Борбордук Азиялык климаттык дипломатия жана коопсуздук боюнча долбоору ишке киргизилди

2020-ж., 20-December

Louise Chamberlain, UNDP KR Resident Representative, is delivering her speech at the project launch. Photo: UNDP Kyrgyzstan.

Бишкек, Кыргызстан – 17-декабрда саат 10:30да Бишкек шаарындагы «Шератон» отелинде, Борбордук Азиядагы климаттык дипломатия жана коопсуздук боюнча долбоордун бет ачары болуп өттү. Долбоор, Улуу Британиянын Өкмөтүнүн колдоосу астында, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте БУУӨП тарабынан жүзөгө ашырылат.

«Кыргызстан, Улуу Британия жана бүткүл дүйнөнүн бардык өлкөлөрү сыяктуу, экологиялык коркунучтар менен жалгыз башына күрөшө албайт. Мына ошондуктан, бүткүл дүйнө 2021-жылдын ноябрь айында Глазго шаарындагы БУУнун Климатты өзгөртүү боюнча СОР26 конференциясына чогулат. Аталган конференция, Кыргызстан үчүн Борбордук Азия тушуккан уникалдуу көйгөйлөргө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдурууга, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү боюнча глобалдык аракеттерге өз салымын кошуу боюнча пландарды сунуштоого мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзөт» -  деп, Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гаррет өзүнүн сөзүндө белгилеген.

«Улуу Британиянын элчилиги аталган долбоорду, Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыктын алкагында, БУУӨП менен өнөктөштүктө иш жүзүнө ашырат. Биз кыргызстандыктар эле эмес, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары дагы, климаттын өзгөрүшү жөнүндөгү көйгөйлөр боюнча маалыматтуулугу жогорулап, аны менен бирге борбордук азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн СОР26 га катышуу аракетин колдойт деп ишенебиз. Бардыгыбыз бирге абалды өзгөртө аларыбызга ишенем».

Кыргызстандагы БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Луиз Чемберлэйн белгилегендей: «Climate Promise глобалдык демилгесинин алкагында, БУУӨП дүйнөнүн 100 жакын өлкөсүнө көмөк көрсөтүп, улуттук деңгээлдеги салымдарда аныкталуучу амбицияларды калыптандыруу аркылуу парник чыгындыларын азайтууга салым кошууга аракет кылууда. Кыргызстандагы мамлекеттик агентстволор жана институттар менен биргеликте, климаттык күн тартибинин ар кыл мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө жардам берүүдө маалыматтар топтолууда. Бул демилге, эл аралык климаттык каржылоо үчүн, Кыргызстандын жолун ачууда маанилүү аракеттерден болуп эсептелет. Ал жашыл экономика тармагындагы структуралык өзгөртүүлөрдү жүргүзүп, Париж макулдашуусун аткарууда Кыргызстанды лидерликке жеткирет».   

Парник газдарын кыскартууга улуттук деңгээлдеги салымдарды аныктоо, Париж макулдашуусунун негизин түзүп, узак мөөнөттүү максаттарга жетүүгө жол ачат.  Улуттук деңгээлдеги салымдарга ылайык, Кыргыз Республикасы 2010-жылдагы базалык деңгээлден, 2030-жылга карата, эл аралык колдоонун натыйжасында, 13,75%дан 30,89%га чейин шарттуу кыскартуу ниетин билдирген.

Климаттык каржылоо боюнча борборунун директору, Канат Абдрахмановдун айтымында: “Кыргыз Республикасы зыяндуу заттарды салыштырмалуу аз өлчөмдө бөлүп чыгарган өлкөлөрдүн катарына кирет; ошондуктан биз үчүн климаттын өзгөрүшүнүн  терс кесепеттерине экономиканы жана калкты адапдациялоо чаралары өтө маанилүү. Адаптация, климаттын өзгөрүшүнөн экономиканын өнүгүшү жана адамдардын жашоо ишмердүүлүгү үчүн жоготууларды азайтып, алардын алдын-алуу чараларын сунуштайт. Адаптация пландары, экономиканын ар кыл тармактарынын жана коомчулуктун климаттын күтүлүүчү кесепеттерине туруктуулугун жогорулатуу үчүн зарыл”.

Долбоор климаттык саясат жана эффективдүү климаттык дипломатия боюнча аймактык кызматташууга, өлкөлөр тарабынан парник газдарынын чыгындыларын азайтуу боюнча илимий жактан милдеттенмелердин негизинде  өзүнүн климаттык күн тартибин аныктоого жардам берет. Долбоор 2021-жылдын ноябрь айында Глазгодо өтө турган климатты өзгөртүү боюнча БУУнунн Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясындагы улуттук делегациялардын сүйлөшүү көндүмдөрүн жогорулатууга дагы көмөк көрсөтөт.

Долбоордун алкагында климаттык иш-аракеттер тууралуу жеке пикирлерин даярдоо аркылуу  климаттык талкуулоолорго катышуусуна дем берүү менен академиялык чөйрөнү жана жарандык секторду тартуу каралган. Үч өлкөдөгү «Борбордук Азиядагы климаттык дипломатия жана коопсуздук» долбоору сүйлөшүү процесстерине окшош оюн форматы аркылуу жаштардын климаттык иш-аракеттер боюнча чечим кабыл алуу укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында жаштар уюмдары менен тыгыз кызматташат.