БУУӨП мамлекеттик органдары менен Кыргыз Республикасынын Адвокатура кызматкерлерине ЖКК тапшырды

2020-ж., 18-December

Бишкек, 18-декабрь, - БУУӨПтүн мыйзам үстөмдүгү боюнча Глобалдуу программасынын каржылоосундагы “Кыргыз Республикасындагы укуктук жана соттук секторду реформалоону ишке ашырууну стратегиялуу, инклюзивдүү жана ийкемдүү илгерилетүү” долбоорунун алкагында Ички иштер министрлиги, Жазаларды аткаруу  мамлекеттик кызматы, Жогорку сот жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын кызматкерлерине жеке коргоочу каражаттардын кезектеги партиясы сатып алынып, тапшырылды. 

Аталган мамлекеттик органдардын өтүнүчү боюнча, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алуулар көбөйүп жатканына байланыштуу, БУУӨП Oxytek Medical Technology Co., Ltd өндүргөн кычкылтек концентраторлорун жана Makrite маркасындагы N95 респираторлорун тапшырды:

  • 2400 даана респиратор жана3 кычкылтек концентратору ИИМге;
  • 2160 даана респиратор жана 3 кычкылтек концентратору ЖАМКга;
  • 2120 даана респиратор Жогорку сотко;
  • 2400 даана респиратор Адвокатурага.

“Кыргыз Республикасындагы укуктук жана соттук секторду реформалоону ишке ашырууну стратегиялуу, инклюзивдүү жана ийкемдүү илгерилетүү” долбоорунун алкагында БУУӨП Кыргыз Өкмөтүнө соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашырууда эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтөт.