Жаштар шайлоодо баамдап тандоо жасашат

2020-ж., 15-September

Иш-чаранын биринчи күнү жаштар парламентаризм боюнча түшүнүк алышты

Бишкек, 15-сентябрь - Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын 30дан ашуун жаштары парламенттик шайлоо алдында баамдап тандоо жасоо боюнча элдерге түшүндүрүүчү видео материалдарды даярдап, жайылтышат. Ал үчүн Ош шаарында 11-13-сентябрь күндөрү атайын «Баамдап тандоо жаса» медиа лаборатория өткөрүлдү.

Иш-чаранын биринчи күнү жаштар парламентаризм боюнча түшүнүк алышып, экинчи жана үчүнчү күндөрү атайын менторлордун жардамы менен түркүн идеялар боюнча акыл калчап, сценарий жазып, видео ролик жаратуу жана түркүн маалымат булактарына жайгаштыруу негиздерин үйрөнүп, иш жүзүндө аткарып көрүштү.

Жыйынтыгында 8 команданын ичинен 3 команда атайын калыстар тобунун тандоосунан өтүп, өз идеяларын иш жүзүнө ашырганга мүмкүнчүлүк алышты. Алар 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого карата демократиялык парламентаризмди жайылтуу максатында өз видеолорун түркүн телеканал, социалдык тармактар жана онлайн басылмалар аркылуу жарыялашат.

Таиржан Турсуналиев атындагы медиа мектеби активдүү жаштарга парламентаризм боюнча жалпы түшүнүк берип, жана аларга медиа өнүм жасоону үйрөтүп, ал материалдар аркылуу парламентттик демократиянын баалуулуктарын жайылтуууну көздөйт.

“Жаштар парламенттик демократиянын баалуулуктары үчүн” демилгеси БУУӨП Кыргыз Республикасында жүзөгө ашырып жаткан Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин (SDC) долбоорунун алкагында өткөрүлдү.