Сарычат-Ээрташтагы «аркаркароо»

2020-ж., 20-September

Тренингдин катышуучулары Сарычат-Ээрташ коругунун аймагындагы аркарлардын эсебин алууда. Фото: Мирлан Дыйканбаев / БУУӨП Кыргызстан

Сарычат-Ээрташ коругу Батыш Тянь-Шандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын өкүлдөрүн кабыл алды. Алатай, Кан-Ачуу, Сары-Челек, Падыш-Ата, Дашман, Беш-Арал жана Саймалуу-Таш жаратылыш парктарынын жана коруктарынын башчылары, аң сакчылары, изилдөөчүлөрү жана коомдук инспекторлору жапайы тоо туяктууларынын жана ак илбирстин популяциясына мониторинг жүргүзүү методикасы менен таанышышты. 

Эки күндүк тренингдин жүрүшүндө катышуучулар табигый жана антропогендик факторлордун зыянын баалоо ыкмалары менен таанышып, браконьерликке каршы күрөшүүдө коомдук күзөттү уюштуруу принциптери менен таанышышты. Иш жүзүндө экологдор жапайы туяктуулар арасында визуалдык санакты жүргүзүп, жаныбарлардын жашын жана жыныстык курамын аныктап, алардын жашоо чөйрөсүнө баа беришти. Бул ыкмаларды изилдөө биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо абдан маанилүү, анткени табигый процесстерге байкоо жүргүзүү өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында илимий маалыматтарды чогултуунун негизги формасы болуп саналат.

Сарычат-Ээрташ коругунун аймагында практикалык машыгуу. Фото: Мирлан Дыйканбаев / БУУӨП Кыргызстан

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун зоология жана омурткалуу жаныбарлар лабораториясынын башчысы Аскар Давлетбаков тренингдин катышуучуларына ак илбирсти жана башка жапайы жаныбарларды эсептөө ыкмасынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берип, алардан аймакты иш жүзүндө сүрөттөп, аркарлардын санын санап, аларды каттоо баракчаларын толтуруп жазууну тапшырма кылып берди. 

Аскар Давлетбаков катышуучуларга жапайы жаныбарларды каттоо карталарын толтуруунун жолдорун түшүндүрүүдө. Фото: Мирлан Дыйканбаев / БУУӨП Кыргызстан

Сарычат-Ээрташ коругу практикалык көнүгүүлөр үчүн кокустан тандалган эмес. Корук өзүнүн бай фаунасы, жапайы жаратылышты коргоодогу чоң тажрыйбасы жана талаа иштерин жүргүзүүгө ылайыктуу тоолуу аймактары менен айырмаланып турат. Азыр бул жерде ак илбирс, аюу, аркар, тоо куштары байырлайт. Жергиликтүү аң сакчылардын айтымында, корук өлкөдөгү "Кызыл китептеги жаныбарлар коопсуз жашоочу" сейрек жерлердин бири.

Сарычат-Ээрташ коругунун өкүлдөрү кесиптештерине эл аралык экологиялык уюмдар менен кызматташуу тажрыйбасы жөнүндө айтып беришип, илбирстерди эсептөөдө жана көзөмөлдөөдө жаңы маалымат технологияларын колдонууда жетишкендиктери менен бөлүштү. 

Сарычат-Ээрташ коругунун презентациясы учурунда. Фото: Мирлан Дыйканбаев / БУУӨП Кыргызстан

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо департаментинин башчысы Эрнист Токтоназаров өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу максатында ушул жылдын башынан бери өткөрүлүп жаткан тренингдердин өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, анын натыйжалары жөнүндө ой бөлүштү. «Бүгүнкү күндө курч көйгөйлөрдүн бири жаратылышты коргоо жаатындагы кадрлардын потенциалы менен байланыштуу. Мындай тренингдер алардын дараметин жогорулатуу үчүн абдан пайдалуу. Экинчи маанилүү жагдай - бул илимий-изилдөө иштерин күчөтүүгө багытталган окутуу программасы. Азыркы тапта бул чөйрө өлкөнүн өзгөчө корголуучу аймактарынын милдеттеринин тизмесинде негизги багыттардын бири болуп саналат. Ушул жылдын аягында биз өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүнү пландап жатабыз жана бул тренингдер кызматкерлерди экологиялык чөйрөдөгү бир катар негизги темалар боюнча теориялык жана практикалык жактан керектүү окутуу болот деп ойлойм”, - деди Эрнист Токтоназаров.

Тренинг учурунда Эрнист Токтоназаровдун катышуучуларга кайрылуусу учурунда. Фото: Мирлан Дыйканбаев / БУУӨП Кыргызстан

Сарычат-Ээрташ коругунун директору Мухтар Мусаев Батыш Тянь-Шань корголуучу аймактарынын өкүлдөрүнө токой чарбасын башкаруу жаатындагы жетишкендиктер, аң сакчылардын ишин уюштуруу, биотехникалык иш-чаралардын негизги багыттары, канаттуулар жана омурткалуу жаныбарларды каттоонун натыйжалары жөнүндө айтып берди. Коруктун жетекчиси эл аралык жаратылышты коргоо уюмдарынын жардамы менен учурда илбирстерди изилдеп, алардын кыймылына байкоо кылып, заманбап ыкмаларды колдонуу менен алардын санын эсепке алууну жүргүзүп жатышкандыгын белгиледи.

Акыркы жылдардагы Сарычат-Ээрташ коругунун браконьерликке каршы күрөшүү тажрыйбасы катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты. Ак-Шыйрак айылынын тургундары браконьерлерге каршы жамааттык күрөш тууралуу, айрыкча, кийизден буюмдарды өндүрүп, тышкы рынокко сатып, кол өнөрчүлөр жаратылышты коргоо боюнча активдүү иш-аракеттери үчүн акчалай бонустарды алышып, аларды жергиликтүү өнүгүү фондуна топтолоору тууралуу баяндап беришти. Ошондой эле, катышуучуларга күнү-түнү видео көзөмөл орнотулган жана туруктуу Интернет байланыш менен камсыз болгон эко-посттун иши көрсөтүлүп, ал жердеги кызматтык иттин жапайы туяктуулардын туундуларын издөө жөндөмүн өз көздөрү менен көрө алышты.

Аркарларды саноо жана алардын жаш курагын жана жыныстык курамын аныктоо боюнча практикалык көнүгүүлөр. Фото: Мирлан Дыйканбаев / БУУӨП Кыргызстан

Бул тренинг Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти, Алатоо CAMP жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен биргеликте өткөрүлүп жатат жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүүгө арналган окуу сабактарынын циклинин бөлүгү болуп саналат. Потенциалды жогорулатуу боюнча тренингдер ушул жылдын башынан бери өткөрүлүп, жаратылыш парктарынын жана коруктарынын ишинин бардык негизги багыттарын камтыйт. Бул үчүн биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо, мониторинг жана изилдөө иш-чаралары, ошондой эле башкаруу маселелерин камтыган билим берүү модулу иштелип чыккан.

Тренинг БУУӨП – ГЭФ “Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоордун негизги максаты - уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биоартүрдүүлүктү сактоо, сейрек жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоого жардам көргөзүү болуп саналат. Долбоор Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жатат. Долбоор тууралуу кененирээк шилтемеде.

Батыш Тянь-Шань жөнүндө

Батыш Тянь-Шань эндемизмдин жогорку деңгээли жана бай флора жана фауна менен айырмаланган тоо системасы. Регион ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурасынын тизмесине кирет, биоартүрдүүлүктүн 34 глобалдык Олуттуу жерлеринин бири (Biodiversity Hotspots) жана Жапайы жаратылыштын Дүйнөлүк фондунун версиясы (WWF) боюнча Global 200 дүйнөлүк экорегиондордун рейтингине киргизилген. Батыш Тянь-Шандын аймагында жок болуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын 27 түрү байыр алган жана өсүмдүктөрдүн Кызыл китепке кирген 54 түрү өсөт.

***

Байланыш маалымат:

Мирлан Дыйканбаев

ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы коммуникация боюнча улуттук консультанты (+996) 779 66 55 99

 mirlan.dyikanbaev@undp.org