БУУӨП таштандыларды туура колдонуу боюнча эко-сынак жарыялайт

2020-ж., 13-July

9 июль. Бишкек. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү Программасы новаторлорду, жеке секторду, жарандык коомдун өкүлдөрүн таштандыларды туура колдонуу боюнча эко-сынакка катышууга чакырат. Сынак таштандыларды туура башкаруунун ар түрдүү жана натыйжалуу идеяларын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Бишкекте күн сайын 1000 тонна таштанды чогулат, ал эми өлкөдө 100 миллиондон ашык таштандылар жыйналат, алардын баардыгы таштанды полигонунда жайгашкан. Жыл сайын Бишкек шаарынын калкы көбөйүп жатат, бул өз кезегинде таштандылардын көбөйүшүнө алып келет.

 Эко-сынактын максаты таштандыларды башкаруу жана туура колдонуу боюнча инновациялык идеяларды издеп табуу.

Биз көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун төмөнкү багыттар боюнча издейбиз :

  • Калдыктарды өзүнчө чогултуу боюнча түшүндүрүү иштери;
  • Таштандылардын санын азайтуу;
  • Материалдарды кайра иштетүү жана кайра колдонуунун пайызын жогорулатуу;
  • Таштандыларды өзүнчө чогултуунун инфраструктурасын жакшыртуу;
  • Иштеп жаткан же жаңы ишканаларга кайра иштетүү, сорттоо, өндүрүү боюнча жаңы технологияларды киргизүү жана аларды колдонуу.

Долбоор 2020 жылдын август айынан ноябрь айына чейин ишке ашырылат, ал эми сынактын жеңүүчүлөрү долбоорду ишке ашырууга 3000 доллардан 5000 долларга чейин ээ болушат. Бардык сунуштар 2020 жылдын, 7 Августка чейин innovationcall2020@gmail.com  катталышы керек. Кошумча критерийлер БУУӨПтүн веб-сайтында жайгашкан. Документтер төмөнкүлөрдү камтыш керек: долбоордун планы, бюджет, команданын мүмкүнчүлүктөрү, иш тажрыйба.

БУУӨП Кыргызстандын жашоочуларынын экологиялык билимин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат жана билим берүү демилгелери, сынактары аркылуу айлана-чөйрөгө жоопкерчилик менен мамиле кылууга үндөйт. Бул экологиялык демилге “Жашыл экономика үчүн өнөктөштүк иш-аракеттери” долбоорунун алкагында ишке ашырылат (https://www.un-page.org).