БУУӨП жана СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонду COVID-19 менен күрөшүү үчүн ИВЛ жабдыктарын жана ПЦР тесттерин тапшырышты

2020-ж., 16-June

Луиз Чемберлен, БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү, жана Усенбаев Нурболот Толошевич, Саламаттыкты сактоо Министринин орун басары

БУУӨП тарабынан 2018-жылдын июлунан 2020-жылдын декабрь айына чейин ишке ашырылып жаткан жана  Глобалдык Фонд колдогон  "Кыргыз Республикасындагы АИВ жана кургак учукту натыйжалуу көзөмөлдөө " долбоору алкагында Кыргызстанга 8 жасалма дем алдыруучу аппараттары жана СOVID-19 диагностикасы үчүн 6550 ПЦР-тесттери берилди. Жалпы баасы 266,438 АКШ долларын түзгөн диагностикалык тесттер жана медициналык жабдыктар өлкөнүн COVID-19 эпидемиясына даярдыгын күчөтүү үчүн аймактарга таратылат.

“Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, АИВ жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Координациялык механизмдин же СККнын колдоосун жогору баалагым келет, ал Глобалдык Фонддун ресурстарын ушул багытка багыттоо үчүн улуттук COVID-19 реакциясын жандандырууга үндөдү. Ошондой эле, БУУӨПтүн Глобалдык Фондунун программалык тобун жана биздин сатып алууларды колдоо боюнча глобалдык кеңсебизди, сатып алууларга жана транспорттук кыйынчылыктарга карабастан, жабдууларды коопсуздугун камсыздап, жеткирип бергенге ыраазычылык билдирем. Биз БУУӨПтүн техникалык, административдик жана практикалык дараметин кризиске тез жана натыйжалуу жооп берүүгө, ошондой эле өлкөнүн жаңы өнөктөштөрү жана донорлор менен тыгыз ишти көрсөттүк”, -

деди Луиз Чемберлен, БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү.

Медициналык шаймандар 16-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылды. Жасалма дем алдыруучу жабдыктар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт: Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык оорукана үчүн 2 даана, Бишкектеги Улуттук кургак учук борбору үчүн 2 даана, Ош облусуна 2 даана жана Жалал-Абад облусу үчүн 2 даана. Пенитенциардык тутумга кошумча 2 жабдык берилет. Бул жабдыктар дем алуу органдары жабыркаган бейтаптарга жардам берүү үчүн колдонулат.

Буга чейин БУУӨП, Глобалдык Фонддун долбоорунун алкагында COVID-19 менен тыгыз байланышта болгон медициналык кызматкерлер үчүн 50,000 хирургиялык маскалар жана 2000 FFP2 респираторлорун тапшырган.

АИВ жана кургак учук менен ооруган адамдарга туруктуу колдоо көрсөтүү

Пандемия жарыялангандан кийин, СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Дүйнөлүк Фонд тез арада чара көрүп, бенефициар өлкөлөргө күтүлбөгөн COVID-19 илдетине каршы күрөшүү үчүн топтолгон каражаттарды бөлүштүрүүгө жана пландаштырылган каржылоого мүмкүндүк берди. ВИЧ жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Өлкөнүн Координациялык Механизминин өтүнүчү боюнча, долбоор өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткандарга жалпы суммасы 420 000 АКШ долларын түзгөн материалдык жардам берди.

БУУӨП /Глобалдык Фонд  ошондой эле өнөктөштөр менен тыгыз иштешип өлкөдөгү  ВИЧ жана кургак учук эпидемиясына болгон жооп чараларын  ыңгайлаштырып,  бейтаптарга үзгүлтүксүз дарылоону, оор кырдаалга карабастан, калктын аярлуу топторун өз убагында аныктоо жана алдын алууну камсыз кылат. Ушул максатта, дары-дармектерин узак мөөнөттө алган бейтаптарды колдоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн, дарылоонун инновациялык ыкмалары жана видеобайкоо колдонулуп жатат.

Кургак учук жана ВИЧ менен ооругандар иммундук системасынын  начарлашынан улам, экинчи ирет инфекцияларга дуушар болушат,   ошондуктан аларды COVID-19 дан коргоо артыкчылыктуу болуп саналат. Алдын алуу жана кам көрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү, өз убагында жана так диагноз коюу, үзгүлтүксүз дарылоо, колдоо жана билим берүү, оор кырдаалга кабылган бейтаптарга каржылык жана гуманитардык жардам көрсөтүү ушул жаңы шартта ашыкча чыгымдардын жок болушун камсыз кылуу үчүн маанилүү. Акыркы он жылдыкта ВИЧ жана кургак учукка каршы күрөшүүдө көптөгөн жетишкендиктер болду жана БУУӨП / Глобалдык Фонд COVID-19 пандемиясынан улам эч кандай терс  таасирлер болбошу үчүн болгон аракеттерди жасап жатат.