Баткендеги коомдук угуулар: аялдар, тынчтык жана коопсуздук

2020-ж., 18-August

Форумдун катышуучулары. Фото: Акын Бакиров. ПРООН Кыргызстан


Баткенде 2018–20-жылдардагы «Аял заты, тынчтык жана коопсуздук» темасындагы КРнын иш-планын ишке ашыруу жана КР ЖКнын «Аялдар, тынчтык жана коопсуздук» темасындагы Жол картасы боюнча коомдук угуулар өттү

2020-жылдын 17-августунда Баткен шаарында КР ЖКсынын депутат-аялдар Форумунун мүчөсү Карамат Орозованын Баткен облусунун өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин №1325 Резолюциясын Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышы тууралуу жолугушуусу болгон. Жолугушууга өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, ЖМК өкүлдөрү, жарандык активисттер катышты.

«Буунун Коопсуздук Кеңешинин “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” темасындагы №1325 Резолюциясы Кыргыз Республикасы үчүн өтө актуалдуу. Биздин өлкөнүн ар бир облусунда түрдү маселелер бар, бирок алар өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө ээ. Баткен облусунда азыркы учурда элге эң кызыктуулугу менен өзгөчөлөнгөн маселелерге чек арага чектеш жайгашкан райондордогу маселелер. Башка транспорттук түйүндөрдүн алыстыгы, сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн жана балдарга сапаттуу билим берүүнүн  жетишсиздиги сыяктуу факторлор теңсиздикти жана түрдү чыр-чатактарды жаратып, тынч жашоого тоскоолдуктарды жаратып жатат. Бардыгыбыз көрүп тургандай, COVID-19 пандемиясы биздин өлкөнүн коопсуздугуна катуу терс таасир этүүдө»- Карамат Орозова, КР Жогорку Кеңешинин депутаты, депутат-аялдар Форумунун мүчөсү.

Карамат Орозова коомдук угууларда сүйлөп жатат. Фото: Акын Бакиров. ПРООН Кыргызстан


Жолугушууда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин «Аялдар, тынчтык жана коопсуздук» темасындагы №1325 Резолюциясы боюнча Кыргыз Республикасынын иш планынын жана 2018–20-жылдардагы «Аялдар, тынчтык жана коопсуздук» аттуу күн тартибиндеги депутат-аялдар Форумунун Жол картасынын маселелери жана аларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган. Катышуучулар ошондой эле улуттук жана жергиликтүү деңгээлде ишке ашыруу планын ишке ашырууда жаралган тоскоолдуктарды, жетишкен жетишкендиктерди, ЖКнын ролун жана парламенттик көзөмөлдү, коммуникацияларды бекемдөөнү талкуулашты.

 «Активдүү аялдар, өзүнүн дипломатиялык сапаттарынын аркасында, биздин чек арага чектеш Ынтымак айылында, Тажикстан менен чек арада көптөгөн чыр-чатактык абалдарды чечишет. Мага жергиликтүү кеңещтерде аялдар өтө аз экендиги жана алар көтөргөн көптөгөн маселелер алардын аз санда болгонуна байланыштуу чечилбей калгандыгы ачык-айкын көрүнүп турат. Башкаруу органдарында аялдардын болушу жигердүү түрдө абалды бир топ деңгээлде оң жакка бураарына терең түрдө ишенем»- Жарматов Шамшидин, «Карабак» Айыл Өкмөтүнүн башкы адиси.

Кыргыз Республикасы БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган “Аялдарды, тынчтыкты жана коопсуздукту алга жылдырууда парламенттин жана депутат- аялдардын ролун жогорулатуу” глобалдык долбоор алкагында туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн төрт өлкөнүн бири катары тандалган.

Форумдун катышуучусу. Фото: Акын Бакиров. ПРООН Кыргызстан

Жогорку Кеңештин депутаттары, депутат-аялдар Форуму тарабынан «Инновациялык чечимдер» коомдук коому менен шериктештикте, БУУнун өнүгүү программасынын колдоосу менен 2018-жылдан чечим чыгаруу процессинде аялдардын катышуусун актуалдаштырууда: чыр-чатак жана кордук көрсөтүүнү алдын алууда мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өз ара аракеттерин күчөтүү; өзгөчө кырдаалда аялдардын жана кыздардын өзгөчө керектөөлөрүн эсепке алуу жана аларды коргоо системасын заманбапташтыруу.

Форумду “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук улуттук программаны ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Парламентинин ыйгарым укуктарын колдоо” аттуу долбоор алкагында БУУнун өнүгүү программасынын колдоосу менен КР ЖКсынын депутат-аялдар Форуму жана «Инновациялык чечимдер» коомдук бирикмеси уюштурган.

Маалым кат үчүн: Демилге Кыргызстандын улуттук өнүгүшүнүн күн тартибин колдоо жана БУУнун алкагында туруктуу өнүүгүнүн глобалдык максаттарына жетишүү үчүн мамлекетибиздин алган милдеттерине ылайык ишке ашырылууда, айрыкча 5-максат: «Гендердик теңдикти камсыздоо» жана 16-максат: «Башкаруу, укуктун жогору болушу жана тынч жашоо» жетүүгө. Кыргыз Республикасы БУУнун Генералдык Ассамблеясы  кабыл алган БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетишүү үчүн « Аялдар, тынчтык жана коопсуздук маселелерин алга жылдырууда парламенттердин жана парламент мүчөлөрүнүн ролун жогорулатуу» аттуу глобалдык долбоор алкагында катышат.