ЖТП жана КР МТБМК БУУӨП менен бирге Coursera платформасындагы акысыз курстарга катышууга чакырат

2020-ж., 16-September

Кыргыз Республикасындагы ПВТ жана  Кыргыз Республикасынын Маалыматтык Технологиялар жана Байланыш мамлекеттик комитетинин жардамы жана БУУӨПтүн колдоосу аркылуу “Санариптик экономиканын шарттарында санариптик өнөр жана жаштардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү” долбоорунун алкагында Coursera сайтында акысыз онлайн билим берүү программасы үчүн сынак жарыялайт. Сынакка убактылуу жумушсуз калган адамдар, студенттер, мамлекеттик кызматкерлер чакырылат жана алардын билимин кеңейтүүгө, мыкты мугалимдерден жаңы билим алууга, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга үндөйт. 

Бул демилге Кыргыз Республикасынын ПВТ жана дүйнөдөгү алдыңкы онлайн Coursera жогорку билим берүү платформасы менен кызматташуусунун алкагында ишке ашырылууда. Coursera платформасы Стэнфорд, Йель, Принстон курстарын камтыйт жана алдыңкы университеттердин жана дүйнөлүк класстагы компаниялардын 4200дөн ашуун курстарын камтыйт. Бул курстардын катышуучулары акысыз кесиптик сертификаттарды алууга мүмкүнчүлүгү бар. 

Программанын катышуучулары өздөрүнүн кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына жараша орус жана англис тилдеринде чексиз курстарга жазыла алышат. Бул программа жумушуздукка кабылгандарга, жумуш издөө кыйнчылыктарына туш болгондорго же коронавирус пандемиясына байланыштуу жаңы тармакка кирүүнү көздөгөндөргө багытталган. Ошондой эле бардык мамлекеттик органдарга ар кандай багыттагы курстардан (5 миң) өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет. 

Каалоочулар шилтеме аркылуу кыска форманы толтура алышат: https://forms.gle/nPEuvkBuse1UdoDL6

Акысыз окутуу программасы  2020 жылдын 31 декабрна чейин иштейт. 

Орундардын саны чектелген 50,000 катышуучуга арналган. Программага каттоо 2020 жылдын 31-октябрында аяктайт. 

Coursera ар кандай багыттагы онлайн курстарга кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Белгилей кетчү нерсе, бул жерде сиз бир нече окуу программалардан өтө аласыз. Бул өлкөнүн ар бир жараны үчүн өзүн каалаган тармакта жүзөгө ашырууга, ошондой эле санариптик билимин өркүндөтүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүк.