КРдагы бюджеттик процесстер боюнча маалымдуулукту арттыруу

2021-ж., 19-January

Бишкек, 19-январь, 2021 – БУУӨП өлкөдө бюджеттик процесстер боюнча маалымдуулукту арттырууну колдоп, студенттер арасында өткөн Quiz Night интеллектуалдык оюндарына колдоо көрсөттү.

Калктын чакан гана бөлүгү мамлекеттик бюджеттөө механизмдери боюнча маалымдар, ушундан улам, жаштарды, жарандык коомду, жергиликтүүөзүн өзү башкаруу органдарын жана калктын башка катмарларын мамлекеттик бюджет кандайча түптөлүп, аны талкуулоого катышуу жолдору менен таанышып, ал тургай сунуштарды киргизүү жол-жоболорун кеңири маалымдап, билим жайылтуу муктаждыгы бар. Бул темага жаштарды катыштыруу максатында студенттер арасында популярдуу болгон интеллектуалдык оюндар Ош жана Бишкек шаарларында уюштурулду. 

Бишкекте “Бюджеттик процесстер” темасындагы Quiz Night интеллектуалдык оюну Чүй жана Ысык-Көл облустарынын командаларынын катышуусунда, ал эми Ош шаарында оюн 16-январда, Жалал-Абад жана Ош шаарындагы студенттик командалардын катышуусунда болуп өттү. Командалар жалпы 16 суроого туура жооп издеп, “Супер оюнда” жеңүүчү наамына ат салышууга мүмкүнчүлүк алышты. Билермандар “Кыргыз Өкмөтү алдыдагы мөөнткө республикалык бюджеттин мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке кайсы датадан кечиктирбей берүүсү тийиш?”, “КР Бюджеттик тутумуна кандай бюджеттер камтылган?” жана “Камсыздандырылган жактар жана камсыздандыруучулардын милдеттүү камсыздандыруучу салымдары кайсы бюджеттин кирешелер курамына камтылат?” деген сыяктуу суроолорго жооп беришти.       

Бюджеттик процесстер боюнча маалымдуулукту калак арасында кеңили жайылтуу максатында онлайн-оюн иштелип чыгып, дагы башка иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Демилгени Кыргызстандагы БУУӨПтүн “Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоору колдоодо.