Кеминдин тургундары үчүн Акысыз юридикалык жардам борбору ачылды

2020-ж., 25-December

Кемин, 2020-жылдын 25-декабры. Бул күнү Чүй облусунун Кемин шаарында КРнын Юстиция министрлигинин Акысыз юридикалык жардам борбору (АЮЖБ) ачылды. Бул Кыргызстанда ачылган Акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү борборлордун 29унчусу болуп саналат.

Борбордун ачылуу аземине Юстиция министри Марат Джаманкулов, Юстиция министрлигинин астындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун (МКЮЖБ) директору Акжол Калбеков, Кемин шаарынын мэри Солайбек Досов, МКЮЖБнын юристтери менен адвокаттары, БУУӨПтүн Кыргызстандагы өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Марат Джаманкулов

Юстиция министри Марат Джаманкулов: “Акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү борборлорду түзүү алыскы айылдарда жашаган калкка сапаттуу квалификациялуу  юридикалык жардамдарды алууга мүмкүндүк берет. Бул өз жарандары үчүн мамлекет кепилдеген юридикалык жардам болуп саналат. Өнөктөштөрүбүздүн жардамы аркылуу биз бүгүн ушуну менен жарандарга сапаттуу юридикалык жардам берүү үчүн керектүү шарттар менен камсыздалган 29-Акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү борборду ачып жатабыз. Калкка МКЮЖБнын системасына кирген тажрыйбалуу юристтер менен жактоочулар кеңеш беришмекчи”.

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү борборлордун негизги милдеттери – бул калктын аярлуу катмарынын укуктук жактан корголушунун деңгээлин жогорулатуу, укуктук агартуу, укуктук жактан маалымдоо, калктын аярлуу катмарынын сот адилеттигине мүмкүндүк алуусун камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга кол кабыш кылуу, айрым категориядагы жарандардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдарды алуу укугун камсыз кылуу үчүн акысыз юридикалык жардам берүү. Акысыз юридикалык жардам укуктук жактан кеңеш берүү жана юридикалык маселелер боюнча оозеки кеңеш берүү жолу менен маалымдоо, ошондой эле, документтер долбоорун түзүү боюнча жардам берүү формасында көрсөтүлөт.

Томица Паович

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Томица Паович Акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү борборлордун Кыргызстандагы маанилүү ролун белгилеп өттү: “Юридикалык жардам укуктарды турмушка ашыруунун негизи болуп саналат, анын ичинде адилеттүү соттук териштирүү укугу да бар. Ошондой эле, адилеттүүлүктүн негизин камсыз кылууга жана коомчулуктун сот  адилеттүү өтүүсү боюнча улуттук процессине ишеним көрсөтүүсүнө маанилүү кепил болуп берет.

Юридикалык жардам көрсөтүү борборлору негизги үч багыт боюнча аябай натыйжалуу аракет кылат:

- Биринчиден, коомдун терең түшүнүү жана юридикалык укуктарды билүү жолу менен. Бул аялдарга алардын укуктары эркектердин укуктарынан кем эмес маанилүү экендигин, алар дискриминациядан эркин болуу укугуна ээ экендигин жана мыйзам алдында эркектер менен бирдей экендигин түшүнүүгө жардам берет;

- Экинчиден, юристтерге этиканы сактоо жана өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндөгү талаптагыдай укуктук жол-жоболорунун принциптерин колдонууга жардам берет;

- Үчүнчүдөн, жергиликтүү сот адилеттигиндеги көйгөйлөрдү чечүү максатында коомчулук жана сот системасынын кызматкерлери менен жакшы диалог түзүп алуу жолу.

Акысыз укуктук жардам көрсөтүү борборлору Кыргыз Республикасынын ийгиликтүү ишмердүүлүгүнүн үлгүсү болуп санала тургандыгы анык. Алардын укуктук жактан кабардар болуу деңгээлин жогорулатуу жана сот системасы менен элдин ортосундагы байланышты камсыз кыла турган ролу өтө маанилүү”.

Жаңы АЮЖБ адвокаттары

Учурда республика боюнча Бишкек, Ош, Токмок, Кант, Кара-Балта, Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Кара-Суу, Ноокат, Жалал-Абад, Кербен, Каракуль, Баткен, Исфана, Кадамжай, Талас, Нарын жана Өзгөн шаарларында, ошондой эле Беловодское, Кара-Кулжа, Гүлчө, Араван, Дароот-Коргон, Базар-Коргон, Кочкор жана Сокулук айлдарында 28 акысыз юридикалык жардам борбору иштеп жатат. Толугураак маалыматты бул шилтеме боюнча табууга болот:  http://www.ukuk-jardam.gov.kg/ru/p/contacts/centers

«Кемин» АЮЖБ республика масштабында 29-борбор, ал эми БУУнун Өнүктүрүү Программасынын кодлоосунда ачылган 15-борбор болду. 2020-жыл ичинде 14 АЮЖБда 3718 консультациялык-укуктук жардам 2116  (1156 аял, 960 эркек, алардын ичинде 36 майыптыгы бар адамга) адамга  көрсөтүлгөн.

Борборлордун ачылуусу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын “КР аймагында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында туруктуу адилеттике карай” долбоорунун алкагындагы кызматташтыктын натыйжасында мүмкүн болду. Долбоор Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланууда.