КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрайымы Нуржан Шайлдабекова

Бүгүн 2020-жылдын 23-сентябрында аялдардын саясий жашоого катышуусун жогорулатууга арналган «Аялдардын шайлоолорго катышуусу: алынган сабактар жана келечектер» аттуу жыйынтыктоочу онлайн-талкуу болуп өттү. Маекти КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрайымы Нуржан Шайлдабекова айым жана БУУӨПтүн Шайлоолор боюнча башкы кеңешчиси Юлия Шипилова өткөрүштү. Онлайн-талкуунун максаты аялдардын саясатка катышуусу жөнүндөгү онлайн-талкуулардын жыйынтыктарын чыгаруу, алынган сабактар жана ушул багыттагы келечектер болуп саналды.

Кыргызстандагы саясий ишмердүүлүктөгү аялдардын лидерлигинин мисалдарын келтирүү менен Нуржан Шайлдабекова айым түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү экендигин белгилеп кетти:

«Түшүндүрүү иштерин улантуу зарыл. Алдын ала жыйынтыктар көрсөтүп тургандай, аялдар үчүн мандаттардын 30%ын резервге кармоо боюнча көрүлгөн чаралар аялдардын парламентте болушун камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Мындан ары бардыгыбыздын алдыбызда түшүндүрүү, билим берүү иштерин жүргүзүү боюнча чоң иш турат».

Талкууга 32 адам катышты, алардын ичинен көпчүлүгү суроолорду активдүү беришти жана жолугушуунун өзү тууралуу алган таасирлери менен бөлүштү. Талкуу учурунда катышуучу аялдардын бири ыраазычылык билдирди жана ушул сыяктуу талкуулардын маанилүү экендигин белгиледи: «Ушул жолугушуулардын активдүү катышуучусу катары, мен аялдардын лидерлиги, Европа өлкөлөрүндөгү аялдардын лидерлик мисалдары жөнүндө абдан көп нерселерди билдим, бүгүнкү жолугушуу абдан мазмундуу болду, БШКнын ишинде дагы гендердик тең укуктуулукка жана аялдардын саясатка катышуусуна маани бериле тургандыгын кубануу менен билдим».

Icon of SDG 16

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө