Европарламенттин мурдагы депутаты: «Айымдар өз кызыкчылыктарын өздөрү коргош керек, алардын ордуна муну эч ким кылып бербейт»

2020-ж., 22-July

Европа Биримдикте айымдардын лидерлиги тууралуу онлайн-талкуу учурунда спикер Ребекка Хармс сөз сүйлөп жаткан учуру, июль 2020. Фото: Махабат Мурзаканова/БУУӨП Кыргызстан

Айымдардын саясий турмушка катышуусун жогорулатууга арналган иш-чаралардын уландысы катары 2020-жылдын 16-июлунда «Европа Биримдикте айымдардын лидерлиги » аттуу онлайн-талкуу болуп өттү. Талкууну Европарламенттин мурдагы депутаты, германиялык саясатчы айым Ребекка Хармс жүргүздү.

Европа Биримдиктеги айымдардын лидерлиги тууралуу сөз кылып жатып, Ребекка Хармс иш-чаранын катышуучулары арасында тажрыйбасы менен бөлүштү:

 «Айымдардын лидерлигин илгерилетүү үчүн партиянын жүргүзгөн саясатына жараша жаш айымдарды окутуу жана келечекке даярдоо керек. Айымарды алдыга сүрөө жана окутуу абдан маанилүү. Айымдар өз кызыкчылыктарын өздөрү коргош керек, алардын ордуна муну эч ким кылып бербейт. Жаш айымдардын өнүгүп, өсүшү үчүн үй-бүлө менен карьерасын бирдей алып кеткен саясатчы айымдардын үлгү болушу абдан маанилүү».

Талкууга өлкөнүн саясатына, айрыкча шайлоолорго активдүү катышууну каалаган 36 кыргызстандык айым катышты. Талкуу учурунда катышуучулардын бири иш-чара тууралуу өз ой-пикирин билдирди: «Спикер айымдын чынчылдыгы үчүн ыраазычылык билдирем, айтылган тезистердин көбү менин жеке тажрыйбама шайкеш келет экен, сиздерге ийгилик каалайм!»

Талкууга өлкөнүн саясатына, айрыкча шайлоолорго активдүү катышууну каалаган 36 кыргызстандык айым катышты. Фото: Махабат Мурзаканова/БУУӨП Кыргызстан

Онлайн-талкуу Facebook баракчасында түз эфирде көрсөтүлдү жана ал аяктаган соң көрүүчүлөрдүн кеңири катмарын камтуу максатында жаздырылып алынды.

Бул иш-чара Швейцариянын, Япониянын жана Германиянын өкмөттөрүнүн колдоосу менен БУУӨП тарабынан жургүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго жардам көрсөтүү Программасынын алкагында уюштурулган. Программа технологияларды пайдалануу аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына анын потенциалын жогорулатууга, 2020-2021-жылдардагы жергиликтүү жана парламенттик шайлоолордо колдоо көрсөтүүгө багытталган. Бул жабдуу биометриянын негизинде шайлоочуларды идентификациялоо моделин туруктуу пайдаланууну камсыздоого, ошондой эле аялдардын шайлоочу катары жана талапкерлердин талаптарына жооп берген укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү камтыган эркин, чынчыл, ишенимге татыктуу жана таза шайлоолорду ишке ашыруучу башка факторлорду да колдоого жардам берет.

Биографиялык маалымат:

Ребекка Хармс (1956 жылдын 7 декабрында төрөлгөн), Германиядан Европа Биримдигинин мурдагы саясатчы айымы. Ал Европалык жашылдар партиясынын бөлүгү болгон Альянс 90 аттуу уюмдун мүчөсү. 2010 жылдан 2016 жылга чейин Ребекка “The Greens” – аттуу Европарламенттеги Европалык эркин альянс тобунун президенти болгон. 2017 жылдын башынан тарта ал Армения, Азеребайжан, Грузия, Молдова жана Украина менен байланыш түзгөн Евронест аттуу парламенттик ассамблеясынын төрагасы катары кызмат өтөп келет.