БУУӨП укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн шайлоо учурунда кастык тилин колдонууну болтурбоо боюнча тренингдерди өткөрүүдө

2020-ж., 4-September

Агрессивдүү сүйлөнгөн сөздөрдү жайылтуу шайлоо процессин кыйла татаалдантып жиберет жана олку-солкулукка алып келген даттануулардын болушу тобокелдигин күчөтөт.

2020-жылдын 26-августунан 5-сентябрына чейин БУУӨП КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы”   коомдук бирикмеси менен биргеликте укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн шайлоо учурунда кастык тилин колдонууну болтурбоо боюнча бир катар тренингдерди өткөрүүдө. Тренингдердин негизги максаты –2020-жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоолордун адилет, ачык, тынч жана демократиялуу болушун камсыздоо максатында кастык тили колдонулган учурларды так жана натыйжалуу аныктоо боюнча Кыргызстандагы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Тренингдер КР Ички иштер министрлигинин, прокуратуранын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) 350 кызматкери, ошондой эле судьялар үчүн онлайн режиминде өткөрүлүүдө. Тренингдердин натыйжасында катышуучулар басмырлаган мүнөздө айтылган сөздөр менен мыйзамдуу саясий сөздөрдүн ортосундагы айырмачылыктарды так ажыратып түшүнүү жолу менен кастык тили колдонулган учурларды, ушул фактыларга карата жазык мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү аныктоо көндүмдөрүнө ээ болушат. 

Тренингдер КР Ички иштер министрлигинин, прокуратуранын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) 350 кызматкери, ошондой эле судьялар үчүн онлайн режиминде өткөрүлүүдө.

БУУӨПтүн Шайлоо боюнча программасынын башкы кеңешчиси Юлия Шипилованын айтымында: «Агрессивдүү сүйлөнгөн сөздөрдү жайылтуу шайлоо процессин кыйла татаалдантып жиберет, шайлоо процессине болгон ишенимди төмөндөтөт жана коомдун бөлүнүп-жарылышына көмөктөшүп, зомбулукка жана олку-солкулукка алып келген даттануулардын болушу тобокелдигин күчөтөт. Шайлоо процессине катышкан саясий партиялар атаандашып, көп учурларда катуу айтып алышы мүмкүн, бирок бул дайыма эле кастык тили боло бербейт. Ошондуктан укук коргоо органдары саясий күрөштүн бир бөлүгүнө айланып кетпей, кастык тилин башка айтылган сөздөрдөн так ажырата билүүсү өтө маанилүү болуп саналат».

Тренингдер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоону өткөрүүгө жардам көрсөтүү жөнүндө расмий суроо-талабына жооп катары БУУӨП жүзөгө ашырып жаткан Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо программасынын алкагында уюштурулган.

2020-2021-жылдарга карата Кыргыз Республикасында шайлоолорду өткөрүүнү колдоо программасы БУУӨП тарабынан Кыргызстанда КР БШК менен кызматташтыкта Швейцариянын каржылык колдоосу менен жүзөгө ашырылууда. Программаны ишке ашырууга жооптуу тарап болуп Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭАУ) да эсептелинет, ал программанын көбүнчө Россия Федерациясы менен Казакстан Республикасында жүргөн мигранттардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча компонентин ишке ашырууда.