Климаттын ѳзгѳрүүсү жѳнүндѳ дүйнѳ жүзү боюнча эӊ ири коомдук пикирди сурамжылоо: планетанын жашоочуларынын кѳбү масштабдуу чараларды кѳрүүгѳ чакырууда

2021-ж., 28-January

--- Image caption ---

БУУѲП тарабынан жүргүзүлгѳн «Климаттык маселелер боюнча элдик добуш берүү» планетанын жашоочуларынын жарымынан кѳбүнүн пикирин чагылдырат. Оксфорд университети иштеп чыккан сурамжылоонун жыйынтыктары COVID-19 пандемиясына карабастан дүйнѳ калкынын 64 пайызы климаттын ѳзгѳрүүсүн глобалдык мүнѳздѳгү ѳзгѳчѳ кырдаал катары эсептегенин кѳрсѳтүүдѳ.

Бүгүн климаттын ѳзгѳрүшүнѳ арналган тарыхтагы эӊ ири коомдук пикирди сурамжылоо - «Климаттык маселелер боюнча элдик добуш берүүнүн»  жыйынтыктары жарыяланды. 50 ѳлкѳнү жана жер жүзүнүн жашоочуларынын жарымынан кѳбүн камтыган изилдѳѳгѳ жарым миллиондон ашык климаттык ѳзгѳрүү кѳйгѳйүн чечүүгѳ кызыктар болгон, кадимки плебисциттерге катыша албаган калктын негизги категориясына кирген 18 жашка чейинки кишилер тартылган.  Кыргыз Республикасы дагы сурамжылоого катышты.

Элдик добуш берүүнүн толук жыйынтыктары курактык, жыныстык ѳзгѳчѳлүктѳрү жана билим деӊгээлдери боюнча бѳлүштүрүү аркылуу Оксфорд университети менен биргеликте бул новатордук сурамжылоонун уюштуруучусу болгон Бириккен Улуттар Уюмунун Ѳнүктүрүү программасы (БУУѲП) тарабынан дүйнѳ мамлекеттеринин ѳкмѳттѳрүнѳ тапшырылат. Изилдѳѳгѳ катышкан ѳлкѳлѳрдүн кѳбүндѳ климаттын ѳзгѳрүшүнѳ байланыштуу мындай ири коомдук пикирди сурамжылоо иш-чарасы алгачкы жолу ѳткѳрүлдү. Үстүбүздѳгү 2021-жыл ѳлкѳлѳр тарабынан климаттык милдеттерди алуу үчүн чечүүчү жыл болот – ноябрь айында Глазгодо (Бириккен Падышалык) климат боюнча БУУ Саммитинин алкагында сүйлѳшүүлѳрдүн негизги раунду ѳтѳт.  

Сурамжылоонун жүрүшүндѳ респонденттерге климаттын ѳзгѳрүүсүн алар глобалдык ѳзгѳчѳ кырдаал деп эсептейби же жокпу жана алты тармакта – экономика, энергетика, транспорт, тамак-аш ѳнүмдѳрү жана айыл-чарба, жаратылыш жана адамдарды коргоо тармактарында климаттык саясаттын негизги он сегиз чарасын колдоп же колдобой тургандыгы боюнча суроолорго жооп берүүлѳрү сунуш кылынган.   

Сурамжылоонун жыйынтыктары эл кѳп учурда азыркы кабыл алынып жаткан чараларга караганда кыйла кеӊири климаттык чаралардын кабыл алынышын колдогонун кѳрсѳттү. Изилденген энергетикалык сектордогу чыгынды кѳрсѳткүчтѳрү эӊ жогорку болгон он ѳлкѳнүн ичинен сегиз ѳлкѳнүн жашоочулары энергетикада энергиянын жаӊыланып турган булактарынын үлүшүн кѳбѳйтүүнү колдошкон. Жерди пайдалануудагы ѳзгѳрүүлѳр менен шартталган чыгындылардын деӊгээли эӊ жогорку болгон беш ѳлкѳнүн ичинен тѳрт ѳлкѳнүн жашоочуларынын кѳпчүлүк бѳлүгү токойлор менен жерлерди сактап калуу зарылдыгын белгилеген. Шаар тургундарынын кѳрсѳткүчү эӊ жогорку болгон он ѳлкѳнүн ичинен тогузунун жашоочулары экологиялык жактан таза электромобилдер менен автобустарды, ошондой эле велосипеддерди активдүү колдонууну жакташат.   

БУУѲП администратору Ахим Штайнер: «Кайсы жерден болбосун, адамдардын баары теӊ климаттын ѳзгѳрүүсү – бул глобалдык ѳзгѳчѳ кырдаал экенин бир пикирден билдиришет. Климаттык маселелер боюнча элдик добуш берүү дагы эл кандай чаралар: экологиялык жактан коопсуз айыл чарбасынан тарта жаратылышты коргоого, калыбына келтирүүнүн экологиялык ыкмаларына инвестиция жумшоого чейинки чаралар кѳрүлүүгѳ тийиш экенин жакшы билгенин кѳрсѳтѳ алды. Элдик добуш берүү ѳлкѳлѳргѳ коомчулуктун колдоосу менен масштабдуу климаттык чараларды кабыл алууга мандат берет» деп белгилейт.  

Новатордук сурамжылоо салттуу сурамжылоо үчүн жетүүгѳ кыйын деп эсептелген аудиторияны, маселен 18 жашка чейинки жаштарды камтый билүү максатында мобилдик оюндардын жардамы менен жайылтылды. Ошентип, жыйынтыктар Кыргызстандын 18 жашка чейинки жаштарынын 62%ы климаттын ѳзгѳрүшүн – ыкчам аракеттерди талап кылуучу глобалдык кѳйгѳй катары эсептегенин кѳрсѳттү. Оксфорд университетинин коомдук пикирди изилдѳѳ боюнча адистери ѳтѳ эле чоӊ үлгү топту репрезентативдүүлүгүн камсыздоо менен курактык, жыныстык ѳзгѳчѳлүктѳрү жана билим деӊгээли боюнча бѳлүштүрүп чыкты. Натыйжада сурамжылоонун каталыгы болгону   +/- 2%ды түздү.

Саясий чаралар респонденттер тарабынан кеӊири колдоого алынып, мында токойлор менен жерлерди сактап калуу (респонденттердин 54%ы); күндүн, шамалдын жана башка жаӊыланып туруучу булактардын энергиясын пайдалануу (53%); айыл-чарбасын жүргүзүүнүн климат үчүн коопсуз ыкмалары (52%); жана инвестицияларды «жашыл» ишканаларга жана жумушчу орундарга жумшоо (50%) кѳбүрѳѳк популярдуулукка жетти.  

Оксфорд университетинин социология факультетинин профессору Стефан Фишер: «бул изилдѳѳ — климат боюнча мурда жүргүзүлгѳн коомдук пикирди сурамжылоо иш-чараларынын эӊ масштабдуусу — бизге мобилдик оюндар кѳп сандагы адамдарды камтууга гана эмес, ар кандай ѳлкѳлѳрдѳн ар түрдүү респонденттерди кызыктырууга дагы жардам бере турганын кѳрсѳттү. Климаттык маселелер боюнча элдик добуш берүү мурда болуп кѳрбѳгѳндѳй кѳлѳмдѳ баалуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берди. Климаттын ѳзгѳрүшүн божомолдонгондон кыйла кѳп киши ѳзгѳчѳ кырдаал деп эсептегени маалым болду. Ошондой эле биз кѳп адамдар чечкиндүү жана масштабдуу саясий чараларды колдогонун аныктай алдык» деп билдирди.

Изилдѳѳ климаттын ѳзгѳрүүсүнѳ багытталган аракеттерди колдоо менен билим деӊгээлинин  ортосунда түздѳн-түз байланыш бар экенин дагы кѳрсѳттү. Климаттын ѳзгѳрүшү ѳзгѳчѳ кырдаал экени менен макул болгондордун саны киреше деӊгээли тѳмѳнүрѳѳк болгон Бутан (82%) жана Конго Демократиялык Республикасынан (82%) тарта Франция (87%) жана Япония (82%) сыяктуу бай мамлекеттерге чейинки бардык ѳлкѳлѳрдѳгү университет же колледждердин бүтүрүүчүлѳрүнүн арасында кѳп экени байкалган.

Ал эми курактык ѳзгѳчѳлүккѳ келе турган болсок, жаш респонденттер (18 жашка чейин) улуу жаштагы адамдарга караганда климаттын ѳзгѳрүүсү кѳйгѳйүнүн ѳзгѳчѳ мүнѳздѳ экенин кѳбүрѳѳк билишкен. Ошентсе да, курактык топтордун баарынан теӊ дээрлик окшош натыйжалар алынган: 18 жаштан 35 жашка чейинкилер үчүн 65%, 36 жаштан 59 жашка чейинкилер үчүн - 66% жана 60 жаштан улуулар үчүн - 58%. Демек, мындай кѳз караш кеӊири жыйылганын айта алабыз.    

Редакторлор үчүн эскертүүлѳр:

Белгилүү бир саясатты колдогон калктын бѳлүгүнүн эсептик кѳрсѳткүчтѳрү калктын  калган бѳлүгү бул саясатка каршы экендигин билдирбейт, себеби колдоонун жоктугу каралып жаткан чарага кайдыгер мамилени дагы билдириши ыктымал.

Ѳлкѳлѳр боюнча жыйынтыктар тигил же бул ѳлкѳдѳ жүргѳн адамдардын пикирин чагылдырат. Алар белгилүү бир улуттагы жарандардын пикирин чагылдырбайт. Башкача айтканда, мисалы алар боюнча кыргыздардын пикири эмес, Кыргыз Республикасынын жашоочуларынын пикири жѳнүндѳ баа берүүгѳ болот.