Батыш Тянь-Шандын токойлорунда өрт коопсуздугун күчөтүү

2020-ж., 21-July

БУУӨПтүн талаа адиси Таалайбек Аманов Батыш Тянь-Шандын токойчуларына өрт өчүргүчтөрдү тапшырууда. Фото: БУУӨП Кыргызстан

Өрт коопсуздугу Батыш Тянь-Шандын токойлорун сактоодо жана кеңейтүүдө негизги орунду ээлейт. Токой өртүн алдын алууда жана аны менен күрөшүүдө егерлер жана токойчулар маанилүү ролду ойношот. Бирок өрт коопсуздугу боюнча билимдин жетишсиздигинен жана керектүү шаймандардын жоктугунан, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жана токой чарбаларында өрттүн алдын алуу иштерин жүргүзүү өтө кыйынга турчу.

БУУӨП жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттик (Мамагенттик) егерлер жана токойчулар үчүн өрт коопсуздугу боюнча бир катар тренингдерди өткөрүшүп, Алатай жана Кан-Ачуу жаратылыш парктарына, ошондой эле Токтогул жана Тогуз-Торо токой чарбаларына өрт өчүргүчтөрдү тартуулашты.

«Биз үчүн мындай колдоо өз учурунда, айрыкча өрт коркунучтуу мезгилде болду. Бизге берилген өрт өчүргүчтөр колдонууга өтө ыңгайлуу экен. Аны рюкзак сыяктуу эле артка асып, атайын унаа бара албаган жерлерге жетсе болот. Чакан өрттөрдү өчүрүүгө ичиндеги суу жетиштүү. Негизинен, бул туристтер, жергиликтүү эс алуучулар же жайыт пайдалануучулар калтырып кеткен оттон чыгышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу биз биринчи кезекте өрттүн алдын алуу боюнча чараларды көрүп, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп туруубуз зарыл», - дейт Тогуз-Торо токой чарбасынын директору Тагайбек уулу Дамир.

БУУӨПтүн ыктыярчысы Алтынай Жеңишова Тогуз-Торо токой чарбасынын токойчуларына өрт өчүргүчтөрүн жана талаа шаймандарын тапшыруу учурунда. Фото: БУУӨП Кыргызстан

Лесхоздун директору, ошондой эле өрт өчүргүчтөрдөн тышкары алынган чатырлар, уктоочу каптар жана дүрбүлөр токойчуларга алыскы аймактарда рейддерди жүргүзүүгө чоң жардам берет деп белгиледи. Бул, албетте, жапайы жаратылыштын токой байлыгын сактоого оң таасирин берери шексиз.

ПРООН-ГЭФ долбоорунун максаттарынын бири - Батыш Тянь-Шандын уникалдуу биоартүрдүүлүгүн сактоо үчүн анын токойлорун калыбына келтирүү. Бул биринчи кезекте, жапайы жаныбарлардын көчүшү үчүн ыңгайлуу буфердик зоналарды жана коридорлорду түзүүдө маанилүү. Токой аянттарын кеңейтүү Батыш Тянь-Шандын эндемикалык карагайлардын жана башка жаңгак жана ийне жалбырактуу дарактардын деградациясы сыяктуу көйгөйлүү маселелерди чечүүгө көмөктөшөт.

Токтогул токой чарбасынын инженери Бочоев Сарыбек жаңы өрт өчүргүчтү текшерип жатат. Фото: БУУӨП Кыргызстан

Деградацияланган токойлорду калыбына келтирүү боюнча иштер Батыш Тянь-Шандын биоартүрдүүлүгүн сактоонун беш жылдык долбоору боюнча жүргүзүлүүдө, ал Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат жана БУУӨП жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттик (Мамагенттик) тарабынан ишке ашырылат. Улуттук жана жергиликтүү өнөктөштөрдүн жардам көрсөтүүсүнөн улам, Мамагенттик жана БУУӨП 500 гектар аянтта токой иштерин уюштурууну жана жүргүзүүнү, ошондой эле ак илбирстердин жана башка жапайы жаныбарлардын миграциясы үчүн коридор катары Батыш Тянь-Шанда 5 миңге жакын га деградацияланган токойлорду калыбына келтирүүнү пландаштырууда. Долбоор тууралуу кененирээк шилтемеде.

Батыш Тянь-Шань жөнүндө

Батыш Тянь-Шань эндемизмдин жогорку деңгээли жана бай флора жана фауна менен айырмаланган тоо системасы. Регион ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурасынын тизмесине кирет, биоартүрдүүлүктүн 34 глобалдык Олуттуу жерлеринин бири (Biodiversity Hotspots) жана Жапайы жаратылыштын Дүйнөлүк фондунун версиясы (WWF) боюнча Global 200 дүйнөлүк экорегиондордун рейтингине киргизилген. Батыш Тянь-Шандын аймагында жок болуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын 27 түрү байыр алган жана өсүмдүктөрдүн Кызыл китепке кирген 54 түрү өсөт.

***

Байланыш маалымат:

Мирлан Дыйканбаев

ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы коммуникация боюнча улуттук консультанты (+996) 779 66 55 99

 mirlan.dyikanbaev@undp.org