Posted on December 1, 2020
БУУӨП, ЮНЭЙДС жана "Партнёрская сеть" ассоциациясы АИВ жөнүндө тикеме иштеп чыгышат

БУУӨП / Глобалдык фонд долбоору, ЮНЭЙДС жана "Партнёрская сеть" ассоциациясы АИВ боюнча уюлдук тикеме иштеп чыгышат. Анын максаты – АИВди алдын алуу, тестирлөө жана дарылоо жөнүндө жеткиликтүү маалымат берүү. Бул долбоор 1-декабрда Бүткүл дүйнөлүк КИЖС менен күрөшүү күнүнө арналган онлайн-конференциясында көрсөтүлгөн.
«Бул уникалдуу тиркеме, анткени ал АИВ менен жашаган адамдардын керектөөлөрүн жана суроо-талаптарын эске алат», - дейт "Партнёрская сеть" ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев.
АИВ жана аны диагностикалоо жөнүндө кабардар болуусун жогорулатууга, антиретровирустук терапияны (АРТ) кармануусун жакшыртууга жана онлайн-консультацияларга жетүүгө жардам берген тиркеме iOS жана Android системалары үчүн иштелип чыгат, акысыз колдонулат жана колдонуучулардын купуялыгына жана конфиденциалдуулугуна кепилдик берет. Ал өзүнө төмөнкү функцияларды камтыйт:
• АИВ боюнча агартуучу материалдарды,
• АИВге скрининг,
• АРТ боюнча маалымат,
• АРТны ичүү жөнүндө күнүмдүк эскертүүлөр жана дарылоону мониторингдөө жөнүндө эскертүүлөр,
• күнүгө өзүнүн абалын жана маанайын көзөмөлдөө,
• жеке менчик маалыматтарды жазып алуу жана сактап коюу мүмкүнчүлүгү,
• медицина жана колдоочу кызматтардын байланыштары,
• жана тең-консультанттары, юристтер жана медициналык жумушчулар менен онлайн-консультациялар.
Баалоо көрсөткөндөй, АИВдин жугуу жолдору, алдын алуу жана дарылоо, АИВ менен жашаган адамдар үчүн жеткиликтүү медициналык жана колдоочу кызматтар жөнүндө жалпы маалыматтын жетишсиздиги, ошондой эле мифтердин жана тобокелдиктүү жүрүм-турумдун болушу АИВ менен күрөшүү боюнча өлкөлөрдүн аракеттерин жайлатат.
Тиркеме өлкөгө ЮНЭЙДС 90-90-90 максатына жетүү үчүн жардам берүүгө арналган: АИВ менен жашаган адамдардын 90% өзүнүн статусун билүүгө, АИВ диагнозу менен адамдардын 90% антиретровирустук терапияны (АРТ) алууга, АРТ алган адамдардын 90% аныкталбаган вирустук жүктөмгө жетүүгө тийиш.