Медиаматериалдарды боюнча сынак эл аралык каржылык мекемелер жана инвестицияларды тартуу учун туруктуу өнүгүүнү каржыландырууга арналган мүмкүнчүлүктөр

2021-ж., 19-January

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана БУУӨП “КМШ аймагындагы туруктуу өнүгүүнү каржылоо мүмкүнчүлүгүн күчөтүү” долбоору алкагында басма сөз, телекөрсөтүү жана маалымат агенттиктеринин журналисттери арасында медиаматериалдарды даярдоо боюнча ачык сынак жарыялайт. Сынак 20-январдан 19-мартка чейин өткөрүлөт жана  Россия – БУУӨП Өнүктүрүү Фонду тарабынан каржыланат. 

Сынактын максаты 

Туруктуу өнүгүү үчүн Эл аралык каржы фонддорунун каржылоого мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу. Ошондой эле инвестицияларды тартуу жана журналисттердин чыгармачыл ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу жана маалыматтык материалдардын сапатын жогорулатуу максатын көздөйт. 

Сынактын шарты 

Сынакка басма сөз, телекөрсөтүү, радио жана маалымат агенттиктеринин журналисттери катыша алат. 

Сынакка катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы керек болгон сунуш кылынган темалар ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн. 

Бир автордун материалдарынын саны жана конкурстук чыгармалардын саны чектелбейт. Материалдар бир же бир нече автор тарабынан чыгарылышы мүмкүн. Берүүнүн ар кандай журналисттик стилдерин колдонууга жол берилет (жаңылыктар, билдирүүлөр, кат алышуу, нота, репортаж, маектешүү, пресс-сүрөт ж.б.). Бир эле темадагы же ар кайсы ракурстагы жана стилдерди колдонгон бир катар басылмаларды даярдоо да эске алынат. 

Сынакка катышуу үчүн белгиленген мөөнөттө сынак комиссиясына берилген (обого чыккан) кыргыз жана орус тилдериндеги материалдар кабыл алынат. Сынакка белгиленген мөөнөттөн эрте же кеч жарыяланган жана берилген материалдар катыша албайт. Илимий-усулдук макалалар жана укуктук базага түшүндүрмө сын-пикирлер, илимий-автордук изилдөөлөр, методикалык иштеп чыгуулар, жарнамалык материалдар сынакка катышууга жол берилбейт. 

Сынактын катышуучусу сынакка коюлган ар бир чыгарманын автору экендигине кепилдик берет жана анын сынакка катышуусу ,башка эч кимдин автордук укугун бузбайт. 

Сынак эки темада өтөт: Туруктуу өнүгүү үчүн эл аралык финансы уюмдар тарабынан каржылоо жана инвестицияларды тартуу. Ар бир теманын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталат жана сыйланат. 

“Туруктуу өнүгүү үчүн эл аралык финансы уюмдар тарабынан каржылоо” биринчи темасы боюнча сынак 2 номинация боюнча өткөрүлөт: 

1.     Басма жана электрондук маалымат каражаттарындагы мыкты публикация; 

2.     Телекөрсөтүү каражаттарындагы жана радиодо мыкты материал; 

Инвестицияларды тартуу темасы боюнча сынак 2 номинация боюнча өткөрүлөт. 

1.         басма жана электрондук маалымат каражаттарында мыкты публикация

2.         телекөрсөтүү каражаттарындагы жана радиодогу мыкты материал

Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо 

Конкурстук комиссиянын курамына Экономика министрлигинин өкүлдөрү, БУУӨПтүн өкүлдөрү, экономика, медиа жана каржы секторунан чакырылган мүчөлөр кирет. Комиссия сынакка берилген чыгармаларды баалап, жеңүүчүлөрдү аныктайт. 

Сынактын критерийлери: 

- жарыяланган темага ылайык келүү;

-журналистиканын кесиптик стандарттарын жана этикалык нормаларын сактоо;

- маалыматтын тереңдиги, теманын терең чагылдырылышы

- материалдын оригиналдуулугу 

- аудиторияга таасир этүү күчү 

Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө төмөнкү сыйлыктар тапшырылат:

1 место – Планшет 

2 место – Букридер 

3 место – Уюлдук телефон  

Материалдар кандай формада кабыл алынат: 

-      Теле-көрсөтүү жана радио материалдары видео же файл хостингге жүктөлүшү керек (youtube, namba), уюштуруучуларга шилтемелер жана материалдардын төмөнкү кыскача мазмуну электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт : эфирге чыгуу датасы, тема, автор тууралуу маалымат, байланыш телефондор;

-      Гезит жана журнал басылмалары PDF, JPEG форматында сканерден өткөрүлүп, жарыяланган күнү, темасы, автору жана байланыш номери жөнүндө маалыматтарды камтып, уюштуруучуларга электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек.

-      Интернет басылмаларында иштеген журналисттер материалдардын шилтемелерин жана байланыш номерлерин гана жөнөтүшөт. 

Мааалыматтар төмөнкү электрондук почтага жөнөтүлүшү керек: media.contest2021@gmail.com

Уюм жана автор тууралуу маалыматтар тиркемелерге кыстарылат: аты-жөнү, иштеген жери, кызматы, байланыш телефондору. Сурам жиберүү эркин формада ишке ашырылат. 

Сынакка жөнөтүлөн материалдар кайтарылбайт. 

Сынактын акыркы мөөнөтү – 19-март 2021-жыл,  саат 17.00. чейин. 

Жобону 1

Макала репортаж үчүн сунуш кылынган темалар

Биринчи тема «Эл аралык финансы уюмдарынын туруктуу өнүгүүсү үчүн каржылоого мүмкүнчүлүк»

1.    Эл аралык каржы институттарынын ресурстарынын өсүшүн тездетүүдө, жумуш орундарын түзүүдө, теңсиздикти четтетүүдө, жумуш орундарын түзүүдө, туруктуу өнүгүү үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда ролу; 

2.    Эл аралык каржы институттарынын өзгөрүлүп жаткан финансылык чөйрөдөгү ролу (глобалдык контекст, жаңы технологиялар, кризистик кырдаалдар).

Инвестициялык каржылоону кантип алууга болот:

-     Россия-Кыргыз өнүгүү Фонду эмне максат менен түзүлгөн;

-     РКФР өнүмдөрүнүн түрлөрү жана бизнес муктаждыктарын канааттандырган туура өнүмдү кантип тандоо керек;

-      РКФР аркылуу финансылык каржылоону кантип алууга болот;

-     Финансылык каржылоону алуу үчүн документтердин тизмеси эмнени камтыйт;

-     Каржылоо үчүн инвестициялык арызды кантип даярдоо керек;

3.    Кластердик каржылоонун өзгөчөлүктөрү;

4.    Кыргызстандагы ишкерлерге кайсы эл аралык каржы институттары насыя берет жана аларды кантип алса болот; 

5.    Туруктуу өнүгүү үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана өнүгүү үчүн долбоорлорду даярдоо боюнча мамлекеттин жана эл аралык институттардын жардамы; 

6.    Бизнес план деген эмне жана канти өзүңүз сапаттуу бизнес план жазсаныз болот; 

7.    Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө эл аралык каржы институттардын ролу жана Кыргызстандагы Туруктуу Өнүгүү максаттарына жетүүдө кандай иштерди аткаргандыгы тууралуу; 

8.    «Жашыл» финансылык каржылоо: 

a.    “Жашыл финансылык каржылоо” деген эмне;

б.    Айлана чөйрөнү коргоодо “жашыл” каржынын ролу;

в.    Эл аралык каржы институттарынын жашыл каржы рыногундагы ролу жана катышуусу; 

г.    Кыргызстандын каржылоо рыногунда кандай жашыл каржылоо программалары бар; 

Экинчи тематика «Инвестицияларды тартуу»

1.    ЕАЭС өлкөлөрүнүн рыногунда ошондой эле дүйнөлүк рынокто инвестициялар үчүн күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлугү:

-      ЕАЭС союзунун түзүлуш тарыхы;

-      Кыргызстанда инвестициялардын өнүгүүсүндө РКФРнын;

-     Дүйнөлүк рынокто “Бизнес жүргузүү” эл аралык рейтингде Кыргыз Республикасынын позициясы;

-     Инвестициялар үчүн күрөштө Кыргыз республикасынын күчтүү жана алсыз жактары.

2.    Пандемияны эске албастан, КРда инвестициялык климатты жакшыртууга тоскоол болуп жаткан учурдагы көйгөйлөрдү аныктоо;

-     Инфраструктуранын өнүгүү дэңгээли;

-     Эмгек ресурстардын жетиштүүлүгү;

-     Инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо.

3.    Инвестициялык климатты жакшыртуу жана тикелей чет өлкөлүк инвестицияларды көбөйтүү боюнча чараларды сунуштоо:

-     КРда тикелей чет элдик инвестициялардын агымынын аналитикасы;

-     Инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн өнүккөн өлкөлөрдүн өнүгүү жолдору;

-     Ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чаралар.

4.    Пандемиянын шартында Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн кандай чара көрүү керек?

-      Пандемиянын инвестициалык климатка тийгизген таасири;

-      Пандемияга көбүрөөк дуушар болгон секторлор;

-     Коронавирустан кийинки мезгилдин келечектүү тармактары.

5.    Өлкөнүн инвестициялык долбооруна калктан каражаттарды тартуу жолдору:

-     Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк мезгилине карата өлкөнүн ишке ашырылган, ошондой эле башталган инвестициялык долбоорунун тизмеси жана сүрөттөлүшү;

-     кайсы инвестициялык долбоорлорго чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу зарыл; 

-     Кыргыз Республикасы кайсы тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырышы керек.

6.    Кыргыз Республикасындагы эл аралык рейтинг агенттиктеринин кызматтарынын ролу:

-     3 ири рейтингдик агенттиктин ишин баяндоо;

-     Рейтинг деген эмне жана анын максаты;

-     Кыргыз Республикасына тартылган чет өлкөлүк инвестициялардын рейтинги менен көлөмүнүн ортосунда кандай айрымачылык бар; 

7.    Инвестицияларды коргоо жагынан Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар:

-     Эмне үчүн инвестицияларды жана инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо керек;

-     Инвестицияларды коргоо жагынан мыйзамдарда каралган ченемдер;

-     Мамлекеттик органдар инвестицияларды коргоодо ийгиликтүү иштеп жатабы. 

8.    Чет элдик инвесторлорго кандай кепилдиктер берилиши мүмкүн:

-мамлекеттик органдар менен интервью; 

-жабыр тарткан инвесторлор менен интервью;

-инвестициялары коргологон инвесторлор менен интервью;

-кепилдиктерди берүү боюнча мыйзамдык жоболордун сүрөттөлүшү.

9.    Стабилдештирүү жөнүндө келишимдин тараптары үчүн артыкчылыктары:

-  стабилизация режими деген эмне;

-  инвестор жана Өкмөт үчүн жеңилдиктер;

- инвесторлор жана негизги амлекеттик органдар менен отчеттор.