ИИМ кызматкерлери кезектеги ЖКК топтомун алышты

2021-ж., 12-January

Бишкек, 12-январь, - БУУӨПтүн мыйзам үстөмдүгү боюнча Глобалдуу программасынын каржылоосундагы “Кыргыз Республикасындагы укуктук жана соттук секторду реформалоону ишке ашырууну стратегиялуу, инклюзивдүү жана ийкемдүү илгерилетүү” долбоорунун алкагында Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине жеке коргоочу каражаттардын кезектеги партиясы сатып алынып, тапшырылды.

Коронавирусту жуктуруп алуу учурлары азайганы менен, Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал чыңалган бойдон калуусуна байланыштуу, КР ИИМдин Бишкек шаарындагы тартип сакталышын камсыздаган кызматкерлеринин ден-соолугун коргоо чарасы катары БУУӨП жардам берди.

БУУнун өнүктүрүү программасы Кыргыз Республикасындагы «Идеал-Фарм» ЖЧК өндүргөн Beauty-СЕПТ-5л. Маркасындагы санитайзерден 1500 даана, Малайзияда өндүрүлгөн Qube Medical маркасындагы колкаптан 8000 даана сатып алып, тапшырды.

Эске салсак, 2020-жылдын ичинде, COVID-19  пандемиясы маалында бардык жарандардын кызыкчылыгында кызмат өтөгөн  ИИМ кызматкерлерине жеке коргонуучу каражаттарын бир нече жолу, жалпысынан 7500 ашуун даана ЖКК жана 3 кычкылтек концентратор тапшырылган.

«Кыргыз Республикасындагы укуктук жана соттук секторду реформалоону ишке ашырууну стратегиялуу, инклюзивдүү жана ийкемдүү илгерилетүү» долбоорунун алкагында БУУӨП Кыргыз Өкмөтүнө соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашырууда эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтөт.

Долбоордун өнөктөштөр катарында Президенттин Аппараты, Өкмөттүн Аппараты, Жогорку Кеңеш, Жогорку сот, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Финасы министрлиги, Адвокатура, жарандык коом уюмдары, Жогорку сотко караштуу адилеттүүлүктүн жогорку мектеби, Башкы прокуратура прокурордук-тергөөчүлүк кызматкерлерди кесипкөй даярдоочу борбору, Адвокаттардын окутуу борбору.