2020-жылдын 30-ноябрынан 5-декабрына чейин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан уюштурулган калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Декада өттү.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, декада ичинде калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам алуу үчүн 4000ден ашуун адам юстиция органдарына, анын ичинде мамлекеттик нотариустарга кайрылышкан.
Аймактар боюнча алдын ала маалыматтар:
- Ош облусунда - 392;
- Ысык-Көл облусу боюнча - 148;
- Жалал-Абад облусунда - 945;
- Нарын облусунда - 280;
- Баткен облусунда - 336;
- Талас облусунда - 373;
- Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 1497ден жогору.
Декаданын ичинде, жарандар көбүнчө мураскорлук, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө менчик укугу (күрөө, тартуу кылуу, сатып алуу-сатуу), үй-бүлөлүк мыйзам (ажырашуу, мүлктү бөлүштүрүү, балдардын жашаган жерин аныктоо), кылмыш-жаза мыйзамдары, административдик укук бузуулар, социалдык коргоо (пенсия, жөлөк пул), жер маселелери (жер участокторун каттоо, укук белгилөөчү документтерди алуу ж.б.), ошондой эле документтешттирүү, каттоо/кайра каттоо, ишмердүүлүгүн токтотуу, документтерди апостилдештирүү менен байланышкан маселелер боюнча кайрылышкан. Мындан тышкары, консультациялар учурунда жарандар квалификациялык юридикалык жардам сурап кайрылышкан.
Ошол эле учурда, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору жалпыга маалымдоо каражаттары (телекөрсөтүү, радио, гезиттер) аркылуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутуму жөнүндө кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүздү жана Борбордун кызматкерлери юристтер менен биргеликте онлайн консультацияларга, ТВ жана радиолордун түз эфирлерине катышты.
Юстиция министрлигинин жана анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери республика боюнча калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүштү. Кызматкерлер менен катар мамлекеттик нотариустар, Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору аймактык юстиция башкармалыктарында, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун юристтери консультациялык-укуктук жардам көрсөтүштү.
Мындан тышкары, Декадага консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча айрым мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана бир катар коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Ошондой эле, мурунку жылдары Юстиция министрлиги ушул сыяктуу иш-чараларды эл көп чогулган жерлерде өткөрсө, быйыл өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жана чектөө чараларын эске алып, декаданын форматы бир топ өзгөрдү. Декада негизинен онлайн режиминде өттү. Жарандар кеңеш алуу үчүн телефон (чалуулар), мессенджерлер (вотсап), Фейсбук социалдык тармагы, 112 тынымсыз байланышы аркылуу кайрылышты.
Белгилей кетсек, декада ичинде кайрылган жарандардын саны биротоло эсептелгенден кийин, толук маалымат Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайттарында жеткиликтүү болот: http://minjust.gov.kg/ Фейсбук баракчасы: https://www.facebook.com/minjustKR/ жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору: http://ukuk-jardam.gov.kg/ Фейсбук баракчасы: https://www.facebook.com/ggupkr/.
Долбоордун өнөктөштөрү Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги-БУУӨПтүн “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоору, “Сорос-Кыргызстан” Фонду жана Германиянны эл аралык кызматташтык коому GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөк көргөзүү долбоорунун 2-фазасы” Программасы.