БУУӨП Кыргыз Республикасынын токой кызматкерлерин куттуктайт

2020-ж., 20-September

Батыш Тянь-Шандын токойлору. Фото: Сэм Бараталиев / ПРООН Кыргызстан

БУУӨП Кыргыз Республикасынын токой чарбасынын кызматкерлерин бүгүнкү кесиптик майрамы - Токой кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт. Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги менен өнөктөштүктө БУУӨП өлкөнүн токой байлыктарын коргоого, анын кайталангыс биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого жана уникалдуу токой экосистемаларын өнүктүрүүгө жигердүү салым кошуп келишүүдө. 

БУУӨП-ГЭФтин Батыш Тянь-Шанда биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча долбоорун биргелешип ишке ашыруунун алкагында, деградацияланган токойлорду калыбына келтирүү жана токой аянттарын кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Натыйжада, алдын ала маалыматтар боюнча, жаңгактын, мистенин, лиственницанын, кызыл карагайдын жана тянь-шань карагайынын 200 миңден ашык себилмелери Аксы, Токтогул жана Тогуз-Торо токой чарбаларынын токой фонддорун толукташты.

Улуттук жана жергиликтүү өнөктөштөрдүн көмөгүнөн улам, Мамагенттик жана БУУӨП 500 гектар аянтта токой иштерин уюштурууну жана жүргүзүүнү, ошондой эле ак илбирстердин жана башка жапайы жаныбарлардын миграциясы үчүн коридор катары Батыш Тянь-Шанда 5 миңге жакын га деградацияланган токойлорду калыбына келтирүүнү пландаштырууда. 

Токой чарба мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана токойчулардын дараметин жогорулатуу үчүн БУУӨП бул иштеп жаткан адистерди талаа жабдуулары, байланыш жана оптика каражаттары менен жабдыган. Чатырлар, уктоочу каптар, рациялар, GPS-навигаторлор, дүрбүлөр, өрт өчүргүчтөр, формалар жана оргтехника биринчи кезекте токойчунун ишин жеңилдетип, жапайы жаратылыштын токой байлыгын сактоого жардам бермекчи.

Токой чарбасынын кызматкерлеринин кесиби жалпы сый-урматка татыктуу экендиги талашсыз. Бул кесиптик майрамда аларга ден-соолук, бакубат жашоо, өлкөнүн уникалдуу жашыл байлыгын сактоодо жана көбөйтүүдө туруктуулукту жана көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз.

*  *  *  *  *

БУУӨП азыркы учурда “Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биотүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо” долбоорун ишке ашырып жатат. Долбоордун негизги максаты - уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биотүрдүүлүктү сактоо, сейрек жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоого жардам көргөзүү болуп саналат. Долбоор Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жатат.