Улуттук кийимчен Өзгөндүн тургундары юридикалык жардам көрсөтүү борборунун ачылыш аземинде. Фото: Шарабидин Таиров / БУУӨП Кыргызстан


Ош, 25-сентябрь, 2020-ж. – Ош облусундагы Өзгөн шаарында КР Юстиция министрлигине караштуу Ош облустук юстиция башкармалыгынын алдында калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору (АЮЖБ) ачылды.

Ачылыш аземине КР Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун (МКЮЖ) директору Калбеков А.С., Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси, аким Дыйканбаев Б.Ж., Өзгөн райондук мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынн жетекчилери, АЮЖБ адвокаттары, БУУӨП долбоорунун жана ЖМК өкүлдөрү катышышты.

Ачылыш аземине КР Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун (МКЮЖ) директору Калбеков А.С. катышты. Фото: Шарабидин Таиров / ПРООН Кыргызстан


АЮЖБ негизги максаты – бул акысыз юридикалык жардам көргөзүү, укутук сабаттуулукту арттыруу, укуктук маалымдоо, калктын аяр катмарынын укуктук корголушун арттыруу, акыйкаттыкка жеткиликтүүлүктүү камсыздоо, жарандардын укуктарые, эркиндигин, укуктук кызыкчылыктарын ишке ашырууда көмөк, жарандардын атайы категорияларына кепилденген мамлекеттик юридикалык жардамга укгун камсыздоо.

Юридикалык акысыз жардам оозеки консультациялар, сот, мамлекеттик жана муниципалдык органдарына арыз, кайрылуу жана дооматтарды даярдоодо жардам берүү аркылуу көрсөтүлөт.

2016-2019-жж. Аралыгында БУУӨПтүн “КР аймагында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында туруктуу адилеттике карай” долбоорунун алкагындагы долбоорунун колдоосунда Ош облусунда, Ош шаарын кошо алганда, 7 борбор ачылган. Жалпы Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө жарандарга сапаттуу юридикалык жардам көрсүтүү үчүн бардык шарттары бар 28 ушундай АЮЖБ иштеп жатат. Консультацияларды МКЮЖ тутумуна кирген квалификациялуу юристтер жана адвокаттар алдын ала түзүлгөн нөөмөт боюнча көрсөтөт.

 

Жалпы Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө жарандарга сапаттуу юридикалык жардам көрсүтүү үчүн бардык шарттары бар 28 ушундай АЮЖБ иштеп жатат. Фото: Шарабидин Таиров / БУУӨП Кыргызстан

Акысыз юридикалык жардам алууга кайрылган жарандардын саны жылдан жылга өсүүдө. 2018-жылдын жыйнтыгы боюнча жалпы республика боюнча кайрылуулардын саны 46 миң, ал эми 2019-жылдагы кайрылуулардын саны андан дээрлик эки эсе көп – 80881 кайрылууну түздү. Ага байланыштуу, бардык жарандарга акысыз юридикалык жардам алуу шартын түзүү үчүн ушундай борборлордуу Ош облусунун бардык райондорунда  ачуу муктаждыгы келип чыкты.

“Калктын аяр топторунун көбү айыл жергесинеде турат, жана алардын юридикалык кызматтарга жеткиликтүүлүгү чектелген. Ачылган борборлор укугу бузулган жарандарды коргоодо жардам, укуктук маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздайт жана айрым категориялардагы жарандардын мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам алууга укуктарын камсыздоодо жардам болууда”, -деп белгиледи БУУӨП долбоорунун координатору Айнура Алымбекова.

Борборлордун ачылуусу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын “КР аймагында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында туруктуу адилеттике карай” долбоорунун алкагындагы кызматташтыктын натыйжасында мүмкүн болду. Долбоор Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланууда.

 

Icon of SDG 16

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө