"Ак илбирс менин атымда жашайт" сынагы

2020-ж., 23-October

Ак илбирс. Фото: Иван Турковский

Ак илбирстин эл аралык күнү жыл сайын 23-октябрда белгиленет. 2013-жылдын ушул күнү ак илбирсти сактоо боюнча Бишкек декларациясы кабыл алынып, анда бул жаныбардын жашаган чөйрөсү болгон 12 мамлекет ак илбирстерге жагымдуу шарттарды камсыз кылууга милдеттенишкен. Ак илбирс карлуу чокулардын жанында жашагандыктан, тоо экосистемаларынын "ден-соолугунун" көрсөткүчү катары эсептелет.

Тилекке каршы, учурда ак илбирс тукум курут болуу алдында турат жана биологиялык ар түрдүүлүктүн бир бөлүгү катары, аны сактоо үчүн эл аралык коомчулуктун тыкыр көңүлүн талап кылат. Бул багыттагы маанилүү факторлордун бири "биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануу боюнча билим берүү жана калкты маалымдоо".

Азия элдеринин тарыхында жана салттарында илбирс эркиндиктин жана көз-карандысыздыктын символу болгон ыйык мааниге ээ. Тарыхтагы улуу инсандардын аттары жаратылыштын өкүлдөрү - жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн ысымдарын сыймыктануу менен алып жүрөт. Мисалы, Енисей кыргыздарынын башкаруучусу Барсбек Каганды алалы.

Адамдын тагдырына болгон ысымдын таасири илгертен бери эле белгилүү. Баарыбызга маалым болгондой, ысым адамдын ажырагыс бөлүгү, анын коомдогу “визиттик картасы”, анын жүзү. Ат аны алып жүрүүчүнүн мүнөзүн чагылдырат, дүйнө таанымын аныктайт жана айлана-чөйрө менен болгон мамилесине таасир этет деп баарыбыз кандайдыр бир деңгээлде эсептейбиз.

Жогорудагылардын негизинде, биз "барс" менен байланышкан ысымдары бар адамдардын тагдыры кандай өзгөргөн, алардын айлана-чөйрөгө, илбирстерди, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого жана сактоого көз карашы тууралуу билгибиз келет.

Ошондон улам биз Ак илбирстин эл аралык күнүнүн алкагында, аты «барс» сөзүн камтыган адамдардын арасында сынакты баштайбыз. Биз ушундай "барстуу" аттардын ээлерине кайрылып, алардан өзү жөнүндө, аты тууралуу айтып берүүсүн суранабыз. Сынакка катышып, өзүңүздүн окуяңыз менен бөлүшүңүз.

Бул үчүн эмне кылуу зарыл?

Конкурса катышуунун эң алгачкы шарты – атыңыздын курамында «барс» сөзү болууга тийиш. Мисалы, Барсбек

A. Сиздин "барс" атыңыз сиздин жашооңузга, дүйнө таанымыңыздын жана мүнөзүңүздүн калыптанышына, ак илбирске болгон мамилеңизге кандайча таасир эткендиги жөнүндө ойлонуп көрүңүз,

B. Бул жөнүндө кыскача видеоңузда айтып бериңиз (хронометраж – 1-2 мин),

B. Постту социалдык тармактардан бөлүшүңүз (Facebook жана/же Instagram).

Сынактын шарттары:

1.  Бардык посттор 2020-жылдын 23-октябрынан 6-ноябрына чейин соцтармактарда жайгаштырылышы керек.

2.   #МенинАтымБарс, #МеняЗовутБарс,  #MyNameIsBars жана #UNDPKG хэштегдерин колдонуп, @undpkg деп белгилөөнү унутпаңыз. Катышуу үчүн профиль ачык болушу керек.

3.   Видеого шилтемени mirlan.dyikanbaev@undp.org жөнөтүү зарыл.

Сынактын негизинде биз үч жеңүүчүнү аныктайбыз - оригиналдуу видеонун ээлерин аныктап, смартфон жана башка белектерибизди тартуулайбыз.

Сынактын жыйынтыгы 2020-жылдын 10-ноябрында чыгарылат

Сынакка катышып, атыңызды тууралуу айтып бериңиз, ой-пикириңиз менен бөлүшүңүз.

Суроолор үчүн байланыш телефон  +996 779 66 55 99 же электрондук дарек mirlan.dyikanbaev@undp.org