БУУӨП жана СПИД, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүү боюнча Глобалдык Фонд COVID-19 учурунда “кызыл аймакта” иштеген доктурларды колдоодо

2020-ж., 28-July

Беткаптар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди. Сүрөт: ЖАМК КР.

БУУӨП жана СПИД, кургак учук жана малярияга каршы күрөшкөн Глобалдык Фонд (СКМГФ) саламаттык сактоо кызматкерлерин жеке коргоо каражаттары (ЖКК) жана обсервация менен камсыздап келет жана ошондой эле COVID-19 тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу боюнча жана психологиялык семинарларды өткөрүүнү пландоодо.

Бул жумада БУУӨП COVID-19 пациенттери менен иштеп жаткан мекемелерге жалпысынан 50,000 хирургиялык беткабын өткөрүп берет: 20,000 беткап Улуттук фтизиатрия борборуна, 20,000 беткап Республикалык СПИД борборуна жана 10,000 даана беткап Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматына бөлүштүрүлөт. Беткаптар муктаждыкка жараша аймактарга таратылмакчы.

Бул жардам буга чейин берилген 10 жасалма дем алдыруучу аспаптары, 6550 ПЦР тесттери, беткаптар жана респираторлорго кошумча катары берилип, БУУӨПтүн “Кыргыз Республикасындагы АИВ жана кургак учукту натыйжалуу көзөмөлгө алуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Долбоор СПИД, кургак учук жана малярияга каршы күрөшкөн Глобалдык Фонд тарабынан каржыланып келет. Бул долбоордун алкагында сентябрь айында кургак учук жана АИВ тармагында иштеген доктурларга кошумча жеке коргоо каражаттарын өткөрүп берүү пландалууда.

Медициналык кызматкерлерге жардам

СКМГФ тарабынан каржыланган БУУӨП долбоору учурда “кызыл аймакта” иштеп жаткан саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн эки обсервацияны камсыз кылып жатат. Эки жумага созулган обсервация дарыгерлердин калыбына келүүсү жана COVID-19 пациенттери менен иштегенден кийин үй-бүлө мүчөлөрүнө вирусту жугузбоосуна шарт түзөт. “Кызыл аймакта” иштеген доктурлар илдетти башкаларга жугузбоо үчүн оорукана аймагынан чыгышпайт, андан кийин карантин аймагына барышат.

Коронавирус менен ооругандарды алгач кабыл алган Улуттук фтизиатрия борборунун медициналык кызматкерлеринен турган 5 бригада (жалпысынан 50 киши) үчүн БУУӨП / Глобалдык Фонд долбоору 14 күнгө созулган обсервацияны мейманканада уюштуруп, аларды үч маал тамак менен камсыздап жатат. Долбоор буга кошумча Республикалык наркология борборунун 42 кызматкери үчүн обсервацияны каржылык жактан колдоодо. Борбор учурда 120 COVID-19  пациентин тейлеп жатат.

COVID-19 илдети менен алдыңкы планда күрөшүп жаткан доктурларды колдоо үчүн БУУӨП / Глобалдык Фонд долбоору тынымсыз онлайн окутууларды уюштурмакчы. Бул COVID-19, психологиялык семинар жана психологиялык колдоону ичине камтыйт.