Кыргызстанда жумуш жана адистерди табуу боюнча мобилдик тиркемени ишке киргизүү пландалып жатат

2021-ж., 4-February

Жумуш издѳѳ – бардык мезгилдеги актуалдуу тема. Ал эми кризис учурунда – ѳзгѳчѳ актуалдуулукка ээ болот. Коронавирус инфекциясынын жайылышы жана карантиндик чаралар дүйнѳ жүзү боюнча жумуш берүүчүлѳрдүн шаштысын кетирип, жүз миӊдеген жарандар, алардын ичинде мигранттар дагы ишсиз калды. 2020-жылы  Кыргызстанда кызматтык кыскартуулардын саны бир нече эсе кѳбѳйдү. Азия ѳнүктүрүү банкы (АѲБ), Бириккен Улуттар Уюмунун Ѳнүктүрүү программасы (БУУѲП) жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдѳѳ институту биргелешип даярдаган «Кыргыз Республикасында COVID-19: Социалдык-экономикалык кырдаалга жана аялуулукка тийгизген таасирге баа берүү жана жооп иретиндеги саясий чаралар» аттуу отчётто берилген маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандагы жумушсуздуктун деӊгээли 21%га жетиши мүмкүн.  

COVID-19 жол ачкан кризиске жооп катары, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ колдоо кѳрсѳтүү боюнча милдеттердин кеӊири спектринин алкагында  БУУ Ѳнүктүрүү программасы саламаттыкты сактоо системасын чыӊдоо жана COVID-19 инфекциясынын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу багытында комплекстүү чараларды ишке ашырууга киришти. Бул иш-чаралардын айрымдары ѳлкѳнүн ишкерлери, жумушка жарамдуу жарандары үчүн мүмкүнчүлүктѳрдү кеӊейтүү жана эмгек рыногун ѳнүктүрүү максатында иштелип чыкты.

Аталган багыттын демилгелеринин бири болуп, жарандарыбызга Кыргызстандын аймагында мыкты вакансияларды жана жумушчу күчтү тез жана ыӊгайлуу издеп табуу үчүн жардам бере турган мобилдик тиркемени иштеп чыгуу жана ишке киргизүү аракети эсептелет.  Тиркеменин жумуш издеп жаткан жана ылайыктуу адистерди табууну кѳздѳгѳн адамдардын ортосунда байланыш түзүүчү ишенимдүү платформа катары кызмат кылуусу күтүлүүдѳ.  Негизги пайда табуучуларга жумушунан ажыраган мекендештерибиз, пандемия шарттарына байланыштуу мекенине кайтып келүүгѳ аргасыз болуп отурган мигранттар, ошондой эле жумуш берүүчүлѳр менен бизнестер кирет.

Мобилдик тиркеме башында Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) «Реинтеграция үчүн кѳндүмдѳр» аттуу пилоттук долбоорунун алкагында 2018-жылы иштелип чыккан жана учурда БУУѲП ишмердүүлүгүнүн алкагында тиркеменин кошумча кызматтарын иштеп чыгуу жана ѳнүктүрүү багытында иш жүргүзүлүп жатат.

Мобилдик тиркеме вакансиялардын ири базасын камтуу менен абдан ыӊгайлуу инструментарий бере алат. Мындан тышкары, издѳѳнү Кыргызстандын түрдүү аймактары боюнча жүргүзүүгѳ болот. Натыйжада сунуштардын диапазону кеӊейип, ылайыктуу вакансияларды кѳбүрѳѳк табуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Ошондой эле сизге издѳѳ критерийлериӊизге туура келген жаӊы вакансиялар тууралуу билдирүүлѳр келип турат. Тиркемеде түрдүү темалар боюнча онлайн-тренингдерге катышуу мүмкүнчүлүгү дагы берилет: колдонуучу жумуш издеп же иш берүүчүдѳн жооп күтүп жаткан мезгилде квалификациясын жогорулата алат же ѳзү үчүн жаӊы чѳйрѳдѳ кѳндүмдѳргѳ ээ болот.

«Биздин максат – учур чак режиминде эӊ мыкты вакансиялар топтолгон тиркемени ѳркүндѳтүү.  Онлайн платформа эӊ кыска убакыт аралыгында жакшы жумуш берүүчүнү сиз, же болбосо ал сизди таба тургандай түрдѳ иштейт.  Биз бул жерден сиздин түрдүү багыттарда вакансияларды таба алүүӊүз, ал эми издѳѳнүн сиз үчүн максималдуу түрдѳ оптималдуу болуусу үчүн аракет жумшайбыз: тиркеме вакансиянын атын базадан ага ылайыктуусу табылгандай кылып жазуунун варианттарын ѳзү эле айтып турат. Кеӊейтилген издѳѳ кызыкчылык алкагын тарытууга жардам берет,» - деп түшүндүрдү платформаны иштеп чыгуу менен алектенген «УЛУТ Софт» ЖЧКнын директору Окенов Мирбек.

Платформанын негизги артыкчылыктарынын бири болуп, телефондогу тиркеме аркылуу кызыктырган вакансиялар боюнча жумуш берүүчүлѳр менен түздѳн-түз байланышуу мүмкүнчүлүгү эсептелет. Тиркемеден каттоодон ѳткѳн соӊ, резюмеӊизди даярдап, кызыктырган вакансиялар боюнча жѳнѳтѳ аласыз. Жумуш ээлери дагы потенциалдуу талапкерлердин профилдерин кѳрүп чыга алышат. Ыӊгайлуу болушу үчүн мобилдик тиркемеде фильтрлер менен тандоолордун ири топтому  орун алат.  

Бул ишмердүүлүк  Япония Ѳкмѳтү тарабынан каржыланган БУУѲПнын «Кыргызстанда COVID-19 пандемиясына инклюзивдүү жана кѳп тармактуу реакция кылууну  колдоо жана анын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу» долбоорунун алкагында жүзѳгѳ ашырылып жатат жана  COVID-19га реакция кылуу боюнча адамга багытталган комплекстүү жана социалдык-экономикалык чараларды аткарууну максат кылат.