Telegram платформасында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун чат-боту ишке киргизилет

2021-ж., 13-January

Жакында Кыргызстандын жарандарында Telegram тиркемеси аркылуу укуктук консультация алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Ушул жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен Telegram мессенджеринде баарлашуу ботту (чат-бот) ачууну пландаштырууда. Бул чат-бот эң көп берилген укуктук суроолор боюнча маалымат алууга жарандарга жардам берет, ошондой эле онлайн режиминде жарандардын арыздарын кабыл алууга шарт түзөт. Бул демилге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасы кабыл алган эл аралык милдеттенмелер менен кепилденген адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган юридикалык жардамды өз убагында көрсөтүү үчүн ишке ашырылууда.

Интерактивдүү чат-бот келип түшкөн суроо-талаптардын негизинде кыргыз жана орус тилдеринде тиешелүү маалыматтарды берип, калктын Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна кайрылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жаңы акысыз маалымат булагы болот, ал пандемия шартында да өзгөчө манилүү. Чат-бот Telegram тиркемесинен тышкары, Акыйкатчы Институтунун сайтында да жеткиликтүү  болот. Азыркы учурда боттун мазмуну иштелип,  адистер тарабынан текшерилип жатат. Акыйкатчы институтунун жооптуу кызматкерлери чат-ботко түздөн-түз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат жана аны кийинки жаңыртууну же колдоо иштерин жүргүзүшөт. Чат-бот баштапкы этапта Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен)Институтунун (Акыйкатчы институту), Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун (МКЮЖ КБ), Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК), Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Кыргызстандын укуктук клиникалар ассоциациясынын (АЮКК) өкүлдөрүнөн турган атайын түзүлгөн жумушчу топ тарабынан 9 категория боюнча 142 суроого жоопторду камтыйт.  Келечекте Акыйкатчы институтунун кызматкерлери көп кайрылган суроолордун статистикасына ылайык, чат-боттогу суроолорду  такай жаңыртып турушат, ошондой эле институттун мандатына кирген маселелер боюнча жарандардын арыздарын кабыл алышат.

Чат-бот өз ишинде жасалма интеллектти колдонот жана анын маалымат базасында тийиштүү суроого жооп жок болгон учурда, айрым суроолорду сактап, Акыйкатчы институтунун юристтерине жөнөтөт,  институттун кызматкерлери кийин алар берген байланыш маалыматтарын колдонуп, чат-боттун колдонуучулары менен юридикалык консультация берүү үчүн байланышат. Эксперттердин айтымында, чат-бот Акыйкатчы институтунун юристтеринин ишин толугу менен алмаштыра албайт, бирок эң көп берилген окшош суроолор боюнча бөлүмдүн кызматкерлеринин жүктөмүн кыскартат, ошондой  эле жарандардан арыздарды онлайн режиминде кабыл алат. Бул бүткүл республиканын калкынын укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.  Өз кезегинде, кайрылган жарандар консультативдик мүнөздөгү негизги суроолорго жооп алуу үчүн күтүп отурушпайт.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Е.Алимбаев баарлашуу ботун ишке ашыруусу Акыйкатчы институту менен жарандардын өз ара байланышын жакшыртат деп эсептейт.

«Учурда биздин кызматкерлер облустук деңгээлде гана көрсөтүлүүдө, ал эми алыскы региондордун жашоочулары өз убагында юридикалык консультация алуу үчүн кайрылууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Эми, Telegram мессенджериндеги чат-боттун жардамы менен, өлкөнүн ар бир жашоочусу суроолоруна жооп издеп, юридикалык маалыматтарды ала алат, ошондой эле, эгерде зарыл болсо, өз укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча мындан аркы укуктук колдоо үчүн биз менен түздөн-түз байланыша алат. Мындан тышкары, БУУӨП Акыйкатчы институтунун 115 шыр байланышы  борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоодо колдоо көрсөттү, бул Акыйкатчы институту менен байланышуунун дагы бир альтернативдүү жолу болуп саналат », - деп белгиледи.

Мындан тышкары, чат-ботту колдонуу аз камсыз болгон жана мобилдүү эмес жарандарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө акысыз юридикалык жардам көрсөтүү формаларын кеңейтет жана квалификациялуу юридикалык жардамды үйдөн чыкпай акысыз алууну камсыз кылат. Азыр, коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам келип чыккан кризис учурунда, аларды көбүрөөк колдоо керек.

Чат-ботту түзүү жана өнүктүрүү БУУнун Өнүктүрүү программасынын «COVID-19 боюнча, инклюзивдик жана көп сектордуу чара көрүүгө колдоо көрсөтүү жана анын Кыргыз Республикасына тийгизген социалдык-экономикалык залалдарынын четтетүү» долбоорунун алкагында Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен мүмкүн болду.  Бул демилгени Акыйкатчы институту Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясы менен биргеликте көтөрүп чыккан.