БУУӨП жана Корея Эл Аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA) кризистик кырдаалдарды бекемдөө иш-аракетине жана Өзгөчө кырдаал Министрлигинин ишине өз салымын кошушат

2020-ж., 7-September

Бул жардам БУУӨП – KOICA  “Кыргыз Республикасынын өрт – куткаруу кызматынын потенциалын күчөтүү аркылуу калктын өрт коопсуздугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. COVID-19 кризисине жооп иретинде долбоор конференциялар үчүн медициналык маскаларды жана шаймандарды сатып алууга 50 миң доллар бөлдү. 25 миң медициналык маскалар 2020-жылдын июнь айында Өзгөчө Кырдаал Министрлигине өткөрүлүп берилген.

БУУӨП кризис башталгандан тартып COVID-19 кризиси менен эффективдүү күрөшүүдө Кыргыз Өкмөтү менен иш алып барат.  Жалпысынан БУУӨП Кыргызстандын саламаттык сактоо, эрте калыбына келтирүү, социалдык биримдик жана шайлоо тармагына 4,4 миллион доллардан ашык жардам көрсөтүлдү. БУУӨП Кыргыз Республикасына мындан ары дагы колдоосун көрсөтүүгө даяр, COVID-19 кесепетин экономикага жана коомго тийгизген таасирин азайтууда жана өлкөнүн Туруктуу Өнүгүү Максаттарына жетүүгө жардамын көрсөтүүнү улантат.

БУУӨП Бириккен Улуттар Уюмунун алдыңкы уюму катары адилетсиздикти, жакырчылыкты жана теңсиздикти жоюу максатында жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүп келет. Дүйнөнүн 170 өлкөсүндө кеңири тармактагы эксперттер менен бирге иштеп биз дүйнөнүн өлкөлөрүнө интеграцияланган, узак мөөнөттөгү чечимдерди кабыл алууга жардам беребиз. Биз тууралуу кеңири маалыматты kg.undp.org сайтынан алсаңыз болот жана @UNDPKG социалдык тармактагы баракчага кошулуңуз.