БУУӨП Кыргыз Республикасынын ИИМ кызматкерлерине ЖКК тапшырды

2020-ж., 2-October

фото: Нуржан Алымканова / БУУӨП Кыргызстан

Бишкек, 2-октябрь, - Бүгүн, БУУӨПтүн мыйзам үстөмдүгү боюнча Глобалдуу программасынын каржылоосундагы “Кыргыз Республикасындагы укуктук жана соттук секторду реформалоону ишке ашырууну стратегиялуу, инклюзивдүү жана ийкемдүү илгерилетүү” долбоорунун алкагына БУУӨП Кыргыз Республикасынын ИИМ кызматкерлерине жеке коргоочу каражаттарын сатып алып, тапшырды.

КР ИИМ өтүнүчү боюнча, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алуулар көбөйүп жатканына байланыштуу, БУУӨП министрлик бөлүмдөрүндөгү кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн 1000 даана коргоочу көз айнек, 1000 даана коргоочу халат, жана ошондой эле 3168 даана  N95 респиратор тапшырды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин УКЭКБнын бөлүм башчысы, милициянын майору Акылбек Шаршенбиев фото: Нуржан Алымканова / БУУӨП Кыргызстан

“Көрсөткөн жардамыңар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бүгүнкү күндө, анын ичинде парламенттик шайлоону өткөрүү учурунда  бул кошумча жеке коргонуучу каражаттар ички иштер органдары үчүн абдан манилүү.  Анткени биринчи иретте  шайлоо  жарандарга жана алардын ден соолугуна  коопсуз болушу керек”,-деп БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрүнө кайрылып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин УКЭКБнын бөлүм башчысы, милициянын майору Акылбек Шаршенбиев билдирди.

“Укуктук жана соттук секторду реформалоону ишке ашырууну стратегиялуу, инклюзивдүү жана ийкемдүү илгерилетүү” долбоорунун алкагына БУУӨП Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашырууда эксперттик жана техникалык жардам көрсөтөт.

Долбоордун өнөктөштөр катарында Президенттин Аппараты, Өкмөттүн Аппараты, Жогорку Кеңеш, Соттук реформа кеңеши, Президенттин Аппаратына караштуу соттук-укуктук реформага мониторинг боюнча эксперттик жумушчу топ, Юстиция министрлиги, Финасы министрлиги, Ички иштер министрлиги, Жогорку сот, Башкы прокуратура, жарандык коом уюмдары, Адвокатура, Жогорку сотко караштуу адилеттүүлүктүн жогорку мектеби, Башкы прокуратура прокурордук-тергөөчүлүк кызматкерлерди кесипкөй даярдоочу борбору, Адвокаттардын окутуу борбору.

фото: Нуржан Алымканова / ПРООН Кыргызстан