Пандемия мезгилинде юридикалык жардам: Борбор Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасы

2020-ж., 30-July

В Сокулукском центре ГГЮП. Фото: Чынтемир Калбаев / ПРООН Кыргызстан

Кыргызстан Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши 2020-жылдын 21 жана 22-июлунда Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын адвокаттары үчүн эки вебинар өткөрдү. Иш-чаралар Финляндия ТИМи менен БУУӨПтүн “Кыргыз Республикасындагы сот адилеттигине туруктуу жетүүгө карай” долбоорунун көмөктөшүүсү менен өттү.

«COVID-19 мезгилинде МКЮЖ адвокаттарынын МКЮЖ КБ координаторлору менен өз ара иштешүүсү. Адвокаттын ишинин сапатынын стандарттарын сактоо» деп аталган биринчи вебинарда катышуучулар Кыргызстандагы ӨК жана ӨА учурундагы адвокаттардын ишиндеги негизги көйгөйлөрдү талкуулашты.  МКЮЖ адвокаты жана Чүй облусунун Адвокатурасынын мүчөсү Джылышева Элина адвокаттарга конституциялык баалуулук болгон өмүргө жана ден-соолукка укук менен, экинчи жагынан, квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө болгон укуктун ортосунда тең салмактуулукту кармоого туура келүүдө деген пикирин билдирди. 

Гульнара Амираева, Кыргызыстандык юрист. Фото: Zoom жыйналышына скриншот.

Тажикстан Республикасынан келген адвокат Юсуф Каюмов ӨК менен ӨА режими киргизилбеген шарттарда ишмердикти чектөө чаралары, анын ичинде судьялардын, адвокаттардын ооруп калышына байланыштуу чектөө иши кандайча жүргүзүлгөндүгү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал, тилекке каршы, Тажикстанда ишти бардык жерде онлайн режимге өткөрүү мүмкүн эмес болгондугун, бул, бир чети, интернеттин кымбаттыгына да байланыштуу экендигин баса белгиледи.

Казакстан Республикасынан келген адвокат жана “Борбордук Азия юристтеринин лигасы” АК Башкармалыгынын мүчөсү Анжелика Рахимбердина адвокаттардын ӨК мезгилиндеги иши тууралуу айтып берди. «Адвокатура үчүн жарандардын өмүргө жана ден-соолукка  болгон укугун камсыздоо зарылдыгы бар жаңы шарттарда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнү токтотпоо маанилүү болду. Мында Казакстандын башка жарандары сыяктуу эле адвокаттар да кирешесиз калгандыгына байланыштуу социалдык жөлөкпул алуу, ошондой эле салыктардан бошотуу жана онлайн форматта иштөө өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу болушту». 

Акжол Калбеков, Кыргызстандагы МКЮЖ КБ директору. Фото: Алтынай Акматова

Эки иш-чара тең МКЮЖ менен МКЮЖ КБ адвокаттарынын ортосунда натыйжалуу өз ара иштешүүнү жөнгө салуу максатын көздөдү, ал эми алардын жыйынтыгы боюнча КРА Адвокаттар кеңешине, МКЮЖ КБга мындай жолугушууларды такай өткөрүп туруу жана МКЮЖ КБ координаторлорунун аймактык адвокатуралар менен өз ара иштешүүсүн жакшыртуу боюнча сунуштамалар берилди.

Катышуучулар мындай вебинарлардын учурдагы жумушчу маселелерди талкуулап, пандемия учурунда бири-бирин колдоо жана тилектештигин билдирүү үчүн аянтча катары баалуулугун белгилешти.