Мыкты эко-чечимдер. БУУӨПтүн таштандыларды туура пайдалануу боюнча конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

2020-ж., 4-September

БУУӨПтүн калдыктарды өз-өзүнчө бөлүп чогултуу боюнча конкурсу аягына чыгып, анын алкагында 30га жакын өтүнмөлөр келип түшүп, анын ичинен төртөөнүн идеясын ишке ашыруу үчүн каржы бөлүнүп бериле турган болду. 

«Тазар» мобилдүү тиркемеси 

Бишкектиктерге кайсы таштандыны кайсы жакка алпаруу керектиги тууралуу маалымат жетишсиз болуп калган учурлар көп. Таштандылардын айрымдарын полигондогу таштандылардын көлөмүн азайтуу үчүн кайра иштетсе туура болмок. Калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу – бул көптөгөн өлкөлөрдө пайдаланылган жана жөнөкөй болгону менен эң натыйжалуу болгон эко-чечимдердин бири болуп саналат. Конкурстун жеңүүчүсү болгон «Тазар» ушул көйгөйдү чечүүнү сунуштайт. 

Тазар —  бул мобилдүү тиркемелер аркылуу Кыргызстандагы таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртууга багытталган платформа болуп саналат. Тазар тиркемеси шаардык тургундар менен таштандыларды кайра иштетүүчүлөрдүн ортосунда байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берип, “Утилизация» (“Жок кылуу”) экинчилик чийки затты кабыл алуу пункттары көрсөтүлгөн деталдаштырылган карта жана жарандарды колдоонун бонустук тутуму бар “Менин кайра иштетилген таштандыларымды алып кеткиле” опциясы катары эки функцияны аткарат. Биринчи функция iOS жана Android платформасында иштеп баштаган. Колдонуучулар Tazar App тиркемеси аркылуу жакын жерде жайгашкан жана пластик, айнек, кагаз, полиэтилен, металл, органика, техника калдыктарын кабыл ала турган, ошондой эле уулуу калдыктарды өткөрсө боло турган жерлерди картадан таап алып, ал жактарга өткөргөн таштандылары үчүн акчалай компенсация алышса болот. БУУӨП тарабынан тиричилик таштандыларын кабыл алуучу жерлердин базасын жаңыртууга, эколог-изилдөөчүнүн ишине акы төлөөгө, ошондой эле тиркемени кеңири жайылтуу жана кайра иштетүү үчүн таштанды өткөргөн адамдардын санын көбөйтүү максатында онлайн жана офлайн коммуникациялык колдоо көрсөтүү иштери колдоого алынмакчы. 

Tazar командасы

Экинчи орун пластикти өз-өзүнчө бөлүп чогултуу үчүн экологиялык үкөктөрдүн жаңы дизайнын иштеп чыккан Бигрин командасына ыйгарылды. Долбоордун тең-негиздөөчүсү Аман Сейдакматовдун айтымында, аң-сезимдүү жарандардын саны арбып, экологиялык үкөктөр 4 күндө эле толуп калууда. Бир экологиялык үкөккө 400 пластик бөтөлкө батат. Алар шаардын эки кичи районуна коюлмакчы. Үкөк инсталляция түрүндө даярдалып, жарандар аны пластик катары кабылдачу бөтөлкө формасында жасалган. БУУӨПтүн колдоосу менен мындай эко-үкөктөрдүн саны көбөйтүлөт, мунун аркасында кайра иштетилүүчү калдыктардын көлөмү көбөйүп, калкты таштандыларды өз-өзүнчө бөлүп топтоого көндүрүүгө шарт түзүлөт.  

Begreen командасы

Үчүнчү орун «Таза айыл» долбооруна берилди, долбоордун негиздөөчүлөрү – Кречнев Максим менен Лужанский Дмитрий. Эко-конкурстун алкагында шык-дем берүүчү жыйырма беш мүнөттүк документалдык фильм-мануал даярдалып, анда таштандыларды өз-өзүнчө бөлүп чогулткан жамааттардын тажрыйбасы жана бул көйгөйдү чечүү жолдору тууралуу кеңири сөз кылынат. Бул фильм жамааттардын республиканын бардык аймактарында таштандыларды бөлүп чогултуу боюнча тажрыйбасын жайылтууга көмөктөшөт.  

Адегенде үч байгелүү орун болоору жарыяланганына карабастан, органикалык калдыктарды компостирлөө ыкмасынын маанисин жана аны калк арасында жайылтуунун актуалдуулугун эске алуу менен БУУӨП төртүнчү өтүнмөнү да колдоого алууну чечти. Бул өтүнмөдө органикалык калдыктарды компостирлөө ыкмасын колдонуу аркылуу органикалык таштандылардын көлөмүн азайтуу сунушталган. Ар кандай изилдөөлөрдүн жйынтыктарына караганда, бардык калдыктардын 50% органикалык таштандылар түзөт. Бул ыкманы жайылтуу полигондорго келип түшө турган органикалык калдыктардын көлөмүн азайтып, аларды органикалык жер семирткичтерге айландырууга мүмкүндүк берет. «Эко-ыктыярчы» долбоорунун автору –эко-активист жана  химия, биология сабактарынын мугалими Нурзат Жумамудунова, ал «Ала-Тоо» жаңы конушунда, Сары-Өзөн базарында жана «Бишкекзеленхоз» муниципалдык ишканасында компост-аймактарды уюштурууну пландоодо. 

БУУӨП өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана кыргызстандыктарды экологиялык жактан агартуу иштерине байланышкан маселелерге өзгөчө көңүл бурат, билим берүүчүлүк демилгелер жана конкурстар аркылуу курчап турган айлана-чөйрөгө жооптуу мамиле кылууну калыптандырат. Бул эко-демилге PAGE (Жашыл экономика үчүн өнөктөштүк иш-аракеттер - https://www.un-page.org) долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.