ЕККУнун Шайлоолор боюнча департаментинин башчысы Александр Шлык «Эмне үчүн шайланып, саясатка аралашкан аялдардын саны аз?»

2020-ж., 28-August

ЕККУнун Шайлоолор боюнча департаментинин башчысы Александр Шлык онлайн-талкуу учурунда. Фото: Махабат Мурзаканова/БУУӨП Кыргызстан

Аялдардын саясий турмушка катышуусун арттырууга арналган иш-чаралардын топтомун улантып, 2020-жылдын 27-августунда «Аялдардын шайлоого катышуусу эл аралык байкоонун келечегинен алып караганда» аттуу темада онлайн-талкуу уюштурулду. Талкуунун жаздырылып алынган тасмасын Facebook баракчасынан көрүп алууга болот. Маекти ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Шайлоолор боюнча департаментинин башчысы Александр Шлык алып барды.

Талкуу учурунда Александр Шлык онлайн-талкууну катышуучулары менен эл аралык байкоо жүргүзүү тажрыйбасы менен бөлүштү:

«ЕККУга катыштыгы бар болгон бардык мамлекеттер бирдей кабыл алгандай, адилеттүү жана демократиялык коомдун түзүлүшүнүн маанилүү жагдайы бул – айымдар менен эркектердин тең укуктуулугу. Гендердик маселелер шайлоо процесинин бардык тармактарына таасир эткени үчүн шайлоолорго көзөмөл жүргүзүү миссиясынын ажырагыс бөлүгү болуп дагы саналат».

Катышуучулар талкууга активдүү катышып, эмне себептен саясатка аралашкан аялдар аз экендиги туурасында өз ой-пикирлерин билдиришти. Талкуу учурунда катышуучулардын бири мындай деп белгиледи: «Кыргызстандын тажрыйбасын карасак, эркектердин гендердик тең салмактуулук менен аялдардын саясий катышуусун арттыруу маанилүү экендигин түшүнүүсү жана бул боюнча аң-сезиминин өзгөрүшү өтө жай ыргакта жүрүп жаткандай сезилет. Тилекке каршы, ички демократия жана лидер эркектердин позициясы буга далил болууда». 

Катышуучулар талкууга активдүү катышып, эмне себептен саясатка аралашкан аялдар аз экендиги туурасында өз ой-пикирлерин билдиришти. Фото: Махабат Мурзаканова/БУУӨП Кыргызстан

Ошондой эле катышуучулар аялдар ЖМКда азыраак активдүү болуу менен өздөрүн илгерилетүү үчүн жетиштүү ресурстары жок экендигин кызуу талкуулап, бул болсо алардын популярдуу менен элге таанымал инсан болушуна терс таасирин тийгизе тургандыгын жана ушундан улам алар шайлоого катышып, саясатка аралашууну каалабастыгын, анын үстүнө буга кошумча катары аялдар негизги милдетим деп эсептеген үй жумуштары да бар экендигин белгилешти.

Аталган иш-чара БУУӨП тарабынан Швейцариянын, Япониянын жана Германиянын өкмөттөрүнүн колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан Кыргыз Республикасындагы Шайлоолорго жардамдашуу программасынын алкагында уюштурулган. Программа Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-2021-жылдардагы жергиликтүү жана парламенттик шайлоолорду технологияларды пайдалануу менен өткөрүү боюнча дараметин өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүгө багытталган. Бул жабдуу шайлоочуларды биометриянын негизинде идентификациялоо моделинин туруктуу колдонулушун, ошондой эле адилет, таза жана ачык-айрым шайлоону өткөрүүгө көмөктөшкөн башка факторлорду камсыздайт, анын ичинде аялдардын шайлоочу жана талаптарга шайкеш келген талапкер катары укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардамдашат.

Биографиялык маалымдама:

Александр Шлык, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) Шайлоолор боюнча департаментинин башчысы. ДИАУБда 2010-жылдан баштап иштейт. Башка көптөгөн өлкөлөрдүн катарында Александр Шлык КР БШКнын ЕККУга Кыргызстандагы президенттик шайлоого эл аралык байкоочуларды жиберүү жөнүндө кайрылган өтүнүчүнө жооп катары Кыргызстанга 2017-жылы келип кеткен. Ошондой эле ал 2016-жылы Өзбекстандагы президенттик шайлоолордо да ДИАУБ миссиясын жетектеген. Александрдын мол тажрыйбасы кыргызстандык катышуучулар үчүн презентацияны абдан кызыктуу жана пайдалуу кылууга мүмкүндүк берет.