Тренинг катышуучусу КР үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо мыйзамын окуп жатат. фото: Нуржан Алымканова / БУУӨП Кыргызстан

 

Бишкек, 29-сентябрь – БУУӨП Ош, Нарын, Чүй облустарында, Бишкек шаарында бекер юридикалык жардам берген борборлордун жана “Тилектештик автобустарынын” кызматкерлери үчүн үйрөтүүчү тренингдерди өткөрүүгө жардам берүүдө. Тренингдердин башкы темасы – “Адамдын укугу жана эркиндиги. Аялдардын жана кыздардын сот адилеттигине жетүү чөйрөсүндөгү негизги укуктары жана кепилдиктери”.

Окутууну “Жарыктын шооласынын” (Spotlight Initiative) глобалдуу демилгесинин алкагында “Укукту жана мыйзамды өнүктүрүү борбору” коомдук фонду КРнын Юстиция министрлиги менен макулдашып алып өткөрүүдө. Жана бул социалдык коргоо боюнча иштеген мүмкүн болушунча көп юристтердин аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча иштерге даяр болуусуна багытталган.

 

фото: Нуржан Алымканова / БУУӨП Кыргызстан

“Укукту жана мыйзамдуулукту өнүктүрүү борбору” коомдук фондунун директору Сейдалиева Марипа Эрмековнанын айтымында, тренингдердин программасында “Үйдө зомбулук болгон учурдагы кылмыш-соттук өндүрүштүн өзгөчөлүгү”, “БУУнун системасындагы адамдын укугун коргоо механизмдери” сыяктуу темалар камтылган. Үй зомбулугуна кабылган курмандыктарга юридикалык жардам берүүнүн спецификасына, “Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан кепилденген укуктук-кеңеш жардамды көрсөтүүнүн тартиби жана өзгөчөлүгү боюнча иш жүзүндөгү жетекчилик” долбооруна өзгөчө кылдаттык менен көңүл бөлүнөт.

“Айрыкча азыр, пандемия учурунда аялдар менен кыздардын укуктары өтө азаюуда, үйдөгү зомбулук маселелери көбөйүүдө жана “Тилектештик автобусу” менен барган кызматкерлер калкка юридикалык жардам берүү боюнча теориялык жана практикалык квалификациялык билимдерге ээ болушун, ошол эле жерде аялдар менен кыздардын укуктарын, мыйзамдарын түшүндүрүп беришин өтө каалап кетет элем”, - дейт ал.

 

 

Бүгүнкү күндө  БУУӨП колдоосу астында КРнын Юстиция министрлигинин башкаруусунда өлкөнүн аймактарында калкка бекер юридикалык жардам көрсөтүү боюнча 27 борбор ачылган. Ал борборлордун кызматкерлери да окуудан өтүшөт. Тренингдердин сериясы аяктагандан кийин ар бир облуста ИИМдин, Юстиция министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрүнүн, жана ошондой эле, адвокаттар менен жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болот.

Эске салсак, “Тилектештик автобусу” 2016-жылы башталган жана 2019-жылга чейин өлкөнүн 1167 калктуу пунктунда 13 миңден ашуун адам укуктук жардам алган.

 

 

 

“Жарыктын шооласы” (Spotlight Initiative) глобалдуу демилгеси аялдар менен кыздарга карата зомбулуктун бардык формаларын жоюу боюнча ушул жылдын январь айынан баштап Кыргызстанда иш жүргүзүп келет. Программанын максаты – Кыргызстандагы бардык аялдар менен кыздар, айрыкча өтө алсыздар зордук-зомбулуксуз, анын ичинде эрте турмуш куруусуз жана ала качуусуз жашай турган чөйрөнү түзүү. Программа өзүнө саясат жана мыйзамдуулук чөйрөсүндөгү интеграцияланган чараларды, институттарды бекемдөө, зомбулуктун алдын алуу, зомбулуктан жабыр тарткандарга кызмат көрсөтүү, сапаттуу маалыматтарды чогултуу, аялдар кыймылдары жана жарандык коомчулукту колдоо боюнча комплексти камтыйт.

 

Icon of SDG 05 Icon of SDG 16

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө