Саясий партиялар социалдык түйүндөрдү атаандаштарына каршы курал катары колдонбоого макулдугун беришти

2020-ж., 4-September

13 партия меморандумга кол койду. Фото: БШК Кыргызстан

Саясий партиялар социалдык түйүндөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн атаандаштарына каршы курал катары колдонбоого, жалган маалымат таратпоого, бири-бирине карата кастык тилин пайдаланбоого, социалдык медиада саяий жарнама жайгаштыруу үчүн бирөөнүн атын мыйзамсыз пайдаланбоого макулдугун беришти.

4 –сентябрда КР Борбордук шайлоо комиссиясында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардын ортосунда кол коюлган Меморандум партияларды жүрүм-турум кодексинин ушул жана башка эрежелерин аткарууга милдеттендирет.  

Меморандумдун максаты – саясий партиялардын кабыл алынган оюн эрежелерин макулдашып алуусуна жардам берүү жана шайлоо процессине болгон ишенимдин деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле мындай Жүрүм-турум кодекстери жаңжалдарды болтурбоого жана демократиялык процесстерди коомдук колдоого алууну күчөтүүгө көмөктөшөт.

Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, эркин жана таза шайлоону камсыздоо — бул БШКнын мандаты, бирок бул максатка өз алдынча жетүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан шайлоону калыс, адилет, таза өткөрүү үчүн биргелешип аракет кылуу максатында саясий партияларга Меморандумга кол коюу сунушталган.

«Шайлоо процессине катышуучулардын бардыгы Меморандумдун талаптарын сактайт деп үмүттөнөм. Ал кодекс, мырзалык (жентельмендик) келишим катары кызмат кылат. Бардык эле нерсени мыйзам алкагында карап чыгууга мүмкүн эмес, мындай кылуунун да, балким, кереги жоктур, Меморандум максатка жетүү үчүн өзүнө кантип милдеттенмелерди алса боло тургандыгына мисал болуп бере алат», - деп белгиледи ал. 

КРынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымынын орун басары Бекматов Абдыжапар иш-чараны расмий сөз менен ачып жаткан учуру

Бул Меморандум БУУӨП менен КР Боршайкому тарабынан Демократия үчүн Вестминстер фондунун колдоосу менен иштелип чыккан. Ал саясий партиялар үчүн Жүрүм-турум кодекси, «мырзалык (жентельмендик) келишим» катары кызмат кылат. Меморандум мыйзамдардын жоболоруна кошумча иретинде саясий күрөштүн, кампания жүргүзүүнүн эрежелеринин жол берилген ыкмаларын так белгилеп берүүгө багытталган.

БУУӨПтүн шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилованин сөзүнө караганда: «Саясий партиялардын ортосунда Меморандумга кол коюу демократиялык шайлоону эл аралык стандарттарга жана мыкты эл аралык практикага шайкеш өткөрүүнүн маанилүү кепилдиги болуп саналат. Бардык саясий партиялар Меморандумдун шарттары менен макул болушканы жана анын жоболорун колдой тургандыгы саясий маданият менен шайлоо алдындагы үгүт иштерин өткөрүүнүн, анын ичинде социалдык медиада өткөрүүнүн жаңы стандарттары өнүгүп жаткандыгын күбөлөйт».

Демократия үчүн Вестминстер фондунун Кыргызстандагы өкүлү Айгүл Байбураева Меморандумдун эл аралык практиканын көз карашынан алгандагы маанисин белгиледи: «Эл аралык практикада Меморандум келишим катары кабылданат,  анын катышуучулары мыйзамдын алкагында гана иш алпарып, жек көрүүчүлүк тилин пайдаланбоого, зомбулук көрсөтөм деп опузалоону, кастыкты жана жалаа жабууну камтыган материалдарды жайылтпоого жана башка эрежелердин топтомун карманууга милдеттенишет. Биз Меморандумга кол коюу демократиялык принциптерге негизденген таза шайлоо өткөрүүгө кепилдик болуп берет деп үмүттөнөбүз”.