Психикалык саламаттыкты сактоо кызматынын адистерин COVID-19 курмандыктарына психологиялык алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окуу тренингдерин өткөрүү

2020-ж., 27-August

Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн өкүлчүлүгү Россия Илимдер Академиясынын Психология Институты менен биргеликте COVID-19 курмандыктарына биринчи психологиялык жардам көрсөтүү боюнча бир катар тренингдерди өткөрө баштады.

Учурдагы COVID-19 пандемиясы жарандарыбыздын ден-соолугуна гана зыян келтирбестен, психологиялык жактан дагы зыян алып келди – жакындарынан айрылган адамдардын кайгысы, өзүнчө бөлүнүү, белгисиздик жана келечекке болгон коркунуч. Аялдар, кары-картаңдар, өспүрүмдөр, жаштар жана психикалык көйгөйлөрү бар адамдар жана ошондой эле кризистин борборунда болгон адамдар тобокелидикке көп кабылышат.

Бир катар тренингдер психотерапевтердин жана психологдордун диагностика жана терапия жаатында билимдерин жогорулатууга жардам берет. Окуу программасы төрт компонеттен турат:

- Өзгөчө кырдаал учурунда кездешкен психологиялык бузулуулар;

- Өзгөчө кырдаал учурунда улгайган адамдардын психологиялык бузулууларын диагностикалоо, терапия жана алдын алуу;

- Өзгөчө кырдаал учурунда өспүрүм балдардын абалы: медициналык жана социалдык-психологиялык кесепеттер

-  Өзгөчө кырдаал учурунда аялдардын абалы: алардын психикалык бузулууларын диагностикалоо жана алдын алуу;

Катышуучулардын арасында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин алдындагы саламаттык сактоо кызматынын өкүлдөрү, психотерапевттер жана психологдор, медициналык окуу жайлардын студенттери. Тренингдер орусиялык психологдор жана психотерапевтер тарабынан жүргүзүлөт.

ДАТА: 2020-жылдын 25 августтан - 17 сентябрга чейин өткөрүлөт.

Маалымат үчүн:

2015 жылы «Россия Федерациясы – БУУӨП өнүгүү максатында» Трасттык Фонду түзулгөн, ал КМШ өлкөлөрүнө жардамды жүзөгө ашыруунун туруктуу каржылык механизми болуп саналат. Трасттык Фондунун алкагында «Россия Федерациясы менен БУУӨПтүн өнөктөштүгүнүн алкагында «Билимди башкаруу жана потенциалды өнүктүрүү» регионалдык долбоор ишке ашырылып жатат, анын негизги максаты Россия Федерациясынын академиялык институттарын жана эксперттерин тартуу аркылуу Россиянын тажрыйбасы жана билимин алмашуу механизмдери аркылуу туруктуу өнүгүүгө жетишүү мүмкүнчүлүгүн түзүү.

«Россиялык эл аралык өнүгүү боюнча эксперттер» программасы «Билимди башкаруу» регионалдык долбоордун бир бөлүгү болуп саналат жана Россиялык эксперттерди кыска мөөнөттөгү теңдеш консультацияларына тартуу менен тажрыйба жана билим алмашуу жаатында инновацияны жайылтууга багытталган.