Баткен облусунун фермерлери тарабынан тамчылатып сугаруу системасын өздөштүрүү

2020-ж., 4-December

Климаттын өзгөрүүсү – азыркы учурдун, анын ичинде биздин республикадагы заманбап чакырыктардын бири. Аба ырайынын көп учурда алдын ала айтууга мүмкүн болбогондугу азык-түлүктүн өндүрүшүнө гана коркунуч жаратпастан, жаратылыш катаклизмаларынын тобокелдигин жогорулатууда. Кыргызстандын эң алыскы облустарынын бири болгон жана калктын кирешеси айыл чарбасынан өтө катуу көз каранды болгон, ошону менен бирге суунун тартыштыгы же сезондук жаан-чачындардын өтө көп саны, түшүмдү көп берүүчү жерлердин чөлдүү талаага айланышы жана алдын ала айтууга кыйын болгон жаратылыш шарттарынын өзгөрүүсү болуп турган Баткен облусунда айыл чарба продукциясын өстүрүүнү татаалдантат. Анын натыйжасында, фермерлер чоң жоготууларга учурашат, аларга кайтадан айдоо жүргүзүүгө, себүүнүн сезондорун жана түшүм жыйноону адаптациялоого  ж.б. туура келет. Ошондуктан дыйкан чарбаларынын климаттын өзгөрүүсүн алдын алууга жана ага жооп кайтаруучу аракеттерди жүргүзүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө зарылчылыктар келип чыгат, ал иш-чаралар калктын алган кирешесине жана аларга адаптациялоого чыгымдарына жаратылыш катастрофаларынын тийгизген таасирин азайтууга жардам берет.

Климаттын өзгөрүүсүнүн тикелей жана реалдуу болгон коркунучун эске алып, 2019-жылдын ноябрь айында БУУнун Өнүктүрүү Программасы Россия Федерациясынын өкмөтүнүн финансылык колдоо көрсөтүүсүндө “Климаттык акылдуу” сугарууну жана селдерден коргоо чараларын колдонууга киргизүү аркылуу Баткен облусунун климаттык туруктуулугун күчөтүү” жаңы долбоорун ишке киргизди.

Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүүсүнүн тийгизген таасирлерине адаптациянын Улуттук планын ишке ашыруунун бир бөлүгү катары долбоор өлкөнүн климаттын өзгөрүүсүүнүн таасирлерине өтө аялуу болуп саналган Баткен облусунун максаттуу айыл чарба коомчулуктарында туруктуулукту күчөтүүгө жана климаттын өзгөрүүсүнөн жоготууларды төмөндөтүүгө багытталган.

Долбоордун координатору Кумар Кылычев менен болгон маекте ал долбоордун негизги багытын айтып берген – “жаратылыш катаклизмалары алдында калктын аялуу болушун төмөндөтүү, ага өз ара толуктап туруучу чечимдерди комплекстүү түрдө алдыга жылдыруу, климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо практикасын колдонууну кеңейтүү жолу менен жетишүүгө болот, алар мурда айыл чарбасы, суу ресурстарын интеграцияланган тескөө жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин төмөндөтүү жаатында БУУ Өнүктүрүү программасы тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылган”.

“Биздин долбоор климаттын өзгөрүүсү тууралуу БУУнун Алкактык конвенциясынын жана Париж макулдашуусунун жана 2030-жылга чейинки мезгилге туруктуу өнүктүрүү жаатында БУУнун Күн тартибинин, атап айтканда 13-максат “Климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү” алкагында Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмелерди эске алуу менен климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү жаатында саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга өзүнүн анча чоң эмес, ошол эле учурда олуттуу салымын кошот” – деп айтты Кылычев Кумар.

Долбоор бир нече, анын ичинде суу натыйжалуу технологияларды жана ирригациялык системаларды коргоону колдонууну кеңейтүү багыттары боюнча иштейт.

Облусту ар тараптуу социалдык-экономикалык жактан талдоонун, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү иликтөөнүн, көйгөйлөрдү, өнүктүрүү үчүн салыштырмалуу жергиликтүү артыкчылыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү талдоонун негизинде улуттук өнөктөштөр менен биргеликте максаттуу коомчулуктарда сугаруунун суу үнөмдөөчү технологияларын колдонууга киргизүү үчүн 40 участка жана орун аныкталган.   

 “Долбоор Аксуу, Алга, Кулунду, Марказ, Орозбеков, Самаркандек жана Төрт Күл айыл аймактарында фермерлердин жер участкаларында “акылдуу сугарууну” колдонууга киргизүү процессине өбөлгө түзгөн, анда тамчылатып сугаруу системасы фермерлер тарабынан 82 га жерде колдонулат. Реабилитацияланган участкаларда сууну потенциалдуу үнөмдөөнүн эсептик көлөмү 284,879 кубометрди түзөт. Бул иш-чаранын жалпы наркы 11 802 620 сомду түзгөн, алардын ичинен 45%ын фермерлердин салымы түзөт жана калган 55%ы ПРООН-РТФ долбоорунун эсебинен жабылган. Сугаруунун орнотулган системасы фермерлер арасында тираждоонун мисалы катары кызмат кылат, бул иш-чараларды улантууда агроклиматтык маалыматты пайдалануу, ар кандай гидроклиматтык көрүнүштөргө даярдык, төмөнкү нымдуулук менен региондо сугарууга натыйжалуу мамиле кылуу боюнча фермерлер үчүн тренингдер пландаштырылууда” – деп түшүндүрдү, суу ресурстарын тескөө боюнча долбоордун адиси Эмил Аматов.

Фермер Кадича Айдарова үчүн орнотулган, Кулунду айыл аймагындагы Интернационал айылында тамчылатып сугаруу үчүн жасалган участок ага болгон мисалдардын бири катары кызмат кылат. Кадича Айдарова ушул жылдын август айынын ортосунан тартып, өзүнүн жеринин эки гектарында тамчылатып сугаруу системасын колдонот жана тамчылатып сугаруу системасын колдонуу менен жер участкасын кеңейтүү боюнча пландар пайда болду, анткени тамчылатып сугаруу системасын колдонуунун оң натыйжасы көзгө көрүнүктүү болуп калды, продукциянын түшүмдүүлүгү сезон ичинде 10-15%га жогорулады, ошону менен бирге суу керектөөнү 50%га чейин төмөндөтүү менен топурактын түшүм берүүчүлүгү сакталып калат.

 «Биз эми гана бул системаны колдоно баштадык. Ал жөнөкөй жана абдан ыңгайлуу болду. Жумасына 1-2 жолу гана сугарабыз. Биздин бактарыбыз мурдагыдай кургак эмес. Ушундай колдоо көрсөткөнү үчүн мен ПРООН-РТФ Долбооруна ыраазычылык билдирип кетким келет», - дейт Кадича Айдарова.

Ошондой эле, долбоордун алкагында Баткен облусунун пилоттук айыл аймактарынын 8 ички чарбалык ирригациялык объекттеринде, агрометеорологиялык байкоо жүргүзүүлөрдүн тармактарын кеңейтүү боюнча иштер демилгеленген, алар тууралуу силерге биздин кийинки басылмаларыбызда айтып беребиз.

Тамчылатып сугаруу. Баткен облусу.