БУУӨП англис тилин окутуунун жаңы ыкмасы болгон Dyned усулдугун колдоду. Программанын алгачкы бүтүрүүчүлөрү да бар

2020-ж., 7-August

Бактыгүл Чыныбаева студенттерге англис тил сабагын өтүп жатат. Сүрөт: Асипа Алтымышева / БУУӨП Кыргызстан

Бир ай мурун БУУӨП InnoKG инновациялык конкурсунун алкагында «The Smart Way to Prosperity with DynamicEducation» программасын колдоого алган. Жеңүүчүлөрдүн бири болуп аныкталган DynEd долбоору англис тилин мультимедиалык программа боюнча окутууну камтыйт. Бул тутум боюнча Кыргызстандын ар кайсы шаарларындагы 20 мугалим билим алды. Алардын бири - башталгыч мектептин директору Мээрим Абдыкадырова квалификациясын жогорулатуу максатында DynEd инновациялык программасына катышуу үчүн арыз берген. Аталган программанын бүтүрүүчүлөрүнүн бири катары ал алган таасирлери тууралуу биз менен ой бөлүштү. 

«Менин улуу балам англис тили боюнча курска барып жүрүп, чет элдиктер менен эркин баарлашып калган болчу. Мен мындай жыйынтыкка суктанып, бирок көп убакыт бою ушул ыкма боюнча билим алууга чыгына албай жүрдүм. Акыры квалификациямды жогорулатууну чечтим жана жыйынтыкка толук ыраазымын. Программа өзүнө мектеп сабактарынан тартып илимий изилдөөлөргө чейинки ар түрдүү баяндарды камтыгандыгы менен кызыктуу болду. Менин чет тилди билүү деңгээлим тез арада эле бир топ жогорулап кеткенин байкабай да калыпмын. Менин ыраазычылыгымды сөз менен айтып жеткирүү кыйын».                                                               

                        Мээрим Абдыкадырова, 

«Биринчи мугалим» БМ директору, Чолпон-Ата ш.

Мээрим Абдыкадырова. Сүрөт: Асипа Алтымышева / БУУӨП Кыргызстан

Ошентип, долбоорго Кыргызстандын ар кайсы шаарларынан 20 англис тили мугалими катышты. Программанын өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, жаңы ыкма англис тилин каалаган куракта, каалаган региондон жана эң маанилүүсү – тил билүү деңгээлине карабастан өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Дал ушундан улам бул программа Кыргызстандагы БУУӨПтүн колдоосуна ээ болду. Дагы бир маанилүү фактор – курс башталаар алдында катышуучулардын көпчүлүк бөлүгү англис тилин баштапкы деңгээлде, болгону 5% гана андан жакшыраак деңгээлде билишчү. Ошондуктан тар багыттагы квалификациясын жогорулатуу менен бирге катышуучулар жекече өсүү көндүмдөрүнө да ээ болушту.  

«Долбоордун ар бир катышуучусу өзүнүн тил билүү деңгээлин жогорулатып, эң башкысы – окуу процессинин борборунда окуучу өзү турган; ар бир окуучуга өзүнчө мамиле жасалган; негизги максат – окуучунун көндүмдөрү жана жетишкен жыйынтыктары болгон; адилет жана объективдүү баалоо тутуму бар; окутуунун натыйжаларын жакшыртуу боюнча туруктуу кайра байланышуу, өз алдынча иш жана тил чөйрөсүнө сүңгүп кирүү мүмкүндүгү бар болгон окутуунун жаңы парадигмасын көрө алды деп ишенем. Англис тилинен тышкары, биз жекече өсүш боюнча кошумча түрдө бир нече чебер-класстарды өткөрдүк. Канткен менен биздин максат – ар бир адамдын ийгиликкке жетишине көмөктөшүү эмеспи! Ийгиликтүү мугалим – бул ийгиликтүү окуучу!».

                                                        Айнура Сагынбаева,

 DynEd долбоорунун жетекчиси

Айнура Сагынбаева. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

Кайсы мамлекет болбосун, анын өнүгүшү, биринчи кезекте, калктын билим деңгээлине жараша болот эмеспи. Ал эми бул болсо билим берүү тутумуна, тактап айтканда, мугалим менен окуучуга жараша болоору шексиз. COVID-19 пандемиясына байланышкан жагдай дүйнөдө санариптештирүү жана ар бир жарандын маалыматтык тутумга аралашуусу канчалык маанилүү экендигин көрсөттү. Дал ушундан улам онлайн-окутууну өнүктүрүү жана окутуу чөйрөсүндө жаңы усулдуктарды ишке киргизүү маселеси Кыргызстандагы БУУ Өнүктүрүү программасынын көңүлүн бурду. 

«Балдардын билим алуусунда мугалимдердин квалификациясы негизги ролду ойнойт. Дал ушундан улам мугалимдердин такай өзүн өнүктүрүп туруусу жалпы билим берүү тутумунун маанилүү элементи болуп саналат. Анткен менен өлкөдөгү эпидемияга байланышкан акыркы окуялар бул чөйрөгө да өзүнүн таасирин тийгизип, онлайн режимге өтүүнү талап кылууда. Бул сектор мындан ары да заманга шайкеш өнүгүшү үчүн БУУӨПтүн инновациялык чечимдер конкурсунда дал ушул абдан маанилүү долбоор колдоого алынды».

Дженти Кирш-Вуд,

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары 

Дженти Кирш-Вуд. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

Ошентип, жыйырма мугалимге күнүнө өз үйүндө, өздөрүнө ыңгайлуу болгон убакта Dyned Программасы боюнча онлайн режимде өз түзүлүштөрүн колдонуу менен билим алууга, программанын алкагында 24/7 режиминде окуп-үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Өз алдынча сабактардан тышкары, жумасына беш ирет мугалимдер Zoom аянтчасындагы Steppe Learning KG тил үйрөнүү борборунун окутуучулары менен иштешти. Натыйжада интенсивдүү курска айына 60 сааттан ашуун убакыт жумшалды. Ар бир катышуучу эл аралык СЕFR стандартына ылайык өз билим деңгээлинин сертификатына ээ болду. Андан соң 3 мыкты мугалим тандап алынып, алар август – сентябрь айларында DynEd усулдугун өздөштүрмөкчү.   

Сертификаттар. Сүрөт: Асипа Алтымышева / БУУӨП Кыргызстан.