Улуттук деӊгээлде аныкталган салымдарды жаӊылоо процесси боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп ѳттү

2021-ж., 19-January

Фото: БУУӨП Кыргызстан.

13 январда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде экономика министри Санжар Муканбетовдун тѳрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Улуттук деӊгээлде аныкталган салымдарды (УДАС) жаӊылоо процесси боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп ѳттү.

УДАС жаӊылоо боюнча ведомство аралык жумушчу топко КР Экономика министрлиги, КР Тышкы иштер министрлиги, Айлана-чѳйрѳнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Айыл-чарба министрлиги, Транспорт министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, КР ѲКМ караштуу Гидрометеорология боюнча агенттик, Климаттык каржылоо боюнча борбор, БУУѲП,  ЮНЕП-ГЭФ, GIZ жана башкалар кирет.

КР Экономика министри климаттын ѳзгѳрүшүнѳ каршы күрѳшүү жана 2021-жылдын экинчи кварталынын ичинде УДАС даярдап чыгуу боюнча биргелешкен аракеттерде ѳз ара аракеттешүү менен кызматташуунун маанисин белгилеп кетти.

Кыргыз Республикасындагы БУУѲП ѳкүлү Лира Жолдубаева киришүү сѳзүндѳ ар бир ѳлкѳ, шаар, бардык финансы мекемелери, ишканалар орточо температуранын жогорулашын 1,5-2°C даражада кармап турууну камсыздоо максатында 2050-жылга карата чыгындылардын таза нѳлүнѳ жетүү боюнча пландарды кабыл алуусу маанилүү экендигин, ошондой эле парник газдарынын чыгындылары жаатында Париж макулдашуусунун максаттары менен учурдагы тенденциялардын ажырымын жоюу үчүн кеӊири ѳзгѳрүүлѳрдү тез ишке ашыруунун зарылчылыгын баса белгиледи.  

Жыйында жумушчу топтун катышуучулары долбоордун координатору Бактыгүл Ысабекова тарабынан презентацияланган, БУУѲПнын УДАС жаӊылоо процессин ишке ашырууну караштырган «Климаттык перспектива» аттуу долбоору менен таанышып чыгышты. Мындан тышкары, УДАС жаӊылоого карата эл аралык талаптар, парник газдарынын улуттук инвентаризациясынын жыйынтыктары жѳнүндѳ, УДАС маанилүү бѳлүмдѳрү боюнча иштеп чыгуу пландары, ѳлкѳлѳрдүн узак мѳѳнѳттүк ѳнүктүрүү стратегиялары, гендердик аспектилер, мониторинг жана ачык-айкындык системасынын чектери, митигация (жеӊилдетүү) жана адаптация чараларынын наркы боюнча маалымат берилди.  Жыйынтыктоочу сессияда жумушчу топ берилген маалыматтарды эсепке алуу менен УДАС жаӊылоо боюнча иш-чаралардын планын талкуулап чыкты.   

Фото: БУУӨП Кыргызстан.

Маалымат үчүн: Климаттын ѳзгѳрүүсү адам баласы үчүн дүйнѳ жүзүндѳгү адамдардын жашоосуна жана ѳлкѳлѳрдүн ѳнүгүүсүнѳ таасир этүүчү  глобалдуу коркунуч болуп саналат. Климаттык ѳзгѳрүүлѳр менен мындай ѳзгѳрүүлѳрдүн тездеши жакынкы келечекте эле энергетика, ѳнѳр-жай, инфраструктура, айыл-чарба тармактарына, жаратылыш ресурстарына терс таасирин тийгизиши толук ыктымал.    

Кыргызская Республикасы, дүйнѳ коомчулугунун башка ѳлкѳлѳрү сыяктуу эле, 2019-жылдын ноябрь айында Париж макулдашуусун ратификациялоо менен климаттын ѳзгѳрүүсүнѳ себеп болгон парник газдарынын чыгындыларын 11,5%дан 13,8%га чейинки диапазондо кыскартуу боюнча милдеттенме алып, экономикалык ишмердүүлүктү аз кѳмүртектүү моделге ѳзгѳртүү, ошондой эле климаттык туруктуулукту жогорулатуу ниетин ырастады. Мындай милдеттер улуттук чыгындыларды азайтуу жана климаттык ѳзгѳрүүлѳрдүн кесепеттерине адаптациялануу боюнча ар бир ѳлкѳнүн күч-аракеттерин бириктирип турган  УДАС тапшыруу аркылуу чагылдырылат. УДАС беш жылда бир жаӊыланып турат. Ѳлкѳ Париж макулдашуусунун максаттарына жетүүгѳ кѳмѳктѳшкѳн жаӊыланган улуттук чараларды 2021-жылдын жаз айларында даярдап чыгууну пландоодо. Бул чаралар тууралуу маалымат 2021-жылдын ноябрь айында Улуу Британиянын Глазго шаарында ѳтѳ турган БУУнун Климаттын ѳзгѳрүүсү жѳнүндѳ алкактык конвенциясынын катышуучуларынын 26-конференциясында берилет.

УДАС процесси БУУѲП тарабынан гана эмес, ѳнүгүү боюнча башка ѳнѳктѳштѳр тарабынан дагы колдоого алынган, аталган техникалык жардамдын алкагында эксперттик кеӊеш берүү жүргүзүлѳт.