул демилге БУУӨПтүн Кыргызстандагы Акселератор Лабораториясы менен жана Россия Федерациясынын тарабынан каржыланган БУУӨПтүн "Кыргыз Республикасында санарип экономиканын шартында жаштарды жумуш менен камсыз кылуу үчүн санариптик жөндөмдөр жана мүмкүнчүлүктөр" долбоорунун менен алкагында ишке ашырылууда.

Хакатондун милдеттери - адамдардын биргелешип иштөөсүн биргелешкен пландаштыруу, ресурстарды мобилизациялоо, долбоорлорду ишке ашыруу, жамааттарды өнүктүрүүгө багытталган. Хакатондун жалпы байге фонду 250 000 сомду түзөт, ал үч жеңүүчүгө бөлүштүрүлөт жана андан ары ишке ашырууга жумшай алышат.

Ошондой эле, мыкты долбоорлор БУУӨП тарабынан өз идеяларын жакшыраак жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтык колдоо алышат. Мындан тышкары, БУУӨПтүн Акселераторлор лабораториясы жеңүүчүлөр менен мындан ары кызматташуу мүмкүнчүлүгүн караштырат.

Иш-чара Акселератор лабораториясынын "Жамааттардын өнүгүүсүнө жарандардын катышуусун кеңейтүү" онлайн-семинарларынан жана идеяларды ишке ашыруу этабынан турат. Семинарларда катышуучулар өлкөнүн аймактарындагы көйгөйлөрдүн контексттери жөнүндө көбүрөөк билишет жана ар кандай тармактын адистери менен ачык талкуулар аркылуу мүмкүн болгон чечимдердин идеялары менен шыктандырышат. Онлайн семинарлар 2021-жылдын 10-11-мартында өткөрүлөт.

Катталуу жана семинардын программасы бул жерде.

Иллюстрация: БУУӨП Кыргызстан

Иш-чаранын экинчи бөлүгү идеяларды жаратуу баскычы менен уланып, катышуучулар 48 саат бою жамааттардын өнүгүшүнө салым кошкон технологиялык чечимдердин үстүндө иштешет. Хакатон катышуучулардын идеяларын сунуштоо жана жеңүүчүлөрдү тандоо менен аяктайт.

Катышуу үчүн командалык жана жеке арыздар кабыл алынат. Катышуучулар өзүлөрүнүн идеяларын, концепциясын далилдөө, минималдуу жашоо өнүмүн, ошондой эле андан ары иштеп чыгууну талап кылган иштеп жаткан долбоорлорун тапшыра алышат.

Каттоо формасы жана Хакатон программасы бул жерде.

БУУӨПтүн Акселератор Лабораториялары жөнүндө

Акселератор лабораториялары Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын демилгеси менен Катар Өнүктүрүү Фонду жана Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлиги менен биргеликте ишке киргизилген. Акселератор лабораториялары 21-кылымда туруктуу өнүгүүнү элестетип, иш жүзүндө түшүнүк түзүү үчүн жергиликтүү инновацияларды колдонууга багытталган. Акселератор Лабораториясынын Тармагы бул 116 өлкөдөгү 92 Акселератор Лабораториялар, анын ичинде Кыргыз Республикасында жаңы ачылган лабораторияны камтыган эң ири жана тез өнүгүп келе жаткан билим жана өнүгүү тармагы.

Дүйнөлүк билим тармагынын мүчөсү катары, 2020-жылдын аягында БУУӨПтүн ички каржылоосу менен ачылган Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Акселераторлор Лабораториясы, өлкөбүздүн өнүгүү көйгөйлөрүн талдоодон келип чыккан ачылыштары жана идеялары менен үзгүлтүксүз бөлүшүп турат.

Медиа байланыштар:

Чынтемир Калбаев,

Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Байланыш боюнча жардамчысы

+996775767605

chyntemir.kalbaev@undp.org