БУУӨП жана СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык Фонд тарабынан пенитенциардык системага өпкөнү жасалма дем алдыруучу эки аппараты алынды

2020-ж., 19-June

БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн орун басары Женти Кирш-Вуд жана милициянын генерал-мэри жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаев. Сүрөт: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан

Жума күнү 19-июнда, БУУӨП жана СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд пенитенциардык система ооруканасына жалпы суммасы 47 616.83 долларга өпкөнү жасалма дем алдыруу эки аппаратын бекер берди. Бул өтө маанилүү аппараттар Covid-19 жана башка респиратордук дистресске алып келүүчү оорулар менен ооругандарга жардам берүү үчүн колдонулат.

 " БУУӨПтө биз бардык адамдарга, анын ичинде аялуу топторго медициналык жардам көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Covid-19ду жок кылуу боюнча дүйнөлүк бул глобалдуу шарттарда эч ким артта калбашы керек"- деди Женти Кирш-Вуд , Кыргыз Республикасындагы БУУӨПнын туруктуу өкүлүнүн орун басары.

Ушул жуманын башында БУУӨП өзүнүн СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонду каржылаган "Кыргыз Республикасындагы АИВ жана кургак учукту натыйжалуу контролдоо" долбоорунун алкагында жарандык саламаттыкты сактоо системасы үчүн  кошумча өпкөнү жасалма дем алдыруу сегиз аппаратын жана Covid-19 үчүн 6550 ПЧР тестин берди. Мурда 50 000 хирургиялык бет каптар жана 2000 FFP2 респираторлору бекер берилген.

БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн орун басары Женти Кирш-Вуд жергиликтүү телеканал менен маектешүү учурунда. Сүрөт: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан

Камактагы адамдарга туруктуу колдоо көрсөтүү

БУУӨП / Глобалдык Фонддун долбоору пенитенциардык системанын АИВ жана кургак учуктун алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо боюнча 14 мекемеси менен иштейт. Бул иш-аракеттердин алкагында БУУӨП АИВ жана дары-дармекке туруктуу кургак учук менен ооруган камактагы адамдарды сапаттуу дарылоону жана контролдук тесттерди камсыздайт.

Профилактикалык иш-чараларга үзгүлтүксүз тестирлөө жана консультациялоо кирет. 2020-жылдын биринчи кварталында 141 соттолгон адам АИВге тесттен өткөрүлүп, АИВ диагнозу коюлган 10 адам дарылана башташкан. Долбоор ошондой эле баңги заттарды сайынган камактагы адамдарга алмаштыруучу метадон терапиясын камсыз кылат, бул АИВ жана башка кан аркылуу жугуучу инфекцияларга чалдыгуу коркунучун төмөндөтөт. Бул дарылоо менен 363 адам 2020-жылдын алгачкы беш айында пайдаланышкан.

Күтүлбөгөн Covid-19 пандемиясынын жана жаңы вирустун жайылышын чектөө үчүн карантиндин чараларына карабастан, пенитенциардык системада медициналык кызматтар үзгүлтүккө учураган жок. Долбоор алкагында ошондой эле пенитенциардык системанын медициналык кызматкерлерине жана камактагы адамдарга Covid-19 жөнүндө алдын-ала маалымат берилди.

ЖАМКнын башчысы жана милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев менен жолугушуу. Сүрөт: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан

Covid-19га ыкчам реакция көрсөтүү

СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд жаңы пандемияга ыкчам түрдө реакция жасап, бенефициар-өлкөлөргө Covid-19 оорусунун күтүлбөгөн жерден чыгышына байланыштуу үнөмдөлгөн каражаттарды жана пландаштырылган каржылоону кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берди. АИВ жана кургак учук боюнча өлкөлөр аралык координациялык комитеттин суроо-талабы боюнча, долбоор Covid-19ге шашылыш реакция жасоо алкагында 420 000 АКШ доллары жалпы суммасында материалдык жардам көрсөткөн.

БУУӨП / Глобалдык Фонд проектиси өлкөдөгү АИВ жана кургак учук эпидемиясына өзүнүн жооп иретиндеги чараларын ыңгайлаштыруу максатында өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып,  оорулууларды үзгүлтүксүз дарылоону, өз убагында диагноз коюу жана оор кырдаалга карабастан калктын негизги топтору үчүн алдын алууну камсыздоодо.

Жабдыктарды ЖАМКга өткөрүп берүү жөнүндө документтерге кол коюу. Сүрөт: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан

 

Байланыш үчүн:

Айнагүл Абдрахманова

ainagul.abdrakhmanova@undp.org

+996 770 183 493