Жаңы изилдөөгө ылайык, кичи ишкерлер, майыптуулугу бар адамдар жана көп балалуу үй-бүлөлөр пандемиянын социалдык-экономикалык таасирине өзгөчө дуушар болушат. Нарын шаарындагы сүт заводунан алынган фотосессия, Кыргыз Республикасынын эң аз өнүккөн облусу. Сүрөт: Сэм Бараталиев / БУУӨП Кыргызстан

Бишкек, Кыргыз Республикасы (13-август, 2020-жыл) – Кыргыз Республикасы пандемияга байланышкан социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү саламаттык сактоо системасын бекемдөө, социалдык жардамдын көлөмүн чоңойтуу, жумуштуулукту кеңейтүү жана өкмөттүн пандемияга каршы иш-аракеттеринин айкындуулугун жогорулатуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүү аркылуу чече алат. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ), Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Экономика саясатын изилдөө институту биргелешип өткөргөн изилдөөдө айтылат.

Кыргыз Республикасындагы COVID-19: Социалдык-экономикалык кырдаалга болгон таасир, аярлуулук жана  саясий жооп кайтаруу» аталган баяндамада глобалдык, аймактык жана жергиликтүү макроэкономикалык шоктордун Кыргыз Республикасынын жарандарына кандайча таасир берип жатканы жана алардын ичинде формалдуу эмес сегменттер, эмгек рыногу, шаар жана айыл тургундары жана аярлуу катмарларынын кырдаалы сүрөттөлөт. Анда жакырчылык, азык-түлүк коопсуздугу жана мамлекеттик саясаттын жетиштүүлүгү да талкууланат. Баяндамада 2020-жылы ички дүң продукциянын 10%га; сырттан акча которуулардын 25%га кыскарышы жана жакырчылык жана социалдык-экономикалык аярлуулуктун өсүшү божомолдонот. Жумушсуздуктун деңгээли эң начар сценарийге таянсак 21%га чейин өсүшү күтүлөт.  

Экономиканын негизги бутактары болгон туризм, соода, керектөө кызматтары жана курулуш тармактарында божомолдонгон жоготуулар формалдуу эмес сектордо иштеген жана эч кандай социалдык коргоого алынбаган шаар тургундарына орчундуу таасирин бермекчи. Изилдөө мындан тышкары кичи ишкерлер, майыптуулугу барлар жана көп балалуу үй-бүлөлөр пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерине өзгөчө дуушар болоорун көрсөттү.

Бул кырдаалды жакшыртуу максатында аярлуу жамааттар үчүн саламаттык сактоо кызматтарына инвестицияларды көбөйтүү, кичи бизнести колдоо, эмгек мигранттарына гендердик-багытталган гуманитардык жардам берүү, жаңы аярлуу топторду камтыган социалдык жардамдын көлөмүн чоңойтуу; ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана “мурдагыдан мыкты” калыбына келтирүүнү колго алуу сыяктуу комплекстүү сунуштар келтирилди.

«Бул изилдөө эл аралык эксперттердин, илимий мекемелердин жана Кыргызстандын илимий чөйрөсүнүн биргелешип коронавирус пандемиясынын Кыргызстанга болгон социалдык-экономикалык таасиринин болжолдуу сценарийлерин жазып чыгуу боюнча иш-аракетинин натыйжасы. Биз бул изилдөөнүн сунуштары кабыл алынат деп ишенебиз», - деп айтты Санжар Муканбетов, Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

«Пандемия – бул өнүгүү кризиси. Ал Кыргызстан калкы үчүн экономикалык структураны жана перспективаларды түп тамырынан өзгөрттү жана аярлуу топтордун санын көбөйттү. Баяндамада ар кыл аспекттер каралып, өлкөнүн кандайча жабыркаганы тууралуу толук картина берилди. Азыр туруктуулукту бекемдөө жана жакырланууну токтотуу жана ошондой эле экономикалык секторлорду бекемдөөнүн жаңы жолдорун изилдөө жана фискалдык стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган иш-чараларга көңүл бөлүү керек. БУУӨП, БУУнун башка агенттиктери менен чогуу жумуш орундарын түзүү, социалдык биримдүүлүктү бекемдөө үстүндө иштеп, ошол эле учурда өкмөттүн «мурдагыдан мыкты» калыбына келтирүү жана «туруктуу өнүктүрүүнү тездетүүгө» багытталган жаңы стратегияларды издөөсүнө өбөлгө болмокчу», - деп белгиледи Луиз Чемберлен, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү.

«Бул баяндамада тиешелүү органдардын узак убакыттуу стратегия иштеп чыгып, аны структуралык жакырчылыкты кыскартуу, Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү жана эч кимди артта калтырбоо үчүн ишке ашыруусуна көмөк болчу айкын сунуштар бар. Бул анализдин жыйынтыктары кыска мөөнөттүү перспектива алкагында өкмөттүн COVID-19 пандемиясынын кесепеттерине каршы турууда негиздүү чечимдери кабыл алуусуна көмөкчү болот», - деп кошумчалады Кэндис МакДэйган, АӨБнын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору.

Бул изилдөөдө сурамжылоо жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасындагы өнүктүрүү боюнча агенттиктердин маанилүү салымы колдонулду. Алар: БУУ тутуму – Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ЮНФПА, БУУнун Азия жана Тынч океан чөлкөмүндөгү Экономикалык жана социалдык комиссиясы, БУУнун азык-түлүк жана айыл-чарба уюму, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Эмгек боюнча эл аралык уюму, Миграция боюнча эл аралык уюму, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), БУУнун Гендердик теңдик жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча уюму, БУУнун билим, илим жана маданият боюнча уюму жана ошондой эле Кыргыз Республикасындагы эки тараптуу жана көп тараптуу уюмдар.

Бул изилдөөнү окуу үчүн бул шилтемеге басыңыз.

БУУӨПтүн иш-аракети тиешелүү органдардын 2030-жылга чейин төрт негизги сектордо кеңири перспективаны көрүү, тандоо жасоо жана татаал маселелерди чечүү боюнча жардам берүүгө багытталган. Алар: башкаруу, социалдык коргоо, «жашыл» экономика жана санариптештирүү. Бул жакка укук үстөмдүгү, элекрондук башкаруу, санариптештирүү жана «жашыл» экономиканы инвестициялоо, формалдык эмес сектордун жумушчуларына стратегия түзүү жана жаңы «жашыл» жумуш орундарын сунуштоо аркылуу жаштар арасындагы ишкердикти өнүктүрүүнү камтыйт. БУУ тутумунун COVID-19 пандемиясына жооп кайтаруу чараларынын алкагында БУУӨП 2,8 млн. АКШ долларын мобилизациялай алды. Бул каражаттар саламаттык сактоо тутумуна жардам берүүгө багытталды жана БУУӨП өлкөдөгү ишмердүүлүгүн пандемиядан кийинки туруктуу өнүктүрүүнү колдоого мерчемдеди.

170тен ашуун өлкөдө иштеп, БУУӨП жашоо деңгээлин жогорулатуу жана улуттарды бекемдөө үчүн глобалдык перспективаны алып келет жана жергиликтүү көйгөйлөрдү түшүнүүнү сунуштайт.

АӨБ 2020-жылдын май айында бюджетти колдоого багытталган 50 млн. АКШ долларын бөлүп берип, Кыргыз Республикасындагы COVID-19дун саламаттык сактоо жана экономикалык кырдаалга болгон кесепеттерин жумшартууга багыттады. Июнь айында болсо саламаттык сактоо тутумун ыкчам колдоо үчүн 20 млн. АКШ доллары бөлүндү. Буга чейин апрель айында АӨБ кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын медициналык материал жана жабдыктарды сатып алуусу үчүн 200,000. АКШ доллары, андан кийин 800,000 АКШ долларын бөлүп берген болчу.

АӨБ гүлдөгөн, инклюзивдүү жана туруктуу Азия-Тынч океан аймагын түзүүгө умтулат жана жакырчылыктын чегин кыскартууга болгон аракетин токтотпой келет. АӨБ 1966-жылы түзүлүп, анын курамында 68 өлкө-мүчө бар, алардын 49у ушул аймакта жайгашкан.

 

Icon of SDG 08 Icon of SDG 17

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө