Онлайн-талкуу «Латвиялык айымдардын тандоосу - шайлоо»

2020-ж., 1-August

Арнис Тсимдарс «Латвиялык айымдардын тандоосу - шайлоо» аттуу онлайн-талкуу учурунда. Фото: Махабат Мурзаканова/БУУӨП Кыргызстан.

Айымдардын саясий турмушка катышуусун жогорулатууга арналган иш-чаралар топтомунун уландысы катары бүгүн, 2020-жылдын 30-июлунда, «Латвиялык айымдардын тандоосу - шайлоо» аттуу тема боюнча онлайн-талкуу болуп өттү. Талкууну Латвиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын экс-төрагасы Арнис Цимдарс мырза алып барды. Онлайн-талкуунун башкы максаты – Латвиянын тажрыйбасы мисалында айымдардын саясатка катышуусун талкуулоо болду.

Арнис Цимдарс Латвиядагы айымдар лидерлиги боюнча мисал келтирип, онлайн- талкуунун катышуучулары менен тажрыйба бөлүштү:

«Латвияда айымдарга шайлоого талапкер катары катышканга 1918 жылы мүмкүнчүлүк берилгенине карабастан айымдар саясатка дароо келишкен жок. Саясатка киргенге чейин айымдар узун жана кыйла аракет талап кылган жолду өтүштү. Азыркы күнү дагы деле айымдар кыйынчылыктарга дуушар болуат. Латвия парламентинин депутаты, саясатчы-айым Дана Рейзниеце-Озоланын айтымында айрым эркек кесиптештери айым-депутатты мектептегидей өзүнчө класска бөлүп, өз кызыкчылыктарына колдонуу аракетин көрүшөт. Бул аракеттери ишке ашпаса анда алар аны айымдар тобуна бөлүп коюп, комплимент айтышат. Бул дагы ишке ашпай турган болсо анда айымды жез кемпир тобуна киргизишет. Саясатчы-айымдар кылган иштери үчүн гана эмес, сырткы кел бети, чач-жасалгалары, кийген кийими сыяктуу көрүнүштөрү үчүн дагы сындалат».
  

 

Иш-чарага 25 киши катышты. Фото: Махабат Мурзаканова/БУУӨП Кыргызстан.

Иш-чарага 25 адам катышып, алардын көпчүлүгү активдүү суроо беришти жана жолугушуудан алган таасирлери менен бөлүштү. Талкуу учурунда катышуучулардын бири  айымдар үчүн кандайдыр бир преференциалдык саясат барбы деген суроо узатты. Арнис мырза Латвияда квота сыяктуу атайын бир преференциялар жок экенин айтып, айрым кыйыр преференциялар каралаганын кошумчалады. Анын ичинде жаңы төрөлгөн баланы кароо милдети жалгыз айымдарга эле эмес, чоң апаларга жана эркекетерге дагы жүктөлгөнүн белгилеп кетти.

Онлайн-дискуссия Facebook баракчасы аркылуу да жеткиликтүү болуп, көбүрөөк көрүүчүлөрдү камтуу максатында жаздырылып  алынды.   

Бул иш-чара БУУӨП тарабынан Швейцариянын, Япониянын жана Германиянын өкмөттөрүнүн колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго жардам берүү программасынын алкагында уюштурулган. Программа Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдум боюнча борбордук комиссиясынын 2020-2021-жылдардагы жергиликтүү жана парламенттик шайлоолорду технологияларды колдонуу менен өткөрүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн анын дараметин өнүктүрүүгө жардам берүүгө багытталган.  Бул жабдуулар биометриянын негизинде шайлоочуларды идентификациялоонун моделин туруктуу пайдаланууну камсыздоого жана эркин, таза, адилет, ишеним жараткан жана ачык-айкын шайлоолорду жүзөгө ашырууга, ошондой эле аялдардын шайлоочу жана талаптарга шайкеш келген талапкер катары укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган башка факторлорду колдоого алууга жардам берет. 

Арнис Тсимдарс презентация учурунда. Фото: Махабат Мурзаканова/БУУӨП Кыргызстан.

Биографиялык маалымдама:

Латвия Борбордук шайлоо комиссиясынын экс-төрагасы (1997-жылдын 11-декабрынан 2019-жылдын 21-мартына чейин). Латвия Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы катары ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде 15 жалпы улуттук шайлоону жана 8 референдумду уюштуруп, өткөргөн. Азыркы тапта – Латвия шайлоолор боюнча эксперттер ассоциациясынын президенти. ACEEEO Европа өлкөлөрүнүн Шайлоолорду уюштуруу ассоциациясынын мүчөсү (1998 – 2019-ж.), ACEEEO Аткаруу кеңешинин мүчөсү (2000–2019-ж.), ACEEEO президенти (2005 – 2007-ж.). Азыркы тапта – 2019-жылдан тартып ACEEEO Катчылыгынын кеп-кеңеш берүүчүсү. Австрияда, Азербайжанда, Беларусияда,  Грузияда, Эстонияда, Казакстанда, Кыргызстанда, Россияда, Литвада, Молдовада, Польшада, Украинада жана Венгрияда өткөн парламенттик шайлоолорго, ошондой эле АКШда, Арменияда, Азербайжанда, Беларусияда, Грузияда, Казакстанда, Литвада, Молдовада, Польшада, Румынияда, Украинада жана Өзбекстанда  өткөн президенттик шайлоолорго байкоочу катары катышкан тажрыйбасы бар.