Бүгүн, 12-июнь, 2020-жылы БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен жана КР Юстиция министри Марат Жаманкулов мырза жолугушуп, Бишкектеги Акысыз юридикалык жардам борборуна визит жасашты. Ошондой эле, Луиз Чемберлен «Тилектештик автобусу» демилгесин колдоо үчүн эки мини автобусту Юстиция министрлигине тапшырды.
Тилектештик автобусу аркылуу юристтер, социалдык жумушчулар жана башка адистер өлкөдөгү айыл катмарларына барып акысыз юридикалык көмөк көрсөтүп келишет. Алар башка адистер жетпеген жерлерге барып, өлкөдөгү калктын үчтөн экиси жашаган аймактарда иш алып барышат. Жардам аялдар жана эркектерге юридикалык суроолор боюнча колдоо катары көрсөтүлүп, ошол эле учурда аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аларды коргоого басым коет. Мындан тышкары, демилгеде айылдагы жакырчылык, гендердик теңдик жана укуктук маселелердин айланасындагы кесилиш суроолорду чече билчү ийкемдүү ыкма колдонулат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Марат Жаманкулов БУУӨП жана министрликтин кызматташтыгынын жогорку деңгээлде натыйжалуу болгонун баса белгиледи. Ал БУУӨПтүн эксперттик колдоосу менен акысыз юридикалык жардам боюнча мыйзам иштелип чыгып, алыскы аймактарда жашаган жарандар мыйзам тууралуу гана билбестен, юридикалык колдоого да ээ болушкандыгын айтты.
БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү өз кезегинде акысыз юридикалык борборлорунун жана Тилектештик автобусунун Кыргыз Республикасы үчүн айкын ийгилик экендегин белгиледи:
“Бул демилге миңдеген аялдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк сыяктуу жарандык документтерди алууга жана жер укуктары, үй-бүлөлүк укук, ажырашуу жана балдарды колдоо, мурастоо, балдарды багуу жана зомбулуктан арылуу сыяктуу тармактарында өз укуктарын жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берди. Алардын укуктук билимин жогорулатуу жана бийлик менен элдин ортосундагы байланышты чыңдоо жаатында көрсөткөн кызматтары мындан ары дагы кеңейип, улана берет деп үмүттөнөбүз”, - деди Луиз Чемберлен.
Белгилей кетсек, БУУӨП Юстиция министрлиги менен 20 жылдан ашуун убакыт ичинде биргелешип иштеп, көрүнүктүү натыйжаларга жете алды: акысыз юридикалык жардам боюнча мыйзам кабыл алынып, айыл жергесинде жана алыскы аймактарда жашаган миңдеген адамдар мыйзам тууралуу билип жана укуктук колдоого ээ болушту. Жалпысынан Кыргызстандын шаарлары жана айылдарында 27 юридикалык борбор уюштурулду. Алардын 13ү БУУӨПтүн колдоосу менен ишке ашты.
Жолугушуу учурунда Министр жана БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү келечектеги стратегиялык кызматташтыкты талкуулашып, андан соң Чемберлен айым М. Жаманкулов мырзага эки кичи-автобустун ачкычын тапшырды. Бул демилге Тилектештик автобусунун ишин кеңейтүү үчүн Финляндия Өкмөтү жана БУУнун Тынчтыкты орнотуу Фондусунун каржылоосу менен ишке ашты.
Акысыз юридикалык жардам жана Тилектештик автобусу жөнүндө
“Кыргыз Республикасындагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу акыйкаттыкка карай жол” долбоору БУУӨП тарабынан ишке ашырылып, Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан колдоого алынган. Долбоор Юстиция министрлигине “Тилектештик автобусу” демилгеси аркылуу өлкө ичинде акысыз юридикалык жана укуктук маалымат берүүдө колдоо көрсөтүп келет. “Тилектештик автобусунун” негизги максаты – Кыргыз Республикасынын жарандарына акысыз укуктук жана юридикалык жардам берүүнүн туруктуу тутумун калк деңгээлинде иштеп чыгуу жана түзүү.
“Инклюзивдүү башкаруу жана зомбулуктуу экстремиздмин алдын-алуу” долбоору БУУнун Тынчтыкты орнотуу Фонду тарабынан каржыланып, зомбулуктуу экстремизмдин алдын-алуу үчүн улуттук жана жергиликтүү потенциалды бекемдөө, анын ичинде атайын жамааттардын акыйкаттыкка жетүүсүнө көмөктөшөт.
Тилектештик автобусу төмөндөгү укуктук учурларды камтыйт:
- документация (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт ж.б);
- кыймылсыз мүлк жана автоунааларды каттоо;
- социалдык жактан аярлуу топтор жана ошондой эле жакыр үй-бүлөлөр, балдар жана майыптуулугу бар адамдар;
- балдарды колдоо;
- сот жана укук коргоо органдарына кайрылуу;
- үй-бүлө маселелери;
- карыз алуу жана кайтаруу;
- мурас алуу жана эмгек маселелери;
- социалдык камсыздандыруу жана пенсия.
Тилектештик автобусу 2016-жылдан бери “2016-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук маданиятын өркүндөтүү концепциясынын” ички бөлүгү катары аткарылып келет. Документ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резолюциясы менен 2016-жылдын 14-мартында бекитилген.
Демилге ишин баштагандан бери Тилектештик автобусу Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына барып миңдеген жарандарга укуктук консультация өткөрүп келди.
Акысыз юридикалык жардам берүү борборлору
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы борборлор жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн. Борборлордун кызматтары менен КР жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана качкындар колдоно алышат.
Жардам укуктук суроолор боюнча жана сот органдарына кайрылуу, аппеляция берүү жана мамлекеттик жана муниципалдык органдарына арыз даярдоодо көрсөтүлөт.
Учурда өлкө боюнча 27 укуктук жардам борборлору иштеп жатат. Алар Бишкек, Ош, Токмок, Кант, Кара-Балта, Чолпон-Ата, Балыкчы, Кара-Суу, Ноокат, Жалал-Абад, Кербен, Кара-Көл, Баткен, Исфана, Кадамжай, Нарын шаарларында жана Беловодское, Сокулук, Кара-Кулжа, Гүлчө, Араван, Дароот-Коргон, Базар-Коргон жана Кочкор айылдарында жайгашкан.
Маалымат үчүн:
Чынтемир Калбаев, БУУӨПтүн байланыш боюнча ассистенти
+996775767605